Хусийлер менен Сауд акимдери ортосунда кандай окшоштук бар?!

27
0

Басма сөз баянаты

Хусийлер менен Сауд акимдери ортосунда кандай окшоштук бар?!

Хусийлер өздөрүнүн спутник каналдары, баракчалары о.э. түрдүү кайрылуулары аркылуу маал-маалы менен көрүнүп турушат. Алардын акыркысы «Козголоң» гезитинин 2020-жылы 25-июнь күнкү санындагы макала болуп, анда Сауд акимдери бул жылы ажыларды Масжидул Харамдан жана хаж ибадатынан тосуп жатканы жөнүндө айтылган. О.э. Хусийлер Сауд үй-бүлөсү ажыларды ибадаттан биринчи ирет эмес, бир нече жыл мурун да жалган шылтоолорду айтып хаждан кайтарышканын баса белгилешти. О.э. мусулмандарды Аллахтын үйүн зыярат кылуудан тосуунун күнөөсүнө кылмышкер Сауд акимдери жоопкер экендиги жөнүндө айтышты.

Хусийлер өздөрүн Аллахтын дининин коргоочулары катары көрсөтүшсө да, жакшылап күзөткөн адам Хусийлер менен Сауд акимдери ортосунда көп окшоштуктар бар экенине күбө болот. Ошондой болгон соң, аларды бирдей нерсеге айлантып жаткан окшоштуктар эмнелер?

Оболу, экөөсү тең бийликке жетүүдө шаръий жолду карманышпаган. Алар бийликке жетүү үчүн шариятка тескери түрдө материалдык күч колдонушкан. Алар өз артында согуштун эки фронтунда өлтүрүлгөн жана жараат алган курмандарды калтырышкан. Сауд акимдери өз чептеринен кандай чыгышкан болсо, Хусийлер да ошондой чыгышты. Экөөсү тең бийликти ээлөөдөн башка нерсени ойлошподу. Абдулазиз Абдуррахман Ал Сауд Риязга кан төгүп кирип баргандай, Хусийлер да эсепсиз адамдарды өлтүрүштү. Хусийлер жана Сауд акимдери мусулмандардын канын төгүүнү адал кылышты, акыйкатта болсо, Аллах Таала аны арам кылган.

Сауд акимдери өздөрүнөн болбогон мусулмандарды кафир эсептешти о.э. алардын канын төгүштү, намысын тебелешти жана мал-мүлкүн талап-тоношту. Алар Меккеге киришкен соң, ал жердеги уламаларды алардын Исламына кирүүгө мажбурлашты. Абдулмалик Хусий жетектеген Хусийлер мусулмандар тообо кылышпаса, Хусийлерге кошулбаса жана алардын байрагы астында мусулмандарга каршы согуш кылышпаса, мунафык деп айыпташты.

Эки тарап т.а. Хусийлер менен Сауд акимдери бийликти алууда ички эмес, чет элдик факторго таянышты. Сауд акимдери бардык кармаштарда англистерге таянышкан. Хусийлерди болсо америкалыктар алып келген жана алар мусулмандардын амандыгын башкалардын колуна тапшырышкан.

Эки топ Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүү ураанын көтөрүп чыгышкан. Бирок, Сауд акимдери динди мамлекеттен бөлүүгө токтом кылышкандан кийин бийлик Абдулазиз жана анын урпагы үчүн калган болсо, фатва чыгаруу Мухаммад ибн Абдулваххаб шейхинин урпактарына калды. Хусийлер да алардын изин ээрчип, динди жашоодон бөлүүгө чечим кылышты. Натыйжада, башкаруу жарандык мамлекетке т.а. «Заманбап Яман мамлекетине» таандык болду. Ушул мамлекеттеги башкаруу эки бөлүккө бөлүндү, биринчи бөлүк жогорку саясий кеңеш болсо, экинчи бөлүк куръаний кыймыл болду. Куръаний кыймылга Саъда шаарынын Куфуф Миран деген жайынан болгон Абдулмалик жетекчилик кылды.

Эки топ тең түпкүлүгүндө адамдардан өзгөчөлөнгөн бир Уммат болгон мусулмандарды бөлүп жиберди. Сауд үй-бүлөсү алардан башка мусулмандарды адашышкан жана шиа (шиалар Расулуллах ﷺдан кийин башкаруу Али ибн Абу Талибге калышы керек дешет) деп эсептеген салафтар минхажы негизиндеги салафийлик түшүнүгүн кабыл алышты жана ага чакырышты. Алар Аллах Тааланын ушул аятын четке кагышты:

﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعاً وَلَا تَفَرَّقُوا﴾

«Бардыгыңар Аллахтын арканына байлангыла жана бөлүнбөгүлө!»                        [3:103]

Качан мусулман өлкөлөрүндө жаңы аким пайда болсо, Уммат аны мурдагы акимдердин кылмышына жана зулумдарына чекит коёт жана ааламдар Роббиси ыраазы болгон дин т.а. Ислам менен башкарат деп ойлоду.

﴿الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِيناً﴾

«Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, ниъматымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн (бир гана) Исламды дин кылып тандадым»                                            [5:3]

Бирок, ал аким башкарууга келген соң, зулум жана кылмыштарды мурункуга караганда көбүрөөк ишке ашырып, мусулмандарды Ислам сийратынан жана хидаятынан алыстатты.

Албетте Исламий Уммат Ислам менен башкара турган, саптарды бириктире турган жана Ла илаха иллаллах калимасын айткан инсанды мусулман деп эсептеген кишиден башкасын каалабайт. Баары билип койсун, экинчи рошид Халифалык гана мусулмандарды бириктирет. Кафир мамлекеттер кече Умматтын жерлерин басып алып, мусулмандар арасында түрдүү фитналар чыгарган жана аны майда мамлекетчелерге бөлүп жиберген болсо, Халифалык тикеленген соң, аларды бириктирет. Халифалык жүз жыл турмушта кайып болгон соң кайра албетте кайтат. Расулуллах ﷺ айтат:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», бул улуу фарзга силерди да чакырабыз!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here