Еврокомиссия коронавирус менен күрөшүү үчүн Тажикстанга 112 млн евро бөлдү

36
0

Еврокомиссия коронавирус менен күрөшүү үчүн Тажикстанга 112 млн евро бөлдү

Европа комиссиясы коронавирус жайылышына каршы глобалдык мамиленин алкагында Тажикстанга саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык кызматтарды бекемдөө о.э. COVID-19 га каршы күрөшүү үчүн 112,2 миллион евро өлчөмүндө каражат берилерин жарыялады.

Еврокомиссиянын билдиришинче, жардам пакети саламаттыкты сактоону өнүктүрүү программасы (52,2 млн. евро), сапаттуу билим  алууну колдоо программасы (50 млн. евро) жана жарандык абалды каттоо түзүмүндөгү реформаларды колдоо программасынан (10 млн. евро) турат.

Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде Европа Союзу COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө өнөктөш мамлекеттердин аракеттерин колдоо боюнча активдүү жана максатка багытталган жооп чаралары глобалдык планын жарыялаган болчу. Аталган пландын алкагында Европа Союзу Тажикстандын COVID-19дун кесепетин жоюуга даярдыгын күчөтүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактарда үзгүлтүксүз кызматтарды камсыздоо үчүн 48 миллион евро берерин кабарлаган.

 Комментарий: Региондогу көпчүлүк республикалар (Түркмөнстандан тышкары) дүйнөлүк дүрбөлөң кербенине кошулуп, өлкөдө кескин карантиндик чараларды киргизген учурда тажик өкмөтү мамлекетте коронавирус жуктурган бир да учур катталбаганын айтып келди. Бирок, тажик өкмөтү эл аралык басым жана каржылык жардамдар тууралуу убадалар каршысында алсыздык кылды. Ошол себептен да май айына чейин коронавирус расмий түрдө катталбаган Тажикстан саламаттыкты сактоо министрлиги 30-апрель күнү 15 адамда коронавирус аныкталганын билдирди. 1-май күнү болсо Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) делегациясы Душанбеге барды. Натыйжада Тажикстанда шашылыш карантиндик чаралар киргизиле баштады. Ал тургай Дүйнөлүк банк Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 72 миңден 230 миңге чейин жетиши, 6,5 миңден 21 миңге чейин адам каза болушу мүмкүн экендигин “божомол” кылды. Ошондон бери Тажикстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны тынымсыз өсүп жатат. Региондогу эң жакыр мамлекеттердин бири болгон Тажикстандын экономикасы тышкы карыз жана жардамдарга көз каранды. Еврокомиссия бөлгөн жардам да тажик өкмөтүнө убада кылынган материалдык жардамдар түркүмүнөн. Бул жардамдар жөн эле берилип жаткан жери жок. Бул каражаттар эртең эле калкка жүк болгондон тышкары, колонизаторлордун өлкөдөгү байлыктарды тартып алышына жол ачып берет.

 Абдурахман Адилов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here