Арадан 86 жыл өтүп, Аясофияда алгачкы жума намазы окулду

159
0

Арадан 86 жыл өтүп, Аясофияда алгачкы жума намазы окулду

Стамбул фатх кылынгандан кийин Султан Мухаммад Фатих тарабынан мечитке айландырылган Аясофия 1934-жылдын 24-ноябрында Мустафа Кемелдин буйругу менен мечиттен музейге айландырылган. Арадан 86 жыл өтүп, Аясофия дагы кайрадан мечит катары ачылды. Мусулмандардын кубанычына чек жок. 24-июль, жума күнү чектелген абалда жума намазы окулду.

Бирок, 86 жыл күтүлгөн арзуулар колго тийгени менен нааразылыктар да жок эмес. Себеби, Аясофия дубалдарындагы Ислам ишенимине тескери келген “Ата, бала жана ыйык рух” үчилтиги сыяктуу ширк көрүнүшүндөгү сүрөттөр беш маал намаз жамаат менен окулуп жаткан убакта жабылып, андан соң туристтер үчүн кайрадан ачыла турган болду. Бул тууралуу Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрахим Калын билдирди.

Сүрөттөр маселесинде Маданият министрлигибиз ишин аяктады. Аларды жарыктык системасына ээ болбогон парда менен жабуу боюнча иш жүрүп жатат. Бүтүндөй өчүрүп салуу же үстүнөн шыбак кылып салуу жөнүндө кеп-сөз болушу мүмкүн эмес. Бул тууралуу эч ким тынчсызданбашы керек. Анын үстүнө килем гана жабылат”, — деди Ибрахим Калын.

Дин иштери боюнча кеңештин чечиминде да Аясофиянын ичиндеги Ислам ишенимине тескери келген, Христиан динине таандык сүрөттөр мечитте болушу проблема жаратпастыгы айтылды.

Дин иштери башкармалыгынын башчысы Али Эрбаштын айтымында,  бузулган Христиан динине таандык белгилер жана фрескалар (диний сүрөттөр) намаз убагында гана жабылып, намаздан кийин кайрадан ачылат жана бул аркылуу Аясофияны чиркөө жана музей катары зыярат кылуу улана берет. Ушундан келип чыгып айтышыбыз мүмкүн болгон нерсе, батыштан келген туристтер буга чейин акча төлөп кире турган жерге эми акысыз кирип каалаганча зыярат кылышы мүмкүн болуп калды.

Орду келгенде айта кетүүчү нерсе, фарз амалдар убакыт жагынан экиге бөлүнөт. Биринчиси: Аткаруу убагы кыска болгон фарз амалдар, мисалы, рамазан айындагы орозо сыяктуу. Мындай амалдар аткарылышы менен убагы да бүтөт. Экинчиси: Аткаруу убагы кеңири болгон фарз амалдар, фарз намаздары сыяктуу. Фарз намаз мечитте жамаат менен окулгандан кийин анын убагы бүтүп калбайт.Башкача айтканда фарз намазды шарият белгилеп берген убакытка чейин окуса боло берет. А бирок, Аясофияда андай болбойт. Себеби, жамаат менен окулуучу намаз бүткөндөн кийин дубалдардагы ширкке таандык сүрөттөр ачылат жана намаз окуу мүмкүн болбой калат.

Бир түрк жигити: “Султан Мухаммад Фатих (Аллах рахматына алсын) келип, Аясофияны мечитке айландырды. Мустафа Кемел (Аллахтын наалаты болсун) келип, Аясофияны музейга айландырды. Эрдоган келип, Аясофияны бир эле убакта мечит, музей жана чиркөөгө айландырды”.  Комментарий сизден болсун.

Киямуддин Шариф

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here