Сириялыктар ачарчылык апаатына кабылды

360
0

Сириялыктар ачарчылык апаатына кабылды

Сириялыктар азык-түлүк таңкыстыгынан улам дүйнө элине жардам сурап кайрылууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча Жогорку Комиссарынын маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, Сириядагы согуш жарым миллиондон ашык инсандын өлүмүнө себеп болгон. Өлкө ичинде жана тышында жарандардын жарымынан көбү жер которууга мажбур болгон. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Сириядагы коомдук ооруканалардын жарымынан көбү иштен чыккан. Булардын баарына кошулуп, өлкөдө коронавирус жайылууда. Дары-дармек таңкыстыгы күчөп, алардын баасы эки эсе кымбаттаган. Өлкөдө алты ай мурун 7,9 миллион адам азык-түлүк таңкыстыгы астында жашаса, учурда алардын саны 9,3 миллионго жетти. Калктын 90%ынын күнүмдүк кирешеси 2 доллардан төмөн.
Мындай абал куралын өз калкына такаган жырткыч режимдин астында эзилген Сириялыктардын чыныгы көрүнүшү. Өлкөнүн экономикасы толук кулап, калк азык-түлүксүз калгандыктан алар чөптөрдү, дарактардын жалбырактарын жегенге аргасыз болууда. Ар бир жаңы аткан күн мурункусунан оор өтүүдө. Булардын баарынын чыныгы себеби, үммөттүн үстүндө кара булут сымал айланып турган капиталисттик системада. Анткени, бул система согуш жана жаңжалдарды чыгаруу табиятына айланган Америка сыяктуу колонизаторлордун гана кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат. Алардын кызыкчылыгы каршысында миллиондогон калктын кырылуусу эч бир кыйматка ээ эмес. Мындай зулумдуктан кутулуунун жападан жалгыз жолу Пайгамбарыбыз с.а.в убада кылган Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө!
Пайгамбарыбыз с.а.в. айтты: “Имам – калкан, анын артында туруп коргонулат жана согуш кылынат”.
Андыктан, бүгүн мусулмандар кылышы керек болгон иш мына ушул: Имамды дайындоо аркылуу Исламды турмушка алып келүү.
Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here