Америкада кеңири көлөмдө болуп жаткан митингдер жана анын Америка тышкы саясатына тийгизген таасири

71
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооб

Америкада кеңири көлөмдө болуп жаткан митингдер жана анын Америка тышкы саясатына тийгизген таасири

Суроо:

Эки жумага жакын убакыттан бери Америка Кошмо Штаттарынын айрым аймактарында ири нааразычылык акциялары жүрүп жатат. Буга зордук-зомбулук, дүкөндөрдү тоноо жана полиция бөлүмдөрүн өрттөө да кошул ташыл болду. Америкада кара кишинин өлтүрүлүшү нааразычылык акцияларынын тутанышына негизги түрткү болдубу? Акыркы бир нече жылда мындай окуялар болуп эле келе жаткан, бирок мындай нааразычылык акциялары болгон эмес! Америкадагы мындай ири көлөмдөгү нааразылык акцияларынын Американын тышкы саясатына  кандайдыр бир кесепеттери барбы?

Жооб:

Жогорудагы суроолордун жообу айкын болушу үчүн төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:

  • Америка полициясы 2020-жылы 25-майда теги  африкалык кишини өлтүрдү, ал Жорж Флойд Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарынын тургуну болгон. Бул өтө оор кылмыш болду. Аны кармоо учурунда полиция полиция бөлүмүндө алган күч колдонуу билимин колдонду. Полиция анын мойнундагы күрөө тамырын тизеси менен кысып тогуз мүнөтчө жерге ныгырып турган, ал арада  Флойд: «Мен дем ала албайм жатам», — үн каткан, бирок ага карабастан полиция күч колдонууну уланткан, натыйжада Флойд дем жетпей думугуудан мерт кетти. Бардык америкалыктар бул ыплас кылмышка күбө болушту. Америкалыктар  полициянын кара түстөргө карата ырайымсыздыгын өз көздөрү менен көрүп күбө болушту. Эртеси күнү эле шаарда адамдарга карата мындай ырайымсыз мамилени айыптаган демонстрациялар орун алды. Андан кийин Флойддун думуктуруп өлгөнгө чейин жерге ныгырылып жаткан видеосу соцтармактарда кеңири тарашы менен демонстрациялар Американын башка шаарларына да жайылды. Демонстрациялар Американын бир нече штатындагы 80ден ашуун шаарларына жайылды. Андан кийин бийлик көпчүлүгү зордук зомбулук, уурдап тоноо менен коштолгон демонстрацияны алдын алуу үчүн коменданттык саат жарыялады. Демонстранттар дүкөндөрдү жана полиция бөлүмдөрүн өрттөп жиберишкенде Америка полициясы демонстранттарга карата катаал мамиле колдонууга өтүштү. Ал ар кайсы шаарларда 4 миңден ашуун адамды камакка алышты. Бир нече кишинин өмүрү кыйылды жана Улуттук гвардия коопсуздукту орнотууга жана көчөнү көзөмөлдөөгө чакырылды. Балким, Америка армиясы Вашингтондо коопсуздукту орнотуу үчүн мурда Америкада болуп көрбөгөн иш жараянга тартылды. Президент Трамп демонстранттар Ак үйгө чабуул коюшу мүмкүн деген кооптонуу менен жер астындагы коопсуз жайга киргизилди.
  • Америкадагы нааразычылык акциясынын көрүнүштөрү АКШнын ырааттуу келген өкмөттөрү мактанган ички стабилдүүлүктү бузду. Шаарды өрт чулгап, дүкөндөр тонолду, чакан полиция бөлүмдөрү талкаланды. Бул америкалыктарга алардын өкмөттөрү башка өлкөлөр үчүн илгертен бери жасап келген тозокту эскертти, Американын дүйнө жүзүнө карата колдонуп келген басмырлоосун жана кекирейүүсүн эсине салып коркутту. Бардыгын аң-таң калтырган көрүнүш болду: президент Ак үйдүн айланасында тынч митингге чыккандарга кутурган иттерди салуу менен менен эскерти, эгер алар зым тосмолор жана бетон дубалдар менен коргондолгон Ак үйдүн дубалдарына сокку урууга аракет кылышса, анда дүйнөдөгү эң коркунучтуу куралды колдоно тургандыгын да эскертти. Президент штаттын губернаторлорун өз штаттарында нааразычылык акциясына чыккандарды катуу жоопко тартууга үндөдү. Ал коопсуздукту күчкө салып сактоодо Улуттук гвардияны колдонууну сунуштады. Эгер, полиция жана күзөтчүлөр коопсуздукту камсыздай албаса, АКШнын аскер күчтөрү 4 сааттын ичинде кийлигишүүгө даяр абалга келтирилди. Чындыгында, бул кадам артка кайтарылышынан мурда армия Вашингтонго жайгаштырылды. Себеби, Америка президентине карата Америка армиясын Америка элине каршы койуп жаткандыгы тууралуу кеңири сын-пикирлер айтыла баштаган эле. Экинчи жактан, ачууланган элди полиция да, сакчылар да, коронавирус коркунучу да токтото алган жок. Анын бир бөлүгү тынч мүнөздө, жарандык укуктарды талап кылып, киши өлтүргөн адамды жоопко тартуу жана полицияны реформалоо талаптары менен чыкты. Экинчи бөлүгү мамлекеттик мекемелерге, айрыкча полицияга кол салып, аларды өрттөп жок кылууну көздөп жатты. Үчүнчү бөлүгү талап-тоноо, уурдоо жана чагымчылык менен алектенди. Өз кезегинде, президент Трамп бул башаламандыктардын артында ультра солчул антикапиталисттик «Антифа» кыймылы турат деп жарыялады!
  • Америка полициясынын вакыйы жана негизги таянычы кара калкты акаарат кылып басмырлоону адатка айлантып алган ак таяныч болот. Кара түстөгүлөрдүн көпчүлүгү полиция тарабынан өлтүрүлгөн. Бул окуялардын кээ бирлери Флойддун өлүмү сыяктуу документтештирилген жана сүрөттөлгөн. Мындай окуялар сейрек эмес, тескерисинче кайталанып турган көрүнүш. Америка Кошмо Штаттарында расалык дискриминация коомдо ачык байкалган жана көрүнүп турган көрүнүштөрдүн бири.

Бирок, Флойддун 2020-жылы 25-майда Миннеаполис шаарында өлтүрүлүшүндө Американын мамлекеттик органдарынын айрыкча кара адамдарга каршы жүргүзүп жаткан расалык дискриминация саясатына карата элдин нааразычылыгын кеңейткен себептер бар. Ал себептердин кээ бири эски, кээ бири жаңы:

а)   Америка коомчулугунда аралашып камыр жумур болуп жашап кетүү жараянын ийгиликсиздиги:

Азыркы Америка коомчулугу расалык бөлүнү негизинде калыптанган. Атап айтканда, негизинен англистер, жалпысынан европалыктар Американын түпкү ээлери болгон миллиондогон индейлерди өлтүрүп жаңы колонияларды негиздешти. Жаңы колониялар үчүн кулдар зарыл болгондуктан, Африкадан кулдар алынып келинди. Америкалыктар африка тектүү адамдардын бардыгын кул катары көрүшөт. Бул кылымдар бою расмий болгон, анын аралыгында африкалыктар расалык сегрегацияга туш болушкан. Алар актардын фермаларында жана өндүрүш тармактарында мажбур иштешкен. 1790-жылдагы натурализация жөнүндөгү мыйзам актарга гана Американын жарандыгын алганга уруксат берген, кара кишилерди жаран катары таануудан баш тарткан. Африкалыктар 1860-жылдарда  добуш берүү сыяктуу бир катар укуктарга ээ болушса да, расалык дискриминация Америкада жарандык согуш аяктагандан кийин да расмий саясат бойдон кала берди. ХХ кылымдын орто ченинен кийин «Жарандык укуктар» аттуу чоң кыймыл башталды жана Мартин Лютер Кинг Америкада каралардын лидери катары белгилүү болду. Натыйжада, каралардын америкалык жарандар катары толук укуктары расмий түрдө таанылган. Андан кийин, бул африкалыктар ата-энелери, чоң ата, чоң энелери жоготкон жарандык укуктарга жетиштик деп ойлошту. Бирок, бул нерсе америкалык актардын менталитетин өзгөрткөн жок. Алардын африкалыктарга карата көз карашы уланды, аларга каршы расисттик аракеттерди улантышты. Америка жетекчилеринин Америкада расизм доору бүттү деп жар салганына карабастан, ар кандай отчёттор Америкада африкалык тектүү адамдарга карата түптөлгөн расисттик көз караш терең тамыр жайганын көрсөтүүдө. Америкада кара адамдарга каршы расизмдин ачык-айкын бир көрүнүшү – каматарда ак түстөгү америкалыктарга салыштырмалуу кара түсөгү адамдардын көп. Каралардын арасында жумушсуздук жогорку деңгээлде. Америкадагы ак америкалык үй-бүлөлөрдүн орточо кирешеси кара америкалыктарга салыштырмалуу чоң жана ачык-айкын айырма бар. Ошондой эле, кара түстөгүлөр көпчүлүктү түзгөн райондордо медициналык жана башка кызматтар жетишсиз. Ак түстөгүлөр жашаган элитный ройон катары саналган аймактарда медициналык кызматтар тиешелүү түрдө көрсөтүлөт, ал жердеги турак-жайлардын баасы да жогору.

б)   Бийликке текчил Трамп администрациясынын келиши:

Президент Трампты колдоп-кубаттаган топ ак түстүүлөр башкалардан үстөм турат деп эсептешет. Ак үйгө Трамп келгенден тартып бул топтогулар башын көтөрө башташты. Алар Трампка өздөрүнүн улуттук лидери катары карашат. Алардын арасында бул тектик үстөмдүккө диний түс берген евангелист масихийлер да бар. Алар президент Трамптын мусулмандарга каршы экенин ачык билдиргенин, алардын айрымдарына Америка визасын алууга тыюу салганын, мексикалыктарга каршы билдирүүлөрдү берип жатканын, Мексика чегарасы бойлоп дубал куруу сыяктуу айрым пландарын, Кытайга каршы соода согушун жарыя кылганын, АКШ ичиндеги кытайларга каршы тукуруп коронавирусту кытай вирусу деп атап жатканын колдоп-кубатташты. О.э. бул топтогулар Трамптын 2017-жылы Виржиния штатындагы ашынган улутчулдардын демонстрацияларына тилектештик билдиргенин, этникалык азчылыктарга карата ар дайым акаарат айтып жатканын о.э. Флойддун өлүмү жөнүндө «кара адам» деп түшүндүрмө берип, АКШдагы «каралардын» демонстрациясын колдогон кыймылды бастыруу зарыл деген сөздөрүн колдоп-кубатташты. Ушулардын акыбети катары Америкадагы текчилдикке тукурган негизги фактор президент Трамп болуп калды. Ошондуктан, бул кимсе бийликте турганда Америкада кара түстүүлөргө, мусулмандарга, мексикалыктарга жана кытайларга каршы душманчыл аракеттер абдан курчуду… Бул этникалык азчылыктар америкалыктардан жумуштарды тартып алуу жана байлыктарына ээ болуп алуу үчүн келген бузгунчулар деп каралып… кийин Америка коомундагы көпчүлүк катмарларда текчилдик даана байкалып калды.

в)   Коронавирустун АКШ ичиндеги акыбеттери:

Америкада Флойддун өлтүрүлүшүнө каршы нааразылыктарды дагы да күчөткөн себептердин бири – бул окуя коронавируска каршы көрүлгөн карантин чаралары менен бир убакытка туура келгени. Анткени, карантин чаралары америкалыктарды кыйла тынчсызданууга салып койгон эле. Башка тараптан болсо, жумушсуздук деңгээли абдан жогорулап, америкалыктар өз келечеги үчүн кабатырланып калышты. Үчүнчүдөн, америкалыктар бийлик коронавируска каршы өз убагында күрөшүүдө ийгиликсиздикке учураганын көрүштү. Анткени, медициналык препараттардын жана жабдуулардын өтө таңкыстыгы билинди. Негизи, коронавирус соккусу Америкага Кытай жана Европадан кийин жетип келди, бул учур Америка үчүн пайдаланып калуу зарыл болгон мүмкүнчүлүк эле. Андан тышкары, АКШ администрациясы бул эпидемияга каршы күрөштө кесипкөйлүгүн көрсөтө алган жок жана бул нерсе Америкадагы расмий чөйрөлөрдө Трамп администрациясынын коронавирус кризисин чечүү ыкмасы жөнүндө бөлүнүүнү келтирип чыгарды.

Мамлекет ичиндеги оор жана маанилүү маселелердин дагы бири – Америка коому капиталисттик түзүмдүн бузгунчулугун болуп көрбөгөндөй сезе баштады. Себеби, Америкада байлык бир ууч капиталист элитанын пайдасына т.а. саясатка өз таасирин өткөргөн лоббисттердин кызыкчылыгына ылайык бөлүнүшү абдан кеңири түс алган. Мындай саясат бул элитанын салыктардан көбүрөөк бошотулушун камсыздады. Негизи, салыктын кырсыктуу бөлүгү орто жана чектелген киреше көргөн жарандардын мойнуна түшөт. Америкадагы бул нааразылыктар «Антифа» антикапиталисттик кыймылдын кубаты улам күчөп жатканын көрсөттү. Трамп аны террорчу уюмдардын тизмесине киргизүүнү талап кылды. Бул кыймыл 2008-жылдагы финансылык кризистен кийин капитализмдин негизги символу болгон Уолл-стриттеги фондулук биржаларды басып алууга чакырган… Кыймылдын тарапкерлери көбөйдү жана АКШ коомунда терең тамыр жайды… Капитализмге каршы ураандар да көбөйдү… Бүгүн бул кыймыл демонстранттарды полиция участкалары сыяктуу мамлекеттик объектилерди өрттөөгө жана талкалоого тукуруп жатат деп айыпталып келет.

  • Болуп жаткан окуялар АКШнын тышкы саясатына сезилерлик даражада таасир кылды:

а)   АКШдагы бөлүнүү:

Трамп администрациясы 2017-жылдан бери Америка бекем бириккен мамлекет эместигин көрсөттү. Бир далай саясаттар америкалыктарды бөлүп салды, мисалы, согуштар саясаты, АКШнын дүйнөдөгү малайларына көрсөтүп жаткан эл аралык жардамдар саясаты, салык саясаты жана этникалык азчылыкка карата мамиле, иммиграция жана башка көптөгөн саясаттар. Бирок, Трамптын бийликке келиши бул өлкөдөгү бөлүнүүнүн негизги себеби болду. Бул кимсе абдан текебер, көйрөң, мансаппарас, парасаты төмөн, ички күрөштөрдү чыгарууга шыктуу, душманды жеңгенине ырахат алган киши. Ага мүнөздүү бул жана башка сыфаттар Американы Трамптын колдоочуларына жана каршылаштарына бөлдү. Анын администрациясында кызматтан бошотуулар жана отставкага кеткендер абдан көп болду, мурунку президенттер доорунда мынчалык болбогон. Бир тараптан коронавирус кризиси, башка тараптан президент менен штат губернаторлору ортосундагы жаакташуулар Америкадагы бөлүнүүнү дагы да кеңейтти. Бул бөлүнүү Американын саясий жана финансылык абалына терс сокку берип, бүткүл коомго таасир кылды. Бул президент жана анын администрациясы элдик демонстрациялар кризисине текчилдикке таянып жандашуусу өлкөдөгү бөлүнүү отуна май сээп ого бетер күчөтүүдө. Себеби, Трамп Флойддун өлүмүнөн кийин башталган нааразылык кыймылына каршы чыкты жана коопсуздукту күч менен орнотмокчу болду. Анын мындай позициясына демократтар менен штат губернаторлору гана эмес, ал тургай, коргоо министри да каршы чыкты. Коргоо министри президент Ак үйдүн жанындагы чиркөөнү зыярат кылганда аны менен бирге болгону үчүн кечирим сурады. Анткени, президенттин келишинен мурун полиция демонстранттарды аянттан кууп чыгарган эле. Трамптын бул аракети саясий үгүт катары бааланды. Төмөндөгү кабар ушул ички жаңжалдарга жаркын мисал болот: «Американын мурунку коргоо министрлери, ондогон аскерий жана жарандык жогорку кызматтагылар билдирүү беришип, президент Трампты демонстранттарга каршы армияны ишке салуу пикири үчүн президенттик антты жана конституцияны бузду деп айыптап чыгышты. Бул петицияга кол койгондордун арасында мурунку коргоо министри Жеймс Мэттис да бар». (Ал-Жазира, 07.06.20). Бул каршылыктар мурунку министрлер менен эле чектелип калган жок, а түгүл, азыркы министрлерди да өз ичине алды. Жогорудагы булакта дагы мындай делет: ««CNN» маалымат агенттиги АКШ коргоо министрлигиндеги (Пентагон) бир расмийдин сөздөрүн жарыялады. Ага ылайык, президент Дональд Трамп борбор калаа Вашингтонго жана башка шаарларга он миң аскер жайгаштырууну талап кылган. Вашингтондо, Америка менен Европанын башка шаарларында полициянын зомбулугуна жана расалык дискриминацияга каршы өтүп жаткан массалык демонстрациялардын тушунда коргоо министри Марк Эспер менен АКШ башкы штабынын жетекчиси Марк Милли Трамптын бул талабына каршы чыгышкан. «The New Yorker» журналы Ак үйдөгү булакка таянып ачыкташынча, президент Трамп менен генерал Марк Милли ортосунда талаш-тартышуу болуп өткөн. Журнал маалымдашынча, генерал Милли Трамптын демонстрацияларды бастыруу үчүн көчөлөргө армияны жайгаштыруу талабына кыйкырып каршылык билдирген. Милли армияны көчөлөргө жайгаштыруу мыйзамга карама-каршы келет деп эсептейт».

б)   Президенттик шайлоонун мөөнөтү:

Бул да маселени курчутуп жаткан нерселерден. Бул нааразычылык акциялары демократтардын талапкери Жо Байдендин менен республикачыл Трамптын шайлоо өнөктүктөрү менен бир убакта болду. Президент Трамп президент катары келечегине өтө тынчсызданып турат. Ал ушул жылдын ноябрында кайрадан шайланууну каалайт. Негизинен, бул маселе анын биринчи кезектеги маселеси. Бирок, анын негизги тынчсыздануусу коронавирустун кесепеттеринин Америка экономикасына тийгизген  таасири  болуп калды. Миллиондогон америкалыктар жумушсуз калышты. Ал вирус кризисине каршы начар  күрөшүп жатканы жөнүндө айтыла баштады. Бул анын демократиялык оппоненти шайлоо өнөктүгүндө ага каршы колдоно турган фактор болуп калышы мүмкүндүгүнөн корко баштады. Кийин нааразылык акциялар толкуну башталды, Трамп ушул жерден өзүн мамлекеттин коопсуздугун сактай ала турган күчтүү лидер катары көргөзүүнү каалады. Бул анын шайлоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Бирок, анын атаандашы Жо Байден, демократиялык партия жана башка күчтөр мунун тескерисин көрсөтүүгө урунушту. Алар аны Америкадагы бөлүнүүнү бекемдөө үчүн иштеп жаткан адам катары тааныта башташты, Флойддун өлүмүнөн кийин демонстрациялар себептүү Америка коомуна келтирген жараларды айыктыра албаган адам катары коомго таанытышты. Алар ал демонстранттарга карата кыжырды келтирген билдирүүлөрдү бергендиги, зордук-зомбулуктун жана демонстрациялардын башаламандыгы үчүн жооптуу деп эсептешет.

в)   Нааразычылык акцияларын бастыруу:

Дүйнө өлкөлөрү Америка  өкмөттү элдин нааразычылык акцияларына карата катаал жана ырайымсыз мамиле кылганына күбө болушту. Президенттин коопсуздукту күч менен орнотуу, ошондой эле кутурган иттер жана эң коркунучтуу куралдар тууралуу сөзүнө күбө болушту. Миңдеген адамдар кармалды. Дубинкалар жана көздөн жаш агызуучу газ. Америка ондогон жылдар бою мындай көрүнүштөргө күбө болбогодон кийин ушундай өз жарандарына карата ырайымсыз мамиле кылды. Мунун баары Америка дүйнө жүзү боюнча өз каршылаштарына каршы адам укугу деген наам менен узак убакыт бою карманып келген жүйөсүн жокко чыгарды. Пикир эркиндигин, оппозицияны колдоо сыяктуу жана башка демократия ураандарын жокко чыгарды. Бул жагдай түздөн-түз таасир кылат. Америка тышкы саясаты өзүнүн эң белгилүү эл аралык шылтоосунун бирин жоготуп жатат. Муну Россия тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарованын билдирүүсү тастыктап турат: «XXI кылымдын 2020-жылынын май айынын акырынан тартып июндун башынан бери АКШ дүйнө жүзүндө адам укуктары маселеси боюнча кимдир бирөөгө сын пикир айтуу укугун жоготту». Захарова АКШдагы расизмге жана полициянын зомбулугуна каршы нааразычылык акциясынын катышуучуларына карата АКШ бийлигинин жасаган мамилесине түшүндүрмө берип мындай деди: «Бүттү!!! Мындан ары алардын андай укугу жок». («Явму саабиг», 02.06.20).

  • Мына ушундайча расалык дискриминация АКШга мүнөздүү болуп эсептелет. Ал бир азга тынчып турушу мүмкүн, бирок кайрадан курчуйт. Бул – америкалык капиталисттик түзүмдүн келип чыгышынын түпкү себеби болгон идеялык оору. Мындай нерседен адам ойлоп тапкан эч бир түзүм тышта калбайт. Себеби, бул түзүмдөр акты карадан, кызылды сарыдан айырмалоону аныктаган адамдардын каалоолоруна баш ийет. Ал тургай, бул айырмалап башкаларды кемсинтип төмөн көз караш менен кароо башкаларга гана эмес, кийинчерээк өзүлөрүнө да зыян алып келет!

Бир гана Ислам ар кандай расалык дискриминацияны жок кылды жана жок кылууга жөндөмдүү. Исламда түстөрдө, ырайда же байлыкта адамдар ортосунда айырмачылык жок, тескерисинче, баардыгы бирдей. Алардын эң жакшысы – эң таквасы. Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَأُنْثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوباً وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِير﴾

«Эй адамдар биз силерди эркектен жана аялдан жараттык, силерди бир-бириңер менен таанышып (жакшы мамиледе болушуңар үчүн) уруу-уруу, улут-улут кылдык. Аллахтын алдында силердин урматтууңар — такваларыңар. Аллах билүүчү жана кабардар»                    [49:13]

Байхакий Абу Назрадан, ал Жабир ибн Абдуллахтан кылган риваятта айтылат: Бизге  Расулуллах ﷺ ташрик күндөрү коштошуу хутбасын кылып айтты:

«يَا أَيُّهَا النَّاسُ، إِنَّ رَبَّكُمْ وَاحِدٌ، وَإِنَّ أَبَاكُمْ وَاحِدٌ، أَلا لا فَضْلَ لِعَرَبِيٍّ عَلَى عَجَمِيٍّ، وَلا لِعَجَمِيٍّ عَلَى عَرَبِيٍّ، وَلا لأَحْمَرَ عَلَى أَسْوَدَ، وَلا أَسْوَدَ عَلَى أَحْمَرَ، إِلا بِالتَّقْوَى، إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللهِ أَتْقَاكُمْ، أَلا هَلْ بَلَّغْتُ؟»، قَالُوا: بَلَى يَا رَسُولَ اللهِ، قَالَ: «فَلْيُبَلِّغِ الشَّاهِدُ الْغَائِبَ»

«Эй адамдар, силердин Роббиңер бир, атаңар бир,  арабдын араб эместен артыкчылыгы жок. Араб эместин арабдан артыкчылыгы жок. Кызылдын карадан артыкчылгы жок, каранын кызылдан артыкчылыгы жок, бир гана таквалыкта артыкчылык бар. Аллахтын алдында силердин урматтууңар – такваларыңар. Жеткирдимби?». Айтышты: «Ооба, эй Аллахтын элчиси».  Айтты: «Бул жердеги болгондор бул жерде болбогондорго жеткирсин».

Бусирий (хижрий 762-860-ж.) ушундай мааниде хадис келтирген. Ошондой эле, Табароний (хижрий 369-260-х.) ушундай мааниде хадис келтирген. Анын риваятында «… актын карадан артыкчылыгы жок, каранын актан артыкчылыгы жок» деп келген.

Рассалык дискриминацияны Ислам гана жойот, ал ааламдардын Роббиси тарабынан түшүрүлгөн. Ислам акыйкат жолго жетектеп, ааламга жакшылык нурун чачат. Аллах Таала айтат:

﴿ أَفَمَنْ يَهْدِي إِلَى الْحَقِّ أَحَقُّ أَنْ يُتَّبَعَ أَمَّنْ لا يَهِدِّي إِلا أَنْ يُهْدَى فَمَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ ﴾

«Өзү жол таппаган жана башкаларды да жетектей албагандарга караганда акыйкатка алып бара турганды ээрчүүгө татыктуу эмеспи? Силерге эмне болду? Кандай гана жаман өкүм чыгарасыңар»                                                                                                               [10:35]

                                                                                                                  20шаввал, 1441-х.

                                                                                                                     11июнь, 2020м.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here