Пандемия КР: Карыздардын шарттары жана карыздарлык туткундары

49
0

Пандемия КР: Карыздардын шарттары жана карыздарлык туткундары

Кыргызстан бийлиги буга дейре жыл аягына чейин 650 млн долллар айланасында карыз аларын айтып келген эле. Эми бул көрсөткүч 742 млн долларга чыкты. Азыркы пандемия шартындагы бул карыздар аркылуу эки чоң кырсыкка карай баратканыбызды көрүүгө болот. Биринчиси, колонизаторлор мурунтан эле жүргүзүп келишкен карызга батыруу аркылуу кени-жерибизди тартып алуу жана калкыбызды кул кылуу саясаты уланып жатат. Экинчиси, “глобалисттердин” (т.а. империалист-капиталисттердин) дүйнө калкынын санын азайтуу, айрыкча, колониядагы үчүнчү дүйнө өлкөлөрү калктарынын санын кескин кыскартуу саясаты уланып жатат.

Буларды азыркы пандемия шартындагы карыздар мисалында карап чыгалы. Биринчисине токтолсок, ала турган 742 милллион доллар карыздын 506 миллиону бюджетти колдоого жумшала турган болууда. Б.а. айлык, пенсия, пособие ж.б.ларга жумшалат. Бул дегени, карызды алып, таркатып коюп олтуруп калабыз дегени.

Бул карыздардын андан кийинки ири бөлүгү ишкерликти колдоого жумшалмакчы. Муну жөнөкөй тил менен айтканда мындай болот. Баарыбызга белгилүү болгондой, бизде ишкерлик дегенде орто жана чакан бизнес назарда тутулат (экономикалык өнүгүүнүн башкы фактору болгон оор өнөржай деген жок бизде). Эми ошол биздеги орто жана чакан бизнестер колонизаторлор алып кирген бизнестерге эч бир атаандаштык кыла албайт. Ошондуктан, алар экономикабызды кризистен алып чыга турган нерсе эмес. Алардын ичинен бийликти баккан айрым  компаниялардын гана иши жүрүшөт. Алар аз пайыздуу үлкөн каражаттарды карызга алышат. Кен-байлыктарыбызды чийки сырьё же сырьё түрүндө ит бекер сатышат, жумушчу күчүбүздөн арзан пайдаланышат. Салыктардан да бошотулушат. Кийин карызды төлөгөнгө келгенде, жасалма банкротко учуратылат да, карыз мамлекет мойнуна илинет. Мамлекет элдин мойнуна илет. Азыр дүйнөдө өкүм сүрүп жаткан империалисттик капитализмдин табияты ушундай, андагы механизмдин өзү ушундай.

Ала турган карыздарыбыздын ичинен пандемияга каршы күрөшкө жумшала турганы да бар. Бирок, алар аз гана өлчөмдү түзүп, мунун себеби глобалисттердин максатына барып такалат. Жогоруда, экинчи бир кырсык – бул глобалисттердин дүйнө калкынын санын азайтуу максаты деп айтып өттүк. Келиңиздер, буга биргеликте назар салып көрөлү.

Азыр сырттан келе турган каражаттардын 330 млн доллары келип түшкөн. Калгандары кийинки транштар менен келмекчи. Келип түшкөн каражаттардын ичинен 113 миллиону ишкерликти колдоого ажыратылса, корнавируска каршы медициналык каражаттарды алууга 13 миллион доллар гана(!) бөлүнгөн. Мындан эмнени билүүгө болот? Демек, бул карыздардан эч кандай калктын саламаттыгы көздөлгөн эмес. Бул карыздар эл аралык уюмдар койгон шарттар аткарылса гана берилет. Алгачкы таранштардагы шарттар аткарылса гана кийинки транштарга жол ачылат.

Ушул орунда, учурда колдонуп жаткан карыздарыбыз үчүн кандай шарттар коюлганына бир сереп сала өтөлү. Коронавирус пандемия деп жарыяланары менен ДСУ “сунуш” демиш болуп, дүйнө мамлекеттерин өзү белгилеген карантинге мажбурлады. Бул айрыкча үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин экономикасына кыйраткыч сокку болуп тийди. Алар алдастап эл аралык уюмдардан карыз сурап башташты. Мына ошондо бул колонизаторлорлор өз максаттары жолунда, пандемия маалы үчүн түзгөн пландарын ишке ашырууга киришишти. Алардын максаты, вирус айынан болобу, же анын кесепетинен келип чыккан кризистер аркылуу болобу – кыскасы калктын санын азайтуу болду. Алар дүйнө мамлекеттерине берип жаткан карыздары үчүн коюлган шарттардын артында мына ушул максат жашырынды.

Муну Кыргызстан мисалынан эле карап көрөлү. Кыргызстан ушул карыздарга жетүү үчүн алар койгон шарттарды кабыл алды. Мисалы, вируска чалдыккандар тууралуу маалыматтарды таптакыр бекитип жатып алышты. Айрым адамдардын “мен оорубай эле жатам” деген видеолорун жылжытып чыгарып коюшту. Анан троллдору аркылуу “вирус жок” деген маалыматты таркатышты жана адамдарда вируска карата ишенбөөчүлүк пайда кылышты. (Чындыгында, ал адамдарды жасалма оорутушу да мүмкүн эле, анткени, вирустун кирип келүү сценарийсинин өзү жасалма болчу). Негизи болсо, жакында болгондой эле, катуу ооруп жаткан адамдарды, алардын насихаттарын ачык жарыялаш керек болчу жана вирус коркунучун адамдарга анык сездириш керек эле. Бирок, мунун тескерисинче болду. Натыйжада, өзгөчө абал алынары менен, адамдар тойлоп кетишти. Аларга да вирус кеңири тараганчалык убакытка атайын мөөнөт берилди. Ага каршы чындап күрөшүлгөн жок. Натыйжада, вирус кеңири жайылды (аны атайлап жайылтуу ыхтымалы да бар).

Жайылгандан кийин эмне болду? Адамдар больницалар алдында пневмониядан өлүп кетишти. Бирок, алар коронавирустан өлгөндөргө кошулбады. Эгер аларды да коронавируска киргизсе, анда ооруканаларга кезексиз кабыл алып, бекер дарылашы керек болуп калат эле. Бул бюджеттин чыгышысын талап кылат эле. Ал эми карыздар траншы алынышы үчүн, бюджеттин чыгашасы азайтылышы шарт. А негизи болсо, коронавирус өтүшүп барып, пневмония менен чалып жыгары дүйнөлүк практикадан белгилүү болчу. Ошондуктан, ушунча каражаттан пайдалануу менен ага карата даярдык көрүлушү керек болчу. Муну Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билбейт беле? Муну Кыргызстан бийлиги билбейт беле?!.

О.э. жогоруда белгилегенибиздей, алынган 330 млн доллар карыздын 13 миллиону гана медициналык каражаттар сатып алууга иштетилген. Ал эми, пневмониянын коронавирус себептүү болуп жатканы компьютердик томография аркылуу гана аныкталар эле. Ковид менен пневмония бириктирилгенге чейин пневмониядан 600дөн ашык адам кайтыш болуп кетти. Экөөнү кошкондо күнүмдүк жоготуу 83 адамга чейин жетти. Бүгүнгө келип, ковидден о дүйнө кеткендердин саны 1329 болду. Ал эми компьютердик томография болсо, а түгүл азырга чейин жетиштүү эмес. Мына кече 27-июлда президент менен премьер аймактарды компьютердик томография менен камсыз кылуу боюнча кеп козгошту. Бирок, ал аппарат мындан ары да жетиштүү болбойт.

Демек, мындан тыянак кылсак, колонизаторлордун калктын санын азайтуу планы ишке ашып жатканын жана биздин бийликтегилер алардын шарттарын кабыл алып, пландарын ишке ашырып берип жатканын көрүүгө болот.

Эй мусулмандар, силер дагы деле Исламыңарга жүздөнбөстөн, империалисттердин алдамчы тузактарына алданып жүрө берсеңер, анда көргөн балээңерден көрө элегиңер көп бойдон кала берет. Ошондуктан, Исламыңарды үйрөнгүлө жана ага талпынгыла. Ал империалист-капиталисттердин зулумунан куткаруунун бирден бир жолу жана дүйө-акырет бактылуулугуңардын ачкычыдыр. Мына ошондуктан да, кафир капиталисттер ушул пандемия шартында да Исламга каршы күрөшүп калууга жан үрөп жатышат. Мына ошондуктан да, таравих, ифтар, Орозо айт, Курбан айт, жума намаздары, айт намаздары, ал тургай Хаж ырасымын пандемия курмандыгына айландырышууда. А силер Исламыңарга жабышып, аларга каршы тургула! Эгер каршы турбастан, бир нерсесине моюн сунсаңар, улам кийинки нерсеңерди алып кете беришет, натыйжада эч нерсесиз каласыңар. Б.а. дүйнө жана акыретиңерди колдон чыгарасыңар, Аллах сактасын…

Абдулхакийм Караханий

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here