Кыргызстан президенти волонтёрлор менен жолукту

44
0

Кыргызстан президенти волонтёрлор менен жолукту

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков волонтёр (ыктыярчылар) менен ачык жана кеңири масштабдуу жолугушуу өткөрдү. Жээнбеков мурунку президенттерге салыштырганда өзүн элден алыс кармоо менен айырмаланып турат. Президенттик аппарат да, элдин кызыкчылыгын коргоодо, чиновниктердин үстүнөн арыздарга жана нааразылык акцияларына дээрлик реакция билдирбейт.

Учурда кыргыз бийлигинин аброю төмөндөп барууда. Өкмөт пандемия дүрбөлөңү артынан карантин жарыялап, коррупцияга кеңири шарт түзүп берди. Натыйжада чиновниктер чет өлкөдөн карызга алынган жарым миллиард доллардан көбүрөөк акчаны бюджеттин дефицитине о.э. дагы башка дайынсыз жана көмүскө иштерге жумшап жиберишти. Карантин терс натыйжаларга алып барды. Башкача айтканда, өлкөнүн жана жарандардын экономикалык абалы көрүлгөн чараларга туруштук бере албады. Өкмөт пандемиянын алдын алуу убадасы менен алынган акчалардын бир бөлүгүн бюджеттеги чыгашаларга жумшап жиберди.

Карантин бүтөрү менен вируска каршы ката мамиле себептүү, саламаттыкты сактоо министрлиги башчылыгында ооруга массалык түс берилди. Адамдар вирус жана пневмония менен ачык күрөш майданында бетме-бет калды. Ошондо президент жана өкмөттүн ушунча убакыт ичинде жугуштуу оору шылтоосунда алынган акчаларды өз ордуна иштетпегени ачыкка чыкты.

Өкмөттүн,  ал тургай, жасалма дем алдыруучу аппарат да сатып албаганы, обсервацияга алуучу жайларда шарттарды түзбөгөнү, дары-дармектерди да жетиштүү көлөмдө даярдап койбогону ачыкка чыкты. Ушул орунда, “ушунча акча кайда жоголду” деген суроо пайда болот. Президент өкмөт башчыны алмаштыруу менен бул проблеманы чечкендей болуп көрүнмөкчү болду, бирок акыйкатты жаап жиберүүгө кырдаал жол бербейт.

Президент волонтёрлор менен жолугушту. Ал ушул аркылуу элдин колдоосу болбосо кырдаалдан чыга албастыгын моюнга алды. Мамлекеттик маалымат каражаттары жана интернет тармактары аркылуу элди пандемияга каршы жардам көрсөтүүгө чакыруу компаниялары күчөдү. Өкмөттүн артында турган волонтёрлор чектен чыгып, коомдогу байларга каршы коомдун кыжырын козгоочу пикирий күрөш баштап жиберишти. Айрымдары ачык эле видео кайрылуу менен чыгып, улуттар аралык жаңжалды келтирип чыгарышы мүмкүн болгон чакырыктарды жасашты.

Проблеманын негизи, өкмөт өзүнүн милдети болгон маселелерди өзү чече албай калганын моюнга албай жатышында. Негизи, өкмөт өзүнүн алсыздыгын моюнга алып, адамдарды кайрымдуулукка чакырып, кайрымдуулук кылгандарга ыраазылык билдириши керек эле. Бир топ жаштарды кылмышкер топтор сыяктуу коомго салып коюу менен проблема чечилбейт. Тескерисинче, жаңы проблемалар пайда боло берет. Коом бай жана жакырлар ортосунда тайпачылыкка, улуттук жана трайблисттик бөлүнүүлөргө дуушар болушу мүмкүн. Бул ыкма Майрам Акаева, Матраимовдор фонду же кылмыштуу топтор сыяктуу чиновник жана байларга басым өткөрүү менен акча өндүрүүнүн жаңы механизмдерин пайда кылышы мүмкүн.

Ошондуктан, кайрымдуулук иштери жалаң гана үгүттөө аркылуу, ыктыярдуу түрдө о.э. мамлекеттик система жана ага таянган уюмдар аралашпастан элдин өзү тараптан болушу туура болот.

Абдураззак Муъмин.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here