Сребреница: 25 жылдык айыкпаган жараат» деп аталган кампания баштады

56
0

Басма сөз баянаты

Хизб-ут-Тахрир борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты Сребреница кыргынынын 25 жылдыгы карата «Сребреница: 25 жылдык айыкпаган жараат» деп аталган кампания баштады

Сербия кошуундары 1995-жылы 11-июлда Босниянын мусулмандар жашаган Сребреница шаарын ойрон кылышты. Он миңдеген мусулмамндар серб кошуундарынын чабуулунан качып, Босниянын түндүк чыгышына көчүп өтүшкөн эле. БУУ ушул шаарды «Коопсуз регион» катарына киргизип, аны өз коргоосуна алганын жарыялаган. Сребреница басып алынган күндүн эртесине сербдер 8000 мусулман эркек жана балдарды өлтүрүштү. Бул окуя Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң жаман ырайымсыз кыргын болуп эсептелет. Кыргындан тышкары 25000ден 30000ге чукул мусулман аялдар, балдар жана жашы улуу адамдар куугунтукталды. Бул иштер Сербия республикасына чектеш жерлерди мусулмандардан тазалоо кампаниясы алкагында аткарылды. БУУ Сребреница мусулмандарын коргоо жөнүндө убада берген болсо да, бирок, убадасын аткарган жок. Батыш мамлекеттери НАТО аркылуу серб чабуулун токтотобуз деп Сребреница мусулмандарына убада беришкен эле, бирок, ал да ишке ашкан жок. БУУ Сребреница кыргынын токтото албады, тескеирсинче, ал шаардагы босниялык мусулман согушкерлердин куралдарын тартып алды. Натыйжада, аларды күчсүз абалда душманга туш кылды. БУУга караштуу тынчтыкты сактоочу күчтөрдүн базасы жайгашкан Потокари айылында Сербия кошуундарынан коргоону сураган сребреницалык он миңдеген мусулмандар регионго кирген Сербия кошуундарынын террордук чабуулуна туш болушту. Серб аскерлери жүздөгөн мусулмандарды өлтүрүп, жаш балдарды жана наристелерди союшту. О.э. эсепсиз аял жана кыздардын намысына кол салышты. Ал эми, БУУ кошуундары ушул кылмыштарды өз көздөрү менен көрүп турушса да, казармаларынан чыгышкан жок.

Сребреницадагы ырайымсыз кыргынга 25 жыл болду, бул мусибаттын курмандары аларга жана үй-бүлөлөрүнө каршы серб аскерлеринин ыплас кылмыштарына карата адилет өкүм чыгарылышын дагы эле күтүшүүдө. Бирок, алар бул адилет үчүн күрөштө жеңишке жетишүүсүнө үмүт жок. Сребреницадагы массалык кыргын Босния согушунда серб аскерлери мусулмандарга каршы жасаган арамзалыктардын бир бөлүгү болуп, ошол убакта бул ыплас иштерди дүйнөнүн бардык мусуман-кайрымусулман өкмөттөрү байкап турушкан. 1992-жылдан 1995-жылга чейин созулган Босния согушунда жүздөгөн айыл жана шаарларда мусулмандарга каршы этникалык тазалоо иштери өткөрүлдү. Ошол эле учурда, Босниядагы серб партиялары жана Сербия республикасынын Слободан Милошевичке караштуу өкмөтү Дрина дарыясы жээгинде сербдерден турган региондо улуу серб улуту деген мамлекетти тикелөөгө аракет кылышкан. Серб аскерлери үйлөрдү ойрон кыла башташты о.э. он миңдеген мусулмандарды, алардын катарында аялдарды, балдарды, жашы улуу адамдарды азапташты жана өлтүрүштү. Согуш учурунда 100 миң адам өлтүрүлдү, 2,2 миллион адам куугунтукталды о.э. серб аскерлерлери 50 миң муслима аял жана кыздардын намысын тебелешти. Ушул ырайымсыз кыргын себептүү алардын көпчүлүгү кош бойлуу болуп калды. О.э. миңдеген босниялык мусулмандар сербдердин камактарына ташталып, ал жерде ачкачылыкка, ар түркүн азаптарга жана өлтүрүүлөргө дуушар болушту. Сребреница кыргынынан бир нече жыл өтүп, дүйнө «Бул эч качан кайталанбайт» жана жаңы тарыхтагы ушул кара тактан тыянак чыгарылат деп убада берген. Бирок, бүгүн Босния согушу жана Сребреница кыргынында жасалган кылмыштар жана кыргындар бүткүл дүйнө бойлоп уланып жатканын көрүп турабыз. Ал тургай, айрым учурларда абал Сребреницадан да жаман болууда. БУУ, Батыш мамлекеттери жана мусулман акимдери бүгүн мусулмандарга каршы ырайымсыз аракеттерди токтотпой жатканын көрүп турабыз. Сирия, Мьянма, Кашмир, Фалестин, Яман, Чыгыш Түркстан, Индия жана башка жайларда болуп жаткан окуялар мисал.

Хизб-ут-Тахрир борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты Сребреница массалык кыргынынын 25 жылдыгына карата «Сребреница: 25 жылдык айыкпаган жараат» деп аталган кампания баштады. Кампанияны баштоодон максат ушул инсаний мусибаттан кандай сабак алууну ачыктоо о.э. Умматыбыз башынан өткөрүп жаткан массалык кыргындан мурас болуп калган нерсени кандай аңдоо баян кылуу. Мындай тарых кайталанбасын. О.э. бул кампаниядан максат – тарыхтагы бул сыяктуу жырткыч эскерүүлөрдү кайра жандантуу мусулмандар катары өз өлкөлөрүбүздө коопсуздукту жана адилеттикти орнотуу үчүн келечегибизди курушубузга жардам берсин.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«لاَ يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Момун бир тешиктен эки жолу чактырбайт».

Кампанияны ушул дарек аркылуу күзөтүү мүмкүн:

http://www.hizb-ut-tahrir.info/ar/index.php/hizb-campaigns/69202.html

https://www.facebook.com/WomenandShariaAR

 

Д. Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүдүрү

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here