Энергетика тармагын мафиянын колунан тартып алып, Аллах буйругандай жалпы мүлккө өткөрүү – күйүүчү май бааларынын көтөрүлүп кетишине жол бербөөнүн жалгыз жолу

31
0

Басма сөз баянаты

Энергетика тармагын мафиянын колунан тартып алып, Аллах буйругандай жалпы мүлккө өткөрүү – күйүүчү май бааларынын көтөрүлүп кетишине жол бербөөнүн жалгыз жолу

Бажва-Имран режими 2020-жылы 26-июнда нефть мафиясы күйүүчү май бааларын көтөрүшүнө о.э. тез пайда көрүү үчүн адамдарга басым өткөрүшүнө жол бербөө максатында карала турган чараларды бекер кылды. Жаңы чаралар нефть жана газ уюму кеңешинин (OGRA) сунушунан кийин ушул айдын башында энергия баасынын өзгөрүүсүнө чектөө койгон. Бирок, Бажва-Имран режими бензиндин баасын капыстан 26 рупияга көтөрдү. Бул болсо, өткөн айда түшүрүлгөн баадан эки эсе жогору. Демократиялык түзүм ушинтип өлкө башынан өткөрүп жаткан эң оор убакта адамдардан өч алды. Чындыгында, миллиондогон адам жумуш ордун жоготкон, соода-сатык иштер токтогон, экономика буулуп, инфляция чектен тышкары күчөгөн о.э. мусулмандар негизги муктаждыктарын камсыздоого да күчү жетпей жаткан учурда «Бензин бомбасы» ишке салынды. Режим мурдагы өкмөттөр сыяктуу демократия жолун ээрчип, күчтүү мафиялардын кызыкчылыгын камсыздоодо. Себеби, бул режим үчүн адамдарга жетип жаткан зыяндын кызыгы жок.

«Бензин бомбасы» дүйнө бойлоп баалар көтөрүлүп кеткендиктен нефть соода компанияларына (OMC) пайда келтирүү жана нефть казып алууну өнүктүрүү салыгы үчүн 450 миллиард рупия акча чогултууга каратылган. Муну менен Эл аралык Валюта Фонду талап кылып жаткан бир триллион рупия кошумча салыкты төлөө ишке ашырылууда. Өткөн жылы нефть казып алууну өнүктүрүү салыгы 260 миллиард рупиядан 450 миллиард рупияга көтөрүлдү. 2019-жылы июль айында нефть казып алууну өнүктүрүү салыгы ар бир литрге 15 рупияга барабар болду. Акыйкатта болсо, ошол убакта бүткүл дүйнөдө нефть баасы түшкөн эле. Бирок, режим адамдарга жеңилдик жаратуунун ордуна Эл аралык Валюта Фондунун талабына ылайык салыкты көбөйттү. Дүйнө бойлоп нефть баасы көтөрүлгөн убакта нефть казып алуу салыгын көтөрүүнүн ордуна ар бир литр үчүн 30 рупия бааны кармап турат. Мындан тышкары, нефть соодасындагы салыктардын көтөрүлүшү адамдардын жараатына туз сепкендей болууда.

Энергия секторунда акча көп, бирок, бул тармакка бир нече ири капиталисттер гана инвестиция жаткыра алат. Бул болсо, ушул сектордун картелдери (ири капиталисттик өнөр жай бирикмеси) калыптанышын жеңилдетет. Демократияда тамыр жайган кемчиликтер жана элита өкүмдарлык кылган система себептүү бул картелдер оңой эле мыйзам менен ойношуусу жана түрдүү саясаттарды жүргүзүшү мүмкүн. Бул болсо, мафиялардын адамдар зыянына чоң пайдалар көрүшүн камсыздайт. Акыйкатта болсо, Ислам энергия сектору менчик эмес, жалпы мүлк болушун важиб кылат. Расулуллах ﷺ айтат:

«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ:‏‏‏‏ فِي الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ»

«Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, жайлоодо жана отто». (Ибн Мажжа). О.э. Ислам өкмөткө энергияны адамдардын иштерине толук сарптоону буюрат. Бул нерсе чийки сырёнун өзү болобу же сатылгандагы акчасы болобу айырмасы жок. Ислам менчик сектор ээлерине мамлекеттин чыгашасы акысына капчыктарын толтурушуна уруксат бербейт. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык тикеленгенде энергия сектору жалпы мүлккө өткөрүлөт жана «Бензин бомбасына» толук чекит коюлат. Мына ошондо адамдарды кыйнап жаткан жана экономиканы шал кылып жаткан үлкөн энергия салыктары болбойт. Ошондуктан, демократияны кулатып, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзбөсөк мафия жана аларга окшогон саясатчыларга көз каранды болуп кала беребиз.

﴿أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ﴾

«Жаратган Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал мээримдүү жана кабардар»

                                                                                                                                 [67:14]

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here