Т.Исмаилова: “Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилет”

28
0

Т.Исмаилова: “Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилет”

Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаров Өзбекстанда жерге берилет. Бул тууралуу “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова кабарлаган.

Анын айтымында, каза болгон укук коргоочунун өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы 27-июлда чыгат. Ошондон кийин, маркумдун жубайы Хадича Аскарова Азимжан Аскаровдун керээзи боюнча сөөгүн Өзбекстанда жерге берүү ниетинде.

Исмаилова: “27-июлда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине барып сүйлөшүп, Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанга салабыз. Ал аялына «мен жаман болуп жатам. Эгерде өлүп калсам балдарым сөөгүмдү Өзбекстанда жерге берсин» деп айткан сөздөрү бар», — деген.

Ал кесиптешинин өлүмү себептүү кыргыз өкмөт менен соттошо турганын, Кыргызстан түрмөлөрүндө айыбы далилденбеген дагы бир топ адамдар камалып отурганын кошумчалаган.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон.

Сереп: Азимжан Аскаров улуттар аралык жаңжалдын курмандыгына айланды. Ал киши адамдарды түзүмдүн зулумунан ушул түзүмдөгү адам укуктары боюнча резолюциялар менен коргоого аракет кылчу. Ишмердүүлүгүндө кээде кайраттанып кетип түзүмдүн Ислам жана мусулмандарга карата зулумун жоюуга киришип, залим күч түзүмдөрү жана таасирдүү орган кызматкерлери менен күрөшөт эле.

2010-жылы кыргыз жана өзбектин улутчул жетекчи тобу убактылуу өкмөт менен биригип Ош окуясын уюштурушту. Улуттар аралык кастык күчөп, жетекчи топтогу саясатчылар кырдаалдан пайдаланып, өздөрүнө жакпаган өзбек сепаратист саясатчылардан, байлардан жана башка күчтөрдөн тазаланып алууга аракет кылды. Алар бул максатына жетүүдө,Ош окуясынан кийин пайда болгон улуттар аралык кастык жана жаңжалдан пайдаланышты! Ошолордун бири Азимжан Аскаров эле.

Эми “адам укуктарын коргоочулар” биригип, Азимжан Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанга алып өтмөкчү болуп жатышат. Алар Аскаровду тирүүсүндө  түрмөдөн чыгара албаган соң, сөөгүн Өзбекстанга алып өтүү менен жоготкон аброюн кайрадан тикелеп алмакчы болушууда. Бирок, бул аракет улуттар аралык кастык кайра козголушуна себеп болору жана улуттар аралык кастык пайда кылышы мүмкүндүгү аларды кызыктырбай жатат.

Негизи Аскаров улуттун курмандыгына айланган жок. Ал түзүмдүн курмандыгына айланды. Түзүм өзү пайда кылган улуттар аралык кастыктан пайдаланып, өзүнө ыңгайсыз адам жана уюмдардан тазаланып алды. Аскаров өзү өмүр бою кызмат кылган системанын курмандыгына айланды десек туура болот!

Эми алар Аскаровдун сөөгүн да бербей, сөөктөн да өз максаты жолунда пайдаланмакчы болушууда. Негизи, сөөктү жайына узатуу тирүүлөрдүн милдети. Аскаров кандай адам болгондо да, мусулман эле. Аны кайсы жерге жана кандай шартта көмүү артында калган мусулмандардын милдети. Ар кандай мусулман өлгөн соң,  ал залим же фазил болушуна карабастан, эми ал өткөнгө айланды. Аны кепиндеп, шаръий өкүмгө ылайык жерге берүү тирүү мусулмандардын милдети.

Демократ куфр укук коргоочулар сөөктү бир нече күндөн бери кор кылып, өз максаты жолунда андан пайдаланмакчы болушууда. Мусулман адамдын сөөгүн бул динсиз адамдарга таштап коюп кадыржам отурушубуз жакшы эмес! Муну муфтий жана аалымдар кеңеши да өтө жакшы билишет. Бул абалга шарьий түс берүү алардын мойнундагы милдет!

Абдураззак Муъмин.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here