Согуш жана коронавирус себептүү жаралган Сириядагы ачарчылык

29
0

Басма сөз баянаты

Согуш жана коронавирус себептүү жаралган Сириядагы ачарчылык

БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариятынын отчётуна ылайык, Сириядагы согуш жарым миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алды жана калктын жарымынан көбү өз үйүн таштап чыгып кетүүгө мажбур болду. О.э. согуш инфраструктураны ойрон кылып, экономиканы шал кылды, саламаттыкты сактоо тармагын башка тармактарды иштен чыгарды. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун айтымында, Сириядагы оорукана жана саламаттыкты сактоо борборлорунун жарымынан көбү иштен чыккан.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө коронавирустун жайылышы о.э. негизги азык-түлүк баалары болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп кетиши натыйжасында Сирия ачарчылык кризисине учурады. Сирия лирасынын куну АКШ долларына карата төмөндөшү натыйжасында азык-түлүктөрдүн баалары бир жылда 200%га жогорулады. БУУнун Твиттер баракчасында жарыяланган программасында айтылышынча, «Азык-түлүк продукцияларынын бааларынын жогорулашы жана COVID-19 пандемиясы Сириядагы үй-бүлөлөргө чыдамынан ашыкча нерсени жүктөдү».

БУУ ишара кылышынча, COVID-19 пандемиясы абалды орчундатып, азык-түлүктүн таңкыстыгына жана жаман шартка туш болгон адамдардын көбөйүшүнө алып келген. Уюмдун отчётуна ылайык, бир нече ай мурун 7,9 миллион сириялыктар азык-түлүктүн таңкыстыгынан кыйналган болсо, бүгүн бул көрсөткүч 9,3 миллионду түздү.

Отчёттордо көрсөтүлгөн ушул үрөй учурган сандар Сириядагы элибиз оор жана аянычтуу абалда жашап жатканын көрсөтүүдө. Бул гуманитардык кырсык. Оор экономикалык абалда жана режимге каршы санкциялар шартында залим режимдин коронавируска каршы күрөшкө жоопкерчиликсиз жандашуусу абалды дагы да оорлоштурду. Режимге каршы киргизилген санкциялар негизи өкүмдар элитага таасир кылбайт, тескерисинче, катардагы адамдарга таасир кылып, аларды дагы да жакырлаштырат, ачарчылыкка жана жумушсуздукка себеп болот. Катардагы адамдар нан жана башка күнүмдүк зарыл продукцияларды сатып алуу үчүн узун катарга тизилип кезекке турууга мажбур. Адамдардын муктаждыктары күндөн-күнгө көбөйүп жаткан ушул күндөрдө Сириянын 90%дан ашуун калкы жакырчылыктын эң төмөн даражасында т.а. күнүнө эки доллардан да аз каражатка жашап жатат.

Бул Сириядагы элибиздин залим режимдин көлөкөсүндөгү абалы, бул режим элге каршы күч колдонду жана жырткыч репрессия куралын ишке салды. Натыйжада адамдар таштандыларды терип жүрүшөт, нан саткан дүкөндөрдө кезек күтүшүүдө, бактардын жалбырактарын жешүүдө, көчөлөрдө укташууда жана аларга зордоп жүктөлгөн оор турмушту башынан өткөрүшүүдө.

Албетте, Сирия калкы башынан өткөрүп жаткан бул ачуу чындык саясий, экономикалык жана коопсуздук тармагында башка мусулман өлкөлөрүндө жүз берип жаткан окуялардан айырмаланбайт. Бүгүнкү абал кечегиден жаман. Ошондуктан, өз калкына жалган сүйлөбөгөн Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү адамдардын жардам сураган ый-муңун угуп, тынымсыз кризистерге күбө болууда, Хизб булардын баарына бузгунчу капиталисттик түзүмгө моюн сунган акимдер себепчи экенин ачыктоодо. Капиталисттик түзүм адамдардын проблемаларын чечүүгө жараксыз экенин далилдеди. Бул түзүм адамдардын жакыр жана ачка болушунун чыныгы себеби экенин айтпаса да болот. Бул түзүм ыкчам жардамга муктаж адамдарды этибарсыз таштап коюуда. Расулуллах ﷺ айтат:

«فَالْإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Имам жетекчи жана ал кол астындагыларга жоопкер». (Бухарий).

Бүгүн Исламий Уммат, ал тургай, бүткүл дүйнө башынан өткөрүп жаткан кризистер бир гана экономикалык кризиске барып такалбайт. Себеби, жер жүзүндө байлык көп, бирок, ал малай акимдердин чеңгелинде. Аллах Таала айтат:

﴿وَهُوَ الَّذِي أَنزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجْنَا بِهِ نَبَاتَ كُلِّ شَيْءٍ فَأَخْرَجْنَا مِنْهُ خَضِراً نُّخْرِجُ مِنْهُ حَبّاً مُّتَرَاكِباً وَمِنَ النَّخْلِ مِن طَلْعِهَا قِنْوَانٌ دَانِيَةٌ وَجَنَّاتٍ مِّنْ أَعْنَابٍ وَالزَّيْتُونَ وَالرُّمَّانَ مُشْتَبِهاً وَغَيْرَ مُتَشَابِهٍ انظُرُوا إِلَىٰ ثَمَرِهِ إِذَا أَثْمَرَ وَيَنْعِهِ إِنَّ فِي ذَٰلِكُمْ لَآيَاتٍ لِّقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ﴾

«Ал асмандан суу түшүргөн Зат. Анан, ал суунун жардамында ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгардык. Андан болсо көп чөптөрдү чыгардык. Андан үстү-үстүнө жайгашкан дандарды (машактарды) чыгарды. Курма бутактарынан жакын болгон шиңгилдер (болот). Дагы жүзүмзарларды жана да (жалбырактары) бири-бирине окшогон, (мөмөлөрү болсо) окшобогон зайтун жана анарларды (чыгарабыз). Алардын ар биринин мөмө түйгөн кезиндеги мөмөсүнө жана кийин бышкан абалына карагыла! Албетте, мында ыйман келтирген коом үчүн муъжизалар бар»

                                                                                                                                       [6:99]

Демек, байлык Аллахтыкы жана ал абдан мол. Бирок, кризис – Аллахтын мыйзамы колдонулбай, тескерисинче адамзат жана анын нафсинен келип чыккан мыйзамдар өкүмдарлык кылып жатканында.

Ошондой болгон соң, келгиле Исламга жана Аллахтын шариятын өкүмдар кылууга жардам бергиле. Себеби, аны менен акылдар жана жандар тирүү о.э. жер жана андагы нерселер тирүү. Эгер жардам берсеңер, бул дүйнө жана Акырет ыраазылыгына жетишесиңер. Ибн Мажжа жана Байхакий чыгарган хадисте Абдуллах ибн Умар мындай риваят кылат: Расулуллах ﷺ бизге жолугуп мындай деди:

«يَا مَعْشَرَ الْمُهَاجِرِينَ، خَمْسٌ إِذَا ابْتُلِيتُمْ بِهِنَّ وَأَعُوذُ بِاللَّهِ أَنْ تُدْرِكُوهُنَّ؛ لَمْ تَظْهَرْ الْفَاحِشَةُ فِي قَوْمٍ قَطُّ حَتَّى يُعْلِنُوا بِهَا إِلَّا فَشَا فِيهِمْ الطَّاعُونُ وَالْأَوْجَاعُ الَّتِي لَمْ تَكُنْ مَضَتْ فِي أَسْلَافِهِمْ الَّذِينَ مَضَوْا، وَلَمْ يَنْقُصُوا الْمِكْيَالَ وَالْمِيزَانَ إِلَّا أُخِذُوا بِالسِّنِينَ وَشِدَّةِ الْمَئُونَةِ وَجَوْرِ السُّلْطَانِ عَلَيْهِمْ، وَلَمْ يَمْنَعُوا زَكَاةَ أَمْوَالِهِمْ إِلَّا مُنِعُوا الْقَطْرَ مِنْ السَّمَاءِ وَلَوْلَا الْبَهَائِمُ لَمْ يُمْطَرُوا، وَلَمْ يَنْقُضُوا عَهْدَ اللَّهِ وَعَهْدَ رَسُولِهِ إِلَّا سَلَّطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ عَدُوّاً مِنْ غَيْرِهِمْ فَأَخَذُوا بَعْضَ مَا فِي أَيْدِيهِمْ، وَمَا لَمْ تَحْكُمْ أَئِمَّتُهُمْ بِكِتَابِ اللَّهِ وَيَتَخَيَّرُوا مِمَّا أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَّا جَعَلَ اللَّهُ بَأْسَهُمْ بَيْنَهُمْ»

«Эй мухажирлер жамааты, мен силерге беш нерсе жетишинен Аллахтан баанек сураймын. Кайсы коом бузуку иштери менен ашкере алектенишсе, аларда ата-бабаларында болбогон өлөттөр жана оорулар көбөйөт. Кайсы коом өлчөгөндө жана таразадан алдаса, алар кургакчылыкка жана таңкыстыкка о.э. акимдердин зулумуна дуушар болушат. Эгер, мүлкүнөн зекет беришпесе, асмандан жаан азаят, айбанаттар болбогондо, жамгыр таптакыр жаабай коёт эле. Эгер, Аллахка жана Расулуна берген убадаларын аткарышпаса, алардын үстүнөн душмандарын өкүмдар кылып коёт. Ошондо, ошол душмандар алардын колундагы байлыктарды тартып алат. Эгер, имамдары (башчылары) Аллахтын китеби менен өкүм жүргүзүшпөсө жана Аллах түшүргөн өкүмдөрдүн арасынан өздөрүнө пайдалуусун гана алышса, Аллах алардын кээ бирөөлөрүн кээ бирөөлөрүнө душман кылып коёт».

Эй мусулман, бүгүн биз ушундай абалда жашап жатабыз. Ошондуктан, бүгүн мусулмандар Исламий мамлекетти тикелөө аркылуу Исламга жана мусулмандарга күч-кубатты жана азиздикти кайтаруулары важиб. Бул – Аллахка убада берүү, шариятына амал кылуу жана Исламды жашоого кайтаруу менен болот. Бул болсо, жер жүзүнүн бир бөлүгүндө Ислам мамлекетин тикелеп, Исламды толук колдонуу жана ушул борборлошкон чекитке башка бөлүктөрдү да кошуу аркылуу ишке ашат. Себеби, Расулуллах ﷺ дал ушундай кылган.

 

Д. Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүдүрү

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here