Америка Ямандагы Британия таянычтарын талкалоону улантууда

24
0

Америка Ямандагы Британия таянычтарын талкалоону улантууда

 Устаз Абдулхадий Хайдар

Ямандагы уруу жетекчилери башкарууга таасир өткөрүүдө маанилүү роль ойнойт. Англия бүткүл региондо күн мурунтадан жайгашкандыктан жана Түштүк Яманды басып алгандыктан уруулар аны менен мамиле түзүштү. Арийне, Англиянын Ямандагы өкүмдарлыгынын оң колу ушул уруу жетекчилери болду. Англия аларды акча менен байлап алды. Англия өзүнүн Сауд үй-бүлөсү, Саддам Хусейн, Каззафий сыяктуу малайларына уруу аксакалдарын акча менен камсыздоону буйруду. Бул уруулар накта англиячыл катмарга айланды, алардын арасынан ким Англияны жактоодон баш тартса, жок кылынды. Уруулардын Яман мамлекетинде таасири чоң болгон, себеби, армиядагы, коопсуздуктагы жана разведкадагы маанилүү кызматтарды ушул уруулар ээлеп алышкан, мансаптагылар биринчи орунда Хашид, экинчи Бакил уруусунан болгон. Ушул эки уруунун адамдары армия катарында болгон.

Америка муну жакшы түшүнүп жетип, анын өлкөдөгү малайлары болгон Хусийлерге жана тышкарыдагы Саудия сыяктуу малайларына бул урууларды жок кылуу вазыйпасын тапшырды. Айрыкча, Саудия «Чечкиндүүлүк бороону» коалициясынын негизги аракетин ушул урууларды жок кылууга каратып, аларга караштуу аскерий лагерлерди ойрон кылды, көптөгөн жетекчилерди өлтүрдү. Мисалы, Санъада өткөрүлүп жаткан таъзия ырасымына карата аба чабуулунда эле 581 адам каза болду, алардын арасында Англияга берилип кызмат кылган аскерий командачылар болгон.

Уруулар катмарын жок кылууга каратылган окуялардын эң акыркысын көрсөтүп өтөбүз, бул Байза вилаятында болду. Бул чабуул 2020-жылы 27-апрелде башталып 19-июнда бүттү. Бул чабуулда Хусийлер вилаятты ээлешти жана Ясир Ахмадсалим Авазий ачып кетти. Уруу шейхи Ясир Ахмадсалим Али Салихтин Элдик Конгресс партиясынын башкы катчысы, парламент депутаты болгон, Хусийлерге каршы кампанияга жетекчилик кылган, ал Англия малайларынын бири эле. Бул окуянын себеби ушул жылдын 27-апрелине барып такалат. Ал убакта Хусийлер Яман борборундагы Байза вилаятына караштуу Таффа администрациясында «ИШИМ» мүчөлөрүнө каршы кеңири көлөмдүү коопсуздук операциясын өткөргөн. Хусийлер өлкөдөгү аларга каршы болгон адамдардын баарын «ИШИМ» мүчөлөрү деп атоого адаттанган. Хусий күчтөрү Хусайн Асбахийди камакка алуу максатында үйүн курчоого алышты. Бирок, Хусайн Асбахий качып кетүүгө үлгүрдү. Хусий күчтөрү алгач үйдү аткылап, кийин чабуулга өтүштү, үйдө тинтүү өткөрүштү. Үйдө Жихад Асбахий деген аялдан башка эч кимди таба алышпады. Хусий күчтөрү Хусайн Асбахийдин келиндеринин бири болгон Жихад Асбахийди ошол жерде өлтүрүштү. Бул үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү Радман администрациясындагы Ал-Авваз шаарчасынын шейхи деген этибарда Ясир Ахмадсалимден коргоо сурашты. Жихад Асбахий үчүн өч алуу бүткүл коомдук маселеге айланды. Коом, эгер Хусийлер согушкерлерин он күн ичинде тыйбаса, аларга каршы согуш баштоо менен опузалады жана Жихад Асбахийди өлтүргөндөрдү тапшырууну шарт кылды. «Жалпы уруулар сапарбарлыгы» чакырыгына жооп катары Ямандын Маъраб, Жавф, Байза, Шабва жана Абин вилаяттарындагы уруулар бутка турду.

Хусийлер жамааты адатта бул сыяктуу маселелерди айлакердик менен чечүүдөн башташат, алгач адамдардын ачуусун басып, кийин күч колдонушат. Бул жерде да, Хусийлер бир тараптан коомдун позициясын ооздуктоо үчүн далдалчыларды жөнөтүшүп, экинчи тараптан, согуш планын түзүп, кээ бир адамдарды акчага сатып алышты, уруулардын биримдигин бузуу үчүн убакыттан утуп, натыйжада биримдикти да бузушту. Алар убакыттан майнаптуу пайдаланып, алты айдан кийин каршы чабуулга өтүштү жана Радман администрациясын ээлеп, Ясир Ахмадсалимдин үйүнө бастырып киришти. Ясир Ахмадсалим Маъраб вилаятына качып кетти. Ушул аркылуу Америка Хусийлердин колу менен Англияга малай уруулардын чоң бөлүгүн жок кылды.

Ушуну эске салуу зарыл, Хажжа шаарындагы Хужум уруусу да жок кылынды. Бул чабуул 2019-жылы январда башталып мартта бүттү, чабуулда уруу аксакалдары өлтүрүлдү, үйлөрү бомбаланды. Андан соң уруу аксакалы, жергиликтүү кеңештин мүчөсү жана Элдик Конгресс партиясынын мүчөсү Ахмад Салим Саканий өтө акааратталып, жийиркеничтүү түрдө Хусий согушкери тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин ошол жылдын апрелинде Имран уруусу жардамсыз калды. Имран уруулары менен Санъа уруулары чогулуп, Ахмад Салим өлтүрүлгөн жайда бир нече күн кун лагерь тигип турушту, өлтүргөн адамды тапшырууну талап кылышты, ал берилбеген соң, тарап кетишти. Андан мурда да, 2014-жылы 21-декабрда Хусийлер Санъага киришкенде Байтул Ахмар айылындагы Хашид уруусунун аксакалдарын өлтүрүшкөн. Алар өлкө сыртына качууга мажбур болушкан. Кийин Хусийлер Хашид жана Бакил урууларын кыргын кылууга киришти, айрымдарын туткундукка алышты, айрымдары качып кетти, калгандары өлүштү. Айрыкча, 2017-жылы декабрда Али Салих өлтүрүлгөн окуялар көптөгөн англиячыл уруулар үчүн катуу сокку болду.

Хусийлердин каршысында Хулан уруусу гана калды. Бул уруу дагы эле күчтүү болуп, Хусийлерге катуу душман болуп калууда. Бирок, Хусийлер Хуланга каршы согушту артка сүрүшүүдө. Ямандагы бардык урууларды биротоло жок кылуу, кийин алардын ордуна коопсуздук сакчыларын коюу үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жатышат. Бул коопсуздук сакчылары Хусийлерге караштуу болуп, аларга баш ийип сокурларча кызмат кылышат.

Белгилүү болгондой, бул уруу аксакалдары да Яманда сүрөттөөгө тил ажыз бузгунчулуктарды жасашкан. Убагында алар өлкө байлыктарын уурдап, кафир Батышка жардам берип келишти, ыплас сокур тыйын деп алардын колундагы куралдарга айланышты.

Мына ушундай позициялар себептүү Америка Англияга малай урууларды, негизинен, Хашид жана Бакилди жок кылууга өттү, аларды сатып алуу жөнүндө ойлободу.

1962-жылы Американын малайы Жамал Абдуннасир Мисир армиясын Ямандагы Мутаваккил Мамлекетин (Хамидуддин үй-бүлөсүн) жок кылууга сапарбар кылды. Бул Мамлекет Яман түндүгүн башкарып, түштүгүн болсо Англия басып алган эле. Мутаваккил Мамлекети жок кылынды, анын ордуна Исламий Республика алып келинди. Күрөш ушул жерден башталды. Бул күрөш Мисир аркылуу америкачыл аскерий күчтөр менен Англия малайлары ортосунда башталып, Англия малайларынын биринчи сабында Хашид жана Бакил урууларынын аксакалдары турушту. Алар Британияга Сауд Арабия аркылуу байланышты. Арийне, Британия өкүмдарлыкты колго алып, Америка малайларын четтетүүгө жетишти.

1974-жылы Америка Мисирде машыгуудан өткөн аскерлер аркылуу ыңкылап жасап, Ибрахим Хамдий бийликти ээледи. Бирок, 1977-жылы 11-октябрда Англия малайлары Хамдийдин өмүрүнө кол салышты. Бул малайлардын алдыңкылары Хамдий бийликке келгенде четтетилген уруу аксакалдары болду.

1994-жылы Америка Яман президентинин орун басары Али Салим Байзды өзүнө тартты жана бийликтен бөлүнгөн суверендүү башкарууну жарыялады. Бирок, бул согушта Англия малайлары, негизинен, Хашид жана Бакил уруулары жеңишке жетишишти. Себеби, Яман армиясындагы көпчүлүк командачылар мына ушул уруулардан болгон.

2000-жылы 12-октябрда АКШнын Адан портундагы турган кемеси жардырылды. Ошондо Америка кандай гана шылтоо болбосун, андан пайдаланып өз күчтөрүн Яманга киргиүүнү пландап жаткан. Бирок, анын каршысында күчтүү Хашид жана Бакил уруулары турганын көрдү. 2000-жылы 1-ноябрда Яман коопсуздук күчтөрү Адан аэродромуна АКШ вертолётторунун конушуна уруксат бербеди. Ошон жылдын 6-ноябрында аэродром администрациясы АКШнын дагы бир вертолёту конушуна уруксат бербеди жана бул апта ичиндеги экинчи окуя болду. Ушул окуялардан бир апта мурун Яман АКШнын аскерий самолёттору Яман аба мейкиндигине кирбөөсүн, киришсе душман сыяктуу бутага алынарын эскертти. Бир аз мурда Америка вертолётторунун бири жээк жанында айланып, аэродромдордун бирине конууга урунган. Арадан беш жыл өтүп, 2005-жылы 1-декабрда Англия малайы Али Салих мындай деди: «Америка Кошмо Штаттары өзүнүн «Коул» деген кемеси аркылуу шаарыбыз Аданды басып алууга урунган. Бирок, бул маселе дипломатиялык жолдор аркылуу чечилди».

Өкүнүчтүүсү, кафир Батышка кызмат кылуу үчүн мусулмандардын каны төгүлүүдө. Бул аң-сезим же наадандык менен болуп жатса да, бирок, эки абалда да натыйжа бирдей болууда. Демек, бүткүл мусулмандар бул малай акимдерди кулатып, Аллахтын Китеби, Расулунун сүннөтү менен башкарган, өмүрлөрдү жана намыстарды коргогон, Умматты кафир Батышка каршы сапарбар кылган Роббаний акимди тикелөөгө жоопкер. Биз, Умматты ушул акимди тикелөөгө жетектеп жаткан Хизб-ут-Тахрир, силер, мусулмандарды ушундай улуу фарзга аракет кылууга чакырабыз.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге чакырганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгүнүн ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»           [8:24]

 

Роя гезити, №294, 2020-жыл, 8-июль.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here