Жээнбеков: Оорунун күчөшүнө мекендештерибиздин жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себеп болууда

253
0

Жээнбеков: Оорунун күчөшүнө мекендештерибиздин жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себеп болууда

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөдү. Анын айтымында, Чектөөлөр алынгандан кийин оору күч алып, медицина кызматкерлеринин буга чейинки кылган ишин жокко чыгара турган деңгээлге чейин жеттик. Буга айрым саясатчылардын “оору жок, бул бийликтин саясаты” деген жалган сөзүнө ишенип алган мекендештердин ооруга жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себеп болууда.

“Базарларда, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда адамдар санитардык талапты сактабай жүрүүсү күчөдү. Өлкөдө аш-тойго уруксат берилбесе да, көп киши чакырып аш-той өткөргөндөр болуп жатат, бул жалпы кыргыз элине кылынып жаткан кыянаттык” деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы азырынча чектөөлөр аркылуу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар экенин, кайрадан карантин киргизип кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эместигин белгиледи.

Өлкөдө акыркы учурда вирус жуктургандардын саны өсүп, өкмөт оорулууларды тейлей албай турган абалга кептелип барууда. А түгүл, оорукананын эшигине барып, каралбай ажал тапкан фактылар да кездешип жатат. Мунун каршысында, эл аралык институттардан жана элден чогултулган каражаттарга көзгө көрүнө турган иш жасалбаганы калктын кыжырын келтирип жатат. Буга президент баш болуп өкмөт мүчөлөрү оорулардын жайылышын элге төңкөрүп жатышы кошумча болууда.

Түпкүлүгүндө, бийлик вируска каршы күрөшүүдө эң баштан туура маалымат берип, эл аралык уюмдардын талабына карай элди паникага салуунун ордуна, Алланын талабын ылайык камкордук көрсөтүү менен туура позицияны карманганда көйгөйдүн чечилиши натыйжалуу болмок.

Жыйынтыктап айтканда, президент баштаган саясий жетекчи топ менен элдин ортосундагы ажырым күчөп баратат. Бул боштукту АКШ күчтөрү ээлеп алууга аракеттенип жатат. Андыктан, кыргызстан калкы эки державанын таасир талашуусундагы фитналардан да этият болушу шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here