Америкалыктар дүрбөлөңгө түшүп курал-жарак сатып алууга умтулуусу рекорддук даражага жетти

25
0

Америкалыктар дүрбөлөңгө түшүп курал-жарак сатып алууга умтулуусу рекорддук даражага жетти жана бул абал алар кандай гана коркууга түшүп жатканын, өлкөдө кандай гана бөлүнүп-жарылуу болуп жатканын көрсөтүп турат!

«Ал-Жазира нет» сайты хижрий 1441-жылы 17-зул-каъда, миладий 2020-жылы 8-июль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«АКШда курал-жарак соодасы ушул жылдын июнь айында 2019-жылдын ушул айына салыштырмалуу 145.3%га өскөн.

Бул маалымат шейшемби күнү Американын «Small Arms Analytics & Forecasting» компаниясынын отчётунда айтылды.

Бул отчётто март, апрель жана май айларындагы курал соодасы мурунку жылдын ушул дооруна салыштырмалуу 79%га өскөнү айтылды».

Роя гезити:

Америка калкы курал сатып алууга мынчалык катуу умтулуп жатканынан АКШдагы коркуу кескин жогорулаганын көрүү мүмкүн. Мындай абал Трамп администрациясы коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө ийгиликсиздикке учурашы, акыбетте өлкө экономикасы кескин зыян көрүп, он миллиондогон адамдар жумушсуздарга айланышы артынан пайда болду. Айрыкча, АКШ полициясы адамдарга текчилдик менен мамиле кылышы жана афроамерикалык Жорж Флойдду ачык-ашкере өлтүрүшү артынан АКШ коомунда – өлкөнүн бир нече штаттарында болуп өткөн нааразылык демонстрациялар, тартипсиздиктер, кагылышуулар, зомбулуктар, талап-тоноолор артынан – тынчсыздануу абалы жүзөгө келди… Булардын көрүнүп тургандай, Америка ооз көбүртүп мактанган ички туруктуулугу жасалма. Аллахтын уруксаты менен жакында жалындай турган бөлүнүп жарылуу оту тынчтык деген нерсенин жалганын ачыкка чыгарат.

 

Роя гезити, №295, 2020-жыл, 15-июль.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here