Кытай менен Индия чек арасындагы кагылышуу

145
0

Суроожооб

Кытай менен Индия чек арасындагы кагылышуу

 

Суроо:

«Рейтер» агенттиги 2020-жыл 20-июнь : «… Индия аткаминерлеринин айтымында, апрель айынан бери алыскы Ладах мөңгүсүнүн аймагында эки тараптын жүздөгөн аскерлери бири-бирине каршы турган, бул жагдай акыркы жылдардагы эң коркунучтуу чек ара чыңалуусун жаратты. Кытай патрулу өзүнүкү деп санаган Индия чек ара тилкесине кирип келгенден кийин чыңалуу жүз берди. Кытай да бул аймакты өзүнүкү деп санайт. Кытай Индиянын бул аймакка жол салуусуна каршы экендигин билдирди…». Кытай менен Индиянын бул чек ара аймагы май айынын биринчи жумасынан бери эки өлкөнүн чекарачылары ортосундагы атышууларына күбө болду. Бул чыңалуу жергиликтүү түрткүлөрдөн келип чыктыбы же анын артында Америка туруп Кытайга кысым көрсөтүүнү каалап жатабы? Бул кагылышуунун оккупацияланган (басылып алынган) Кашмирдеги жана Пакистандагы мусулмандарга тийгизген таасири кандай болот?

Жооп:

Өткөн 5-майда башталган чек арадагы атышуулар Индиянын түндүгүндөгү Ладах бийик чөлкөмүндөгү Жалван өрөөнүндө, андан кийин Натула тоосунун ашуусунда үч күн өткөндөн кийин жүз берди (Гималай жана Индиянын Сикким аймагын Тибет менен байланыштырып турган аймактарда орун алды). Бул атышуулар эки мамлекеттин ортосунда аскердик жана дипломатиялык чыңалууга алып келди. Кытай-Индия мамилелериндеги чыңалуунун тарыхы узакка созулган. Бул чыңалуу 1890-жылы Англия менен Кытай ортосундагы Сикким Тибет деп аталган келишимден кийинки чек арадагы жаңжал көрүнүшүндө көбүнчө орун алып келет. Британия чөлкөмдө үстөмдүк кылып, Индо-Ислам жарым аралын түздөн-түз колония кылып алды, кийин бул аймактан чыгып бара жатканда аны Индия жана Пакистан кылып экиге бөлдү, Кашмирди экөөнүн ортосунда жарылуучу аймак катары ортого ташташты. Ошондой эле, англистер Индия менен Кытайдын ортосундагы чек арадагы көп жерлерди да чыр-чатактарды чыгара турган негизде калтырып чыгып кетишти. Жакынкы аралыкта болуп өткөн чыр-чатактын баянына төмөнкү негизде токтолуп өтөбүз:

Биринчи:

Индия менен Кытайдын ортосундагы чек арадагы атышуулар биринчи жолку эмес. Эки өлкөнүн аскерлери 2013, 2014 жана 2017-жылдары ар кандай деңгээлдеги согуштун алдында турган. Бул окуялар акыркы он жылдыкта болуп өттү. Эки өлкө 1962-жылы айыгышкан чек ара согушунда согушуп, Индия жеңилип, Кытай Кашмирдин түндүгүндөгү Аксай Чин аймагын басып алган. Чыгыш чек арадагы эки мамлекеттин ортосундагы талаш – Британия колониализминин жана Аруначал-Прадеш штатын Индия аннексия кылып алышынын натыйжасы. Колонизатор Британия Индияны узак  мезгил колония кылып турган учурунда Кытай менен чек арасын тактаган эмес. Батыш чек араларындагы чыр-чатакка келсек, бул эки мамлекеттин Исламий Кашмир аймактарындагы амбицияларына байланыштуу, бул амбициялар айрыкча 1947-жылдан кийин башталды. Чек ара талаштарынан улам, эки өлкө тең ар башка маалыматтарды жарыялашат. Алардын ортосундагы чек аранын узундугу болжол менен төрт миң чакырымга жакын. Өткөн май айынын бешинде болгон тирешүүлөргө келсек, бул эки өлкө күчтөрү Пангонг Цу мөңгүсүнүн жээгинде кагылышкан кезде болгон, Тибет бөксө тоосунда 14 миң фут бийиктикте болду. Натыйжада эки тараптан тең ондогон аскерлер жаракат алышты. Ошондон бери уланып келе жаткан тирешүүлөрдүн аралыгында күчтөрдү кубаттоо иштери улантылууда. Кытай бул убакыт ичинде Ладахтагы талаштуу аймакка 5000ге жакын аскерди жана бронетехниканы жөнөттү. Бул тууралуу «Business Standard» гезити кабарлады: «Кытай Элдик боштондук армиясынын 5000ден ашык жоокери Ладах  аймагындагы беш жана Галван дарыясынын жээгиндеги төрт пунктуга, ошондой эле Панжунг көлүнүн жанындагы аймактарга чабуул койушту…». (www.defense-arabic.co 05.25.20).

Экинчи:

Индия Ладах аймагын Жамму жана Кашмирден бөлгөндөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы окуялар курчуду. Ушундан улам, Кытай – Индия премьер-министри Нарендра Моди 2014-жылы Бхарата Жаната партиясы түзгөн өкмөттүн башчысы катары бийликке келгенден бери – Ладахтын Жамму жана Кашмирден бөлүнүшү стратегиялык себептер менен Кытайга каршы күчөп жаткан Индиянын тирешүүсүн күчөтүү үчүн болду деп түшүндү. Индиянын Ладахты бөлүү ниети жөнүндө Амит Шахтын 2019-жылдын 5-августундагы жарыясына жооп катары Кытай ТИМинин басма-сөз катчысы мындай деди: «Индия ички мыйзамын бир тараптуу өзгөртүүсү Кытайга зыян келтирип, регионалдык эгемендүүлүктү бузат. Бул кабыл алынгыс дагдай». Эки мамлекеттин ортосунда ар дайым болуп келген чек ара талаштары эки негизги аймакта орун алган, биринчиси чыгыш чек ара аймагы. Кытай Аруначал-Прадеш штатын аннексиялоону (кошуп алууну) талап кылып жатат. Бул аймактын аянты 90,000 чарчы километр жана Кытай аны Тибеттин түштүгү деп тааныйт. Индия муну четке кагып келүүдө. Экинчи негизги аймак: Индия Кытай 1962-жылы согушта батыш чек араларында басып алган жерлерди, башкача айтканда, Исламий Кашмир аймагындагы аймакты кайтарып берүүнү талап кылып жатат. Бул Аксай Чиндин аянты 38,000 чарчы километр. Калкы аз болгон чөлдүү жер. Муну Кытай четке кагып келүүдө. Ал тугай, Кытай Кашмир аймагында өз кожоюндугун дагы да кеңейтүүнү талап кылып жатат. Бүгүнкү күндө батыш чек араларындагы Кытайдын талаптары Аксай Чинге чектеш Кашмирдин Ладах аймагынын бир бөлүгүн камтыйт. Ал байыркы Кытайдын «Жибек Жолу» соода жолдорунун бир бөлүгү болчу.

Үчүнчү:

Жакында Индия-Кытай кагылышуулары орун алган Ладах аймагы – Ислам кылымдар бою өкүм жүргүзүп келген Кашмир аймагынын ажырагыс бир бөлүгү. Бул аймак 2011-жылы 29-сентябрда мыйзам менен бөлүп салынганга чейин Жамму жана Кашмир штаттарынын чегинде болуп келген! Бул калкы жыш жайгашкан, бирок өтө стратегиялык аймак. Ал Индиядагы эң бийик бөксө тоолуу жеринде жайгашып Инд дарыясынын өрөөнүнүн жогорку бөлүгүн камтыйт. Бул чыгыштан Кытайдын кызыл сызыгынын чок (LAC) ортосунда орун алган, батыштан Пакистандын LoC сызыгынын чегинде жайгашкан, түндүккө келсек, Каракорум ашуусу жайгашкан. Ошондой эле Каракорум ашуусу тарапта индус калкы отурукташкан. «Долли Пик Олде» калктуу пункту. Белгилей кетчү нерсе, бул түз эле түрк тилинде – «Кадыр барктуу адамдын өлгөн жери». Бул ысым хижрий 938-жылы, миладий 1531-жылы күзүндө Ладах менен Кашмирди Исламга ачуу үчүн фатхтарга катышкан Яркенд (Жаркент) акими Султан Саид Ханга да таандык экендиги айтылат. Хижрий 939-жылдын аягында Яркендге кайтуу учурунда ал катуу ооруп, ушул жерде өлгөн деп айтылат. Ал эми, азыр бул Исламий жерди Индиянын Кашмир аймагындагы көзөмөл күчтөрү көзөмөлдөп турат. Бул көптөгөн жаракаты бар аймак. Индия Жамму менен Кашмир өрөөнүн жана Ладахты көзөмөлдөгөндөй эле, Кытай Аксай Чин жана Транс Каракорум Трасс аймагын көзөмөлдөйт. Булардын бардыгы Кашмир аймагындагы Исламий аймактар. Ал эми, Пакистан Азад Кашмирди жана Гилгит-Балтистан аймагын гана көзөмөлдөйт, бул, аймактын үчтөн бир бөлүгүнөн да аз аймак. Азад Кашмир Индия тарабынан оккупация болгон чөлкөмдөр менен чектешет, Гилгит эки өлкөнүн: Кытай жана Индиянын көзөмөлүндө турган аймактар ​​менен чектешет. Ислам өлкөлөрүнүн учурдагы аянычтуу абалы астында айрыкча Пакистандын Кашмир аймактары динсиз эки мамлекеттин талашында калды. Индия Ладахтын Жамму жана Кашмир чөлкөмүнүн курамындагы талаштуу аймактардагы укугун талап кылып жатат. Кытай жооп кайтарып, Синьцзяндын (Чыгыш Түркстандын)  курамына кирет деп, бул аймактардагы өзүнүн укугун талап кылууда.  Бул эки өлкө ушул Ислам аймактарында өз укуктары үчүн күрөшүп жатышат, ошол эле маалда, Пакистан Америкага малайлыгын улантуу үстүндө, ал эми калган мусулмандар унчукпай жатышат.

Төртүнчү:

Кытай Индиянын Ладах аймагына өзгөчө көңүл бурат. Мындан тышкары, бул аймакта буддистер да бар. Анда Борбор Азияга алып барчу эки байыркы соода жолу бар. Бул нерсе «Жибек жолу» Кытайдын жаңы стратегиясында чоң мааниге ээ. Кытайдын Борбор Азияга алып барчу башка жолдору бар болсо да, Ладах аркылуу өткөн жол Борбор Азиянын калктуу пункттарына жана базарларына жетүү үчүн кыска болот. Мындан тышкары, бул байыркы соода жолдору Кытайдын товарларын Кытайдын чыгышындагы өнөр жай борборлорунан Пакистандын түндүгүнө жеткирүү үчүн Гвадар портуна карганда бул жол көптөгөн аралыктарды  кыскартышы мүмкүн. Ошондуктан, Кытай бул долбоор маанилүү экономикалык коридор экендигин эске алып, акыркы жылдары Кытай ондогон миллиард доллар инвестиция жаткырган. Демек, бул жаңжал кытайлардыкындай көз карашта болбой койбойт. Эгер, Кытай Индия менен Урнач Прадеш штаты (чыгыш чек ара) ортосунда башка чек ара талашын ачууну кааласа, анда «экономикалык коридорлордун« артыкчылыктары ишке ашмак эмес. Ал АКШнын аскер-деңиз күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактардан, айрыкча Малага булуңун аралап өтүүдөн качып «Жибек Жолу» стратегиясынын алкагында өзүнчө коридорго ээ болууга умтулат. Кытайдын өсүшүн ооздуктоо үчүн Индия АКШнын саясатын жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу Кытайдын шек саноолорун төмөнкү иштер бекемдейт:

  • Коронавирус эпидемиясынан кийин Америка Кытайды ар кандай шылтоолор менен алуунун жаңы жүйөсүн тапты. Вашингтон вирустун жайылганы үчүн Пекин жоопкерчиликти алышы керектиги жөнүндө көптөгөн билдирүүлөрдү берди. Башка өлкөлөрдү, анын ичинде, Индияны атайын вирус Институтунда Ухандагы вирусту иликтөөнү талап кылууга тартты. Экинчи жактан, вирус биринчи жолу Кытайга сокку урганда  Кытайдан келген товарлар үзгүлтүккө учурады жана көптөгөн европалык жана эл аралык заводдорго да таасир бергендиги, ошондой эле Кытайдан келген тетиктердин жеткирүү линиясы үзгүлтүккө учурагандыгы Кытай аркылуу өтүп жаткан жеткирүү линиясын токтотуу талабын пайда кылды. Бул тенденция Америка президентинин Кытайда иш алып барган америкалык компанияларды кайтаруу аракетине да кошумча маанай жаратты. Тагырагы, Кытайдан алып чыгып кетүү аракетине кошумча күч берди. Бээжин бүгүнкү күндө өзүнүн экономикасына эч качан болуп көрбөгөндөй коркунуч туулуп жатканын сезип жатат.
  • Индия Американын саясаты негизинде иш алып барып жаткандыгы Кытай экономикасын алсыратуу аракети экендигин көрсөтүп турат: «Индиянын аскердик операцияларынын мурунку башкы мүдүрү Генерал Винод Бхатиа «Анадолуга» мындай деди: «Дүйнө жүзүндө Кытай коронавирус эпидемиясынын себептүү ишенимдүү түрдө өзүнүн таасирин жоготуп жатат». Ал кошумчалап айтат: «Өнөр жай компаниялары Кытайдан кетүүнү көздөп жатышат. Бул Бээжинди этибарды коронавирус кризисинен бурууга мажбур кылат». Ал баса белгилеп, коронавирустан кийинки дүйнө «Индия үчүн сонун мүмкүнчүлүк болот…» деди. («Анадолу«, 09.06.20). Индиялыктар айтып жаткан мүмкүнчүлүк чет элдик компанияларды, айрыкча, америкалык компанияларды Кытайдан Индияга көчүрүп өтүү болуп саналат. Кытай Кытайга каршы туруу үчүн Индиянын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнүн артында Америка тургандыгын көрүүдө. Америка Индия өзөктүк өлкө болушу үчүн анын өзөктүк программасын колдоду. Ал ага соода-экономикалык мамилелерде артыкчылыктуу позиция жана артыкчылык берди. Ошондой эле, Индия Пакистан менен чектешкен чек арада ондогон жылдар бери орнотулган ири аскердик бөлүктөрдү Кытай менен чектешкен жерге жылдырууга мүмкүндүк алышы үчүн Америка Пакистанды Индия менен болгон чыңалуусун басаңдатууга мажбур кылды. Бул саясат АКШнын  Индияга карата  жаңы саясаты эмес, балким ал көптөгөн жылдардан бери алып барылып жаткан саясат. Бүгүнкү күндө Америка Кошмо Штаттары ири чет элдик компанияларды Кытайдан чыгарып кетүүгө Индияны катыштырууну да күчөтүп, Индия Кытайдын ордун басуусу үчүн шарт жаратууда. Башкача айтканда, Индиянын Кытай экономикасына сокку урууга катышуусун шарттап жатат.
  • Белгилей кетчү нерсе, аскердик жактан алганда Кытай өз армиясын бир топ өнүктүрө алды. Бул аскердик бюджети менен Америка Кошмо Штаттарынан кийинки эле жылына 261 миллиард доллар (2019-жыл) сарптаган экинчи өлкө болду. Ал тургай, Кытай Россия, Британия жана Франция сарптаган каражаттарды бириктиргенде да андан ашыкча каражат сарптап жатат. Индия 2019-жылы аскер чыгымдары жагынан Кытайдан кийинки үчүнчү өлкө болуп калды. Анын аскердик бюджети биринчи жолу 72 миллиард долларды чапчыды, бирок анын армиясынын мүмкүнчүлүктөрү Кытайдын Улуттук Армиясынын аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө салыштырмалуу анча деле чоң эмес. Эки армиянын аскердик мүмкүнчүлүктөрүнүн мындай чоң айырмачылыгы Индияны Кытай менен кеңири салгылашуу алып барууда 1962-жылкы окуядагыдай эмес, миң жолу өлчөп иш алып барууга мажбур кылат. Мунун бардыгы Индиянын кадимки курал-жарак жагынан Ладах аймагында бир топ артыкчылыктарга ээ болгонуна карабастан, айрыкча, армиянын көптөгөн бөлүктөрү Пакистан менен чектешкен аймактарда жайгашкан. Башкача айтканда, жаңжал орун алып жаткан аймакка жакын аймактарда жайгашкан. Кытай андан айырмаланып, аскерлерин дале жаңжал чыккан аймакка топтогон жок. Бул конфликттүү аймактагы эки мамлекеттин кадимки аскердик мүмкүнчүлүктөрүнүн вакыйын АКШнын Гарвард университети даярдаган изилдөө тастыктады. («Арабий пост«, 31.05.20.).  Бирок, бул кагылышуулардан кийин Кытайдын аймакка кошумча күчтөрдү мобилизациялап, батыш чек араларында Индияга каршы аскердик мүмкүнчүлүктөрүн арттырып жатканы байкалды.
  • 2017-жылы чыгыш чек арадагы Индия жаңжалы 2018-жылы Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунан кийин жөнгө салынган. Эки лидер Ухань шаарында 2018-жылдын апрель айында биринчи расмий эмес саммитти өткөрүштү жана ал жолугушууда Си Модинин Индияда экинчи жолугушууга чакыруу сунушун кабыл алды. («Euro Arab News«, 09.12.20.). Бирок, учурдагы жаңжал Американын Кытайды кыйратуу аракеттеринин көбөйүшү менен дал келди. Бул кошумча чыр-чатактарды жаратып, чыр-чатакты чечүүнү ого бетер кыйындатат. Трамп администрациясы Кытайдын айланасында түзүп жаткан бул жаңы кыйынчылыктарды Пекин толук түшүнүп турат. Ошондуктан «Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин шейшемби күнү: «Коронавирус пандемиясынын улуттук коопсуздукка тийгизген таасири астында Пекин куралдуу согушка даярдыктарын күчөтүп, аскердик миссияларды аткара турган мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт», — деди». («Sputnik», 26.05.20.). Кытайдын бул билдирүүсү Индияны максат кылбаса да, бирок Америка коронавирустун жайылгандыгы үчүн жоопкерчиликти Кытай өзүнө алышы керек деген ниетинин артында курчап турган коркунучту сезип, ошого карата билдирди. Ошондуктан, Кытай АКШнын аймактагы союздаштарын, анын ичинде Индияны камтыган аскердик планын токтотуу максатында өзүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүнү ойлонуп жатышы мүмкүн. Кудум жакын душмандарына Америка менен кызматташпоо жөнүндө билдирүү жөнөтүп жаткандай, болбосо, Кытай армиясы аларга чоң зыян келтириши мүмкүндүгү билдирип койуу таризинде. Балким, Кытайдын Мамлекеттик Коопсуздук Министиринин 2020-жылдын апрель айынын башында Бээжинди аскерий тирешүүгө даярданууну талап кылган чалгындоо отчетунда Американын Кытайга каршы пландары канчалык олуттуу экендигин көрсөтүп жаткандай. Балким, Индиянын аскердик чыгымдары тездик менен жогорулап, 2019-жылы биринчи жолу 72 миллиард доллар жетиши. Ошондой эле, Индия армиясынын ири курал келишимдери да Кытайдын кооптонуусуна түрткү жаратты. Мунун бардыгы Кытайга түздөн-түз коркунуч туудурат. Индия буга канааттанып жатат. Анткени, ал Американын Кытайга каршы саясатында найза башы ролун аткарууда. Индия Кытай менен талаштуу чек ара аймактарында жүзөгө чыгарган инфраструктуралык долбоорлор, куралданууну тездетүү менен Кытай-Индия мамилелеринин келечегине байланыштуу Кытайга карата көбүрөөк тынчсызданууну жаратууда.

Бешинчи:

Акыркы мезгилдерде Индия менен Кытайдын ортосунда жаралган жаңжалда Американын позициясы албетте Индияны колдойт. АКШнын мамлекеттик департаментинин Түштүк Азия маселелери боюнча жогорку кызматкери, элчи Элис Уэллс Кытайдын Ладахтагы аракеттерин  Пекиндин Түштүк Кытай деңизиндеги чагымдарына байланыштырып  сынга алды. («NEWS 18», 21.05.20.). Ошондой эле, Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Эллиот Энгель мындай билдирүү берди: «Мен Индия-Кытай чек арасындагы көзөмөл сызыгында Кытайдын агрессиясы уланып жатканына абдан тынчсызданамын. Кытай эл аралык укукка ылайык талаш-тартыштарды чечүүнүн ордуна, коңшуларын коркутууга даяр экендигин дагы бир жолу далилдеп жатат… Мен Кытайды стандарттарды урматтоого жана Индия менен болгон чек ара маселелерин чечүү үчүн иштеп жаткан дипломатияны жана механизмдерди колдонууга чакырам». («АКШ мамлекеттик департаменти, 01.06.20.). Буга кошумча, Америка бул чек ара талаштарынан пайдаланып Кытайга карата кысым өткөрүү саясатын алып баруу, Кытайдын аймактагы таасирин чектей турган чек ара жаңжалдары сыяктуу шантаждар менен аны алек кылуу менен тузак коюуга аракет кылып жатат. Анын натыйжасы Кытайдын иштерине кийлигишүүсү болуп саналат. Ошондуктан, Трамп Индия менен Кытайдын ортосунда жаңжал чыкканда ортомчулук кылууну сунуштады. Мындан максат эки тараптын ортосундагы чечимди өз кызыкчылыгына ылайык көзөмөлдөө. Трамп 2020-жылы 27-майда Твиттердеги баракчасында мындай деди: «Биз Индия менен Кытайга Америка Кошмо Штаттары алардын ортосундагы учурдагы чек ара талашында ортомчулук кылууга же негизги ролду аткарып  берүүгө даярдыгын билдирдик», — деди. («Алхуррату», 27.05.20.). Кытайдын четке кагуусу: «Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Легян: «Эки өлкө өз ара келишпестиктерди чечүү үчүн үчүнчү тараптын «кийлигишүүсүн» каалабайт». («Анадолу», 09.06.20).

Алтынчы:

Ага карабастан, Америка тынчып калган жок, ал үчүн дүйнөдөгү эң маанилүү региондордун бири болгон региондо өз ишин улантты. Ал ишин Кытайга каршы масштабдуу түрдө Түштүк Кытай деңизинде тикелей жана кыйыр түрдө каршылык көрсөтүүгө аракет кылуу менен улантты. Бирок Америка мындан ары бардык жерде согуштарды жүргүзө албайт жана дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында өзүнүн күчтүү таасирин сактап кала албайт, бирок өзүнө малайлык кылган аймактык жана жергиликтүү күчтөргө таянуу менен улантат. Коронакризиси Америка кризистерди жөнгө салып жаткан өлкө эмес, тескерисинче, вируска туруштук бере албай турган мамлекет катары шермендесин чыгарды! Американын бул ийгиликсиздиги расалык дискриминация маселеси күчөгөндөн кийин да күч алды, ак америкалык полицей кара америкалык жаранды думуктуруп өлтүргөндөн кийин анын эл аралык деңгээли түшүп дүйнөгө абийири ачылды… Азырынча Кытай жеригиликтүү ири держава. Ушул себептен улам, Америка өз кызыкчылыктарына жетүү жана өз таасирин сактап калуу үчүн мурункуга караганда азыр башка мамлекеттерге көбүрөөк таянууга көз каранды болуп калды. Индия бийлиги ыктыярдуу деңгээлде Америка кызыкчылыгын аткарышы жана натыйжалары ар дайым Американын пайдасына болушу үчүн өбөлгө жаратуу максатында    Америка Индияда анын кадрлары бийликке келишине аракет кылды. Америка Бхаратия Жаната партиясын бийликке алып келүү үчүн бардык күч-аракетин жумшады, ошондуктан Вайппейи жетектеген америкалык тараптын партиясы Индияда 1998-жылдан 2004-жылга чейин бийликте болду. 2004-жылы шайлоодо ал партия Конгресс партиясына утулуп калган. Америка аны кайра бийлике алып келүү үчүн 2014-жылы аракет кылып бийликке алып келди, ал дагы эле бийликте турат. Анын натыйжасында Америка Индияны Кытайга каршы пайдалана баштады. Индия бул ролду ойной алышы үчүн, Америка Пакистанды бейтарапташтырып, Индия менен болгон чыр-чатактан алыстатты жана Индияны Кытай менен болгон кагылышууларга баруусуна түрттү. Өткөн жылы Индия Кашмирди басып алып, ал Индиянын курамына киргенин жарыялаган кезде Пакистан акимдери буга кайдыгер мамиледе болду. Бул тууралуу биздин 2019-жылы 8-августта чыккан суроо-жоопто айтылган:

«Американын баамында, Кашмир жаатында Индия менен Пакистан ортосунда уланып келе жаткан кескиндик Индия жарым аралынын Кытайга каршы күрөшүнө терс таасир кылууда… Ушул себептен улам, ушул кескиндикти жоюу үчүн Кошмо Штаттар Индия менен Пакистан ортосунда мамилелерди нормалдаштырууга аракет кыла баштады. Максат – бул эки мамлекетти Кашмир үчүн бири-бири менен согушуусунан алыс кармап, алардын аракеттерин Кытайдын өнүгүшүнө каршы Кошмо Штаттар менен кызматташууга багыттоо. Америка «Кашмирди Индия аннекция кылып алса, мен Пакистанга басым кылып, Индияга каршы аскерий аракет кылуусуна жол бербей, теманы сүйлөшүү тарапка бурамын, ошондо Индия-Пакистан проблемасы чечилет» деп ойлоп жатат. Кудум Фалестиндеги Аббас режими жана араб мамлекеттери менен яхудий мамлекети ортосундагы аскерий аракетти алдын алганы сыяктуу…». Пакистандын башкаруучулары буга милдеттеништи жана премьер-министр Имран Хан  мындай деди: «Эгер Индия  Пакистанга кол салса, Пакистан өкмөтү Индиянын өкмөтүнө тийиштүү жооп берет». («Анадолу», 30.08.19.). Башкача айтканда, Кашмирди азат кылуу үчүн эмес!!! Бир айга жакын убакыт өткөндөн кийин ал: «Эгер Индия бошотулган Кашмирге кол салса… Армия башчысы Бажва Пакистан армиясы Индияга каршы турууга даяр деп мени ишендирди», — деди».  («Geo News» каналы, 29.12.19.). Башкача айтканда, Азад Кашмир менен Жамму Индиянын көзөмөлүнөн азат кылынбайт.

Жетинчи:

Кытай менен тыгыз мамиледе болгон Пакистанга келсек, Кытай Индиядан тартып алган Аксай Чин аймагындагы бардык укуктарды талап кылбайт. Бул Кашмирдин бир бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле, ал Индиянын көзөмөлүндөгү Кашмир Ладах аймагында эч кандай укуктарды талап кылбайт, Кытай анын бир бөлүгүн талап кылып жатат! Пакистандын ант берген душманы Индиянын Кытай менен болгон кагылышууларда Кытай Индиянын мурдун сындырат деп өзүнүн кубанычын көрсөткөн Пакистан бул жолку жаңдалда үн каткан жок. CNN News-18 бул унчукпастыка таң калды (26.05.20.). Ага Пакистандын баардык маалымат каражаттары да кирди жана адаттагыдай эле бул жаңжалда өзүнүн ролун билдирген жок. Бул сүкүт сактоо Американын кысымы астында гана болду. Америка Индиянын Пакистан менен болгон мамилелеринде өзүн ыңгайлуу сезишин каалайт. Индияга карата Пакистан тараптан эч кандай кооп коркунуч болбошу керек. Кудум Пакистан армиясы эгер Индия Кытай менен согушка кирсе, ага жардамга келе калчудай. Мунун бардыгы Индия Пакистан менен чектешкен чек арасындагы аскерлерин Кытай менен чектешкен аймакка жайгаштырышына шарт жаратуу алкагындагы иштер. Анын натыйжасында Кытайга басым жасоо үчүн жакшы өбөлгө жаралат. Кытай армиянын күчүн Кытай деңиз аймагына топтобостон, чачырап  жайгаштырууга мажбур болот. Кытай аскердик ресурстары түштүк-батышта Индия менен тирешүүгө жана деңиздеги негизги душмандарга каршы турууга даярдануу үчүн бөлүштүргөндө согушсуз эле Кытай алсырайт. АКШнын деңиз флоту жана Жапон армиясы да Кытайга каршы күчүн арттырып жатышат.

Сегизинчи:

Ушунун бардыгында, Кашмир аймагындагы мусулмандар өзүлөрүнүн жериндеги аймактар эки динсиз мамлекеттин ортосундагы конфликтке айланды деп эсептешет. Экөө тең аны талап-тоноп, башкарууну каалашат. Ошол эле маалда, Пакистан жана башка мусулман башкаруучулары көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксан болуп алышкан маал. Тескерисинче, Пакистан Кашмирдин куралдуу топтору Индияга зыян келтирбеши үчүн алардын артынан кууп, куугунтукка алып турган учур. Пакистандын бул кылыгы жана Кытай-Индия жаңжалы Кашмирдеги мусулмандарды алсыратып жатат. Ушул себептен улам, Кашмир Индиянын оккупациясына бетме-бет туш болду. Буга чейин Кашмир Пакистан армиясы тараптан катуу колдоого алынып келген. Бүгүнкү күндө Кашмир Пакистан тарабынан эч кандай жардамсыз эки ири динсиз мамлекеттин талашында калды, Америкага баш ийген Пакистан Индия менен болгон карама-каршылыктуу күрөшүнөн акырындап баш тартууда!!!

Индия менен Кытайдын ортосундагы жаңжал Ислам аймактарын бөлүп-жарып жатканы өкүнүчтүү. Айрыкча Кашмир жана анын айланалары. Индия Кытайдан 1962-жылы согушта батыш чек араларында басып алган жерлерди кайтарып берүүнү талап кылып жатат. Бул, Исламий Кашмир аймагынын Аксай Чин аймагы. Кытай Аксай Чинге чектеш Кашмири Ладах аймагынын бир бөлүгүн талап кылып жатат. Кыйта бул аймактарда өзүнүн укугун талап кылып, ал Синьцзяндын курамына кирет деп жүйөө келтирүүдө, тактап айтканда, Чыгыш Түркстан аймагына  кирет деп. Эки өлкө ушул Ислам чөлкөмдөрүндө күрөшүп жатышат, ал эми Пакистан Америкага малайлыгын көргөзүп кызматтын улантууда, калган мусулмандар унчукпай жатышат! Мусулмандар өз иштери себептүү оор жошоого кептелип калышты. Улуу азиз Аллах эң туура айткан:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى * قَالَ رَبِّ لِمَ حَشَرْتَنِي أَعْمَى وَقَدْ كُنْتُ بَصِيراً * قَالَ كَذَلِكَ أَتَتْكَ آيَاتُنَا فَنَسِيتَهَا وَكَذَلِكَ الْيَوْمَ تُنْسَى﴾

«Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз»                                                    [20:124]

Эй мусулмандар, силер чыныгы улуулукка жетип кутулууңар – Аллахтын аяттарына, Пайгамбар Aдын хадистерине ээрчип, Аллахтын өкүмүн тургузуп, туура жолдогу Халифалыкты тикелөөңөрдө гана болот. Бул туура жана жихад жолу, бул улуулук жана кордуктан кутулуу жолу. Расулуллах ﷺ Абу Хурайрадан риваят кылынган муттафакун алайх хадисте айтат:

«اَلْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Халифа анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан».

Эй акыл ээлери ибрат алгыла!

                                                                                                                 30-шаввал, 1441-х.

                                                                                                                    21-июнь, 2020-м.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here