ФИКХ

49
0

ФИКХ

Фикхке уламалар: «фикх – бул тафсилий далилдерден истинбат кылынуучу амалий шаръий маселелерди билүү» деген аныктама беришкен. Факих болсо, өкүмдөрдү билүүчү аалым болуп, өкүмдөрдү жөн эле билүү эмес, балким, өкүмдөрдүн шаръий хужжаттардан чыгып келишин билүү, шаръий өкүмдөргө карата тажрыйба пайда болушу. Башкача айтканда, мына ушул өкүмдөр шаръий нусустардан кандай чыгып келип жатканын, кайсы вакиъге карата шаръий сунуш кылынып жатканын билүү жана алар жөнүндө терең изденүү о.э. ал адамда тажрыйба пайда болуу даражасына жетүү. Ошол тажрыйба (жөндөм) пайда болушунун өзү аны факих деп атоого жетиштүү. Өкүмдөрдүн бардыгын билиши шарт эмес. Бирок назар салуу жана далил келтирүү менен фаръий шаръий өкүмдөрдүн бирер жыйнагын билиши зарыл. Ошондуктан, бир же эки өкүмдү билүү фикх деп аталбайт.  О.э. “Куран” “хадис” же “ижма” сыяктуу далилдердин түрлөрү хужжат экендигин билүү да фикх деп аталбайт.  Кээде фикх сөзү колдонулганда фикх китептери, башкача айтканда, тафсилий далилдерден истинбат кылынган фаръий, амалий өкүмдөр жыйнагы көздөлөт. Кээде фикх илими деп айтылат жана анда фаръий амалий өкүмдөр топтомун билүү көздөлөт.

Чыныгы момундан катъий талап кылынган нерсе – ар бир ишти кылуудан мурда Аллах Тааланын ушул маселедеги өкүмдү билип, андан соң ошонун талабына ылайык амалга киришүү. Себеби, «амалдардагы асл шаръий өкүмгө байлоо». Мисалы: бир нече жумушчулар эмгекте, же мүлктө, момундарга ылайык шерик болуп иштөө, Аллах Таала тыйган арам шериктиктен сактануу үчүн алгач Исламдагы шериктик түрлөрүн, өкүмдөрүн жакшылап үйрөнүшү, андан соң Исламдагы ошол шериктик түрлөрүнүн кайсы бири аларга ылайык келсе, ошол шерикчиликти тандап алып, ошол негизде шерикчилик иштерин башташы Аллахка кулдугун моюнга алуу т.а. чыныгы момундук болуп эсептелет.

Фикх – бул Ислам саясатынын негизи. Ансыз Ислам саясатын жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, саясат менен алектенмекчи болгон момун Исламдагы экономика, ижтима, таалим-тарбия, башкаруу же ажырым (сот) иштерин жакшылап үйрөнгөндөн кийин гана саясат майданында шарияттын көрсөтмөсү негизинде аракет кылууга кудуреттүү болот. Антпесе, анын жүргүзгөн саясаты куфр саясаты болот жана адамдар жек көрүп жаткан саясаттардан айырмаланбайт. Себеби, исламий саясат – бул адамдардын алака жана мамилелерин (иштерин) исламий өкүмдөр жана муалажалар негизинде башкаруу. Муслим Абу Хозимден келтирет: Мен Абу Хурайра менен беш жыл бирге болдум жана андан Расулуллах(с.а.в)дын мындай дегенин уктум:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأنْبِيَاءُ, كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ, وَإِنَّهُ لا نَبِيَّ بَعْدِي, وَسَيَكُونُ خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ,

قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ فُوا بِبَيْعَةِ الأوَّلِ فَالأوَّلِ, أَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»

«Бану Исраилге пайгамбарлар саясат жүргүзүшөр эле. Качан бир пайгамбар өлсө, артынан башка бир пайгамбар келчү. Менден кийин болсо пайгамбар жок, халифалар болот. Алар көп болот. Сахабалар «бизди эмнеге буюрасыз?» деп сурашты. Айтты: Эң биринчисинин, жана дагы эң биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Алардын акыларын өздөрүнө бергиле. Анткени, Алла алардан раиятты кандай башкаргандыгы жөнүндө сурайт».

Расулуллах(с.а.в) улуу саясий жетекчи болгон, ал тургай куфр калкы да муну моюнга алат. Бирок, бирер ишти вахийден тышкарыда – өзү каалагандай, жахилий үрп-адат боюнча же башка элдердин саясатынан алып  – кылбагандыгы баарыбызга белгилүү. Ар бир иш-амалы, кеп-сөздөрү, ал тургай асхабдарынын айрым иштерине сүкүт сакташы да вахийден. Буга вахий белгилүү бир мөөнөт токтоп калган убакта Расулуллах(с.а.в) вахийди күтүүдөн башка эч бир иш кыла албаганын далил келтирсек болот. Аллах Таала айтат:

وَمَا يَنْطِقُ عَنْ الْهَوَى() إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْيٌ يُوحَى

Ал (Мухаммад) өз ой-каалоосун сүйлөбөйт, анын сөздөрү вахийден башка нерсе эмес.[53:3-4].

 Учурда вахий күтүүгө зарылдык жок, анткени рисалат толук болуп, Кыяматка чейин вахий токтотулган. Ислам адамдын жашоодогу бардык иштерин толук баян кылган. Бул тармакта аз болсо да шектенүү куфр экендигине төмөнкү аят далил болот:

وَيَوْمَ نَبْعَثُ فِي كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا عَلَيْهِمْ مِنْ أَنفُسِهِمْ وَجِئْنَا بِكَ شَهِيدًا عَلَى هَؤُلَاء

 وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ

(Кыямат күнү) ар бир үммөт арасынан өздөрүнөн болгон бир күбөнү (т.а. пайгамбарды) алып келебиз. Сени болсо (эй Мухаммад), тиги (өз үммөтүңө) күбө кылып келтирдик жана сага бардык нерсени баян кылып берүүчү, хидаят, рахмат жана мусулмандар үчүн кушкабар болгон Китепти (Куранды) түшүрдүк.[16:89]

Саясатты же экономиканы башка элдерден үйрөнүү фасыктык болуп, “саясатты же экономикалык түзүмдү башкалардан үйрөнөбүз, өзүбүздү күчөтөбүз же кемчиликтерибизди толтурабыз” деп айткан ар кандай адамдын динден чыгып калышына жогорудагы аят далил болот. Туура Ислам экономика илимине эмес, экономикалык түзүмгө, башкача айтканда, экономика саясатына көңүл бурат, байлыктан пайдалануу жана пайдага ээлик кылуу көрүнүшүн талкуунун темасы деп билет. А бирок, байлыкты өндүрүүгө, өстүрүүгө о.э. кызыкчылыктын васиталарына таптакыр аралашпайт. Ушундан белгилүү болгондой, нефть, тактай же темир сыяктуу нерселерди кандай иштетүүнү, байытууну башка элдерден алуу жаиз, себеби Анас (р.а.) дан риваят кылынышынча, Расулуллах(с.а.в) курманы чаңдаштыруу маселесинде:

«أَنْتُمْ أَعْلَمُ بِأَمْرِ دُنْيَاكُمْ»

«Дүйнө иштерин силер жакшыраак билесиңер», — деген. Дагы риваят кылынышынча, Расулуллах(с.а.в) эки мусулманды курал жасоону үйрөнүү үчүн Яманга жиберген.

Бирок, экономика саясатын башка элдерден алуу арам, башкача айтканда, Ислам мүлккө ээ болууну эмгек, мурас, жашоо үчүн мал-дүйнөгө болгон муктаждык, мамлекеттик мүлктөн элге берилиши жана жеке адамдар мал же эмгек жумшабай ала турган мүлктөр менен чектеп койгон. Башкача айтканда, мүлккө ээлик: «Ээсине бирер нерседен пайдаланууга жана анын акысына башка нерсе алышына мүмкүнчүлүк берилишин талап кылуучу, пайда же нерсе менен белгиленген шаръий өкүм» деген аныктама берилген. Ушуга ылайык, мүлккө ээлик кылуу – пайда же нерсе менен белгиленген шаръий өкүм, башкача айтканда ал Аллахтын уруксаты. Экономикалык саясат – бул адамдардын иштерин пландаштырууну муалажа кыла турган өкүмдөрдөн көздөлгөн максат. Исламдагы экономикалык саясат ар бир адамдын бардык асасий (негизги) керектөөлөрү кандырылышын кепилдөө о.э. адамдарга камалий (жогорку) керектөөлөрүн мүмкүн болушунча кандыруу мүмкүнчүлүгүн берүүдөн турат. Ошондуктан, Ислам саясатын башкалардан үйрөнүү мүмкүн эмес, шаръий жактан болсо арам. Себеби, Расулуллах(с.а.в) ал тургай Муса(а.с.)дын саясатын үйрөнүүдөн да катуу тыйган. «Расулуллах (с.а.в.) Умар ибн Хаттаб р.а. Тоороттун бир бөлүгүн карап отурганын көргөндө ачууланып: «Мунун ордуна аппак, нукура Китепти алып келбедимби?! Эгерде боордошум Муса тирүү болгондо, мени ээрчиген болор эле», – деген».

Исламий өлкөлөрдөгү азыркы саясат – акимдер Үммөттүн укуктарын тебелеген, же Үммөт алдындагы милдетин аткарууга кайдыгер караган, же Үммөттүн иштеринен бирди-жарымына кайдыгерлик кылган, же Ислам өкүмдөрүнө тескери саясат жүргүзгөн учурда аларга каршы чыгуу, ката иштерин ачып таштоо, аларды мухасаба кылуу жана каршылык көрсөтүүлөрдө о.э. алардын куфр мыйзам жана түзүмдөрүн колдонууга негизделген башкаруусун жок кылып, анын ордуна Ислам башкаруусун тикелөөгө аракет кылууда көрүнөт. Ар бир мусулманга жашоосунда зарыл боло турган шаръий өкүмдөрдү билүү фарзи айн. Себеби, ал өз иштерин шариат өкүмдөрүнө ылайык аткарууга буюрулган. Саясат менен алектенүүнү максат кылган момунга болсо, Үммөттүн жашоосундагы өкүмдөрдү да билиши, башкача айтканда, фикхти билиши фарз. Бухарий Муавия ибн Абу Суфяндан риваят кылышынча, Расулуллах A:

«مَنْ يُرِدِ اللَّهُ بِهِ خَيْرًا يُفَقِّهْهُ فِي الدِّينِ»

«Кимге Алла жакшылыкты кааласа, аны динде факих кы­лат», — деген.

Гариб Муслим.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here