АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Өзбекстанга барат

438
0

АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Өзбекстанга барат

АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Пакистан, Катар жана Өзбекстанга сапар кылып, Афганистандагы “тынчтык жараянын” талкуулайт. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин кабарында айтылган.

Афганистан маселеси Россия менен АКШнын ортосундагы стратегиялык чекит болуп эсептелет. Себеби, АКШ Борбор Азиядагы кызыкчылыктарына жетишинде, Россия болсо бул жердеги таасирин кармап калышында Афганистан маанилүү роль ойнойт. Өзбекстан болсо эл аралык эки ири оюнчунун ортосунда калды. Өзбекстан стратегиялык жактан маанилүү чекитте жайгашкан, мындан тышкары, Борбор Азиянын негизги стратегиялык багытына таасир көрсөтө ала турган  о.э. табигый ресурстарга бай мамлекет болуп эсептелет. АКШ, Россия жана Кытайдын ортосундагы геосаясий күрөш Борбор Азияда, анын ичинде, Өзбекстанда жүрүп жатат.

АКШ Борбор Азияны Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарга алып чыгуу менен экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына жетмекчи болууда. Эгерде бул долбоор ишке ашса, АКШ бүтүндөй регионду Россиянын экномикалык таасиринен куткара алат. Себеби, бул жол дүйнөгө Россия аркылуу гана чыгышы мүмкүн болгон багыттарга альтернатива болуп, Борбор Азияны Россия жана Кытайдын экономикалык колониясынан чыгарып жибериши мүмкүн. Бул АКШга экономикалык жана саясий пайда алып келиши мүмкүн болгон маанилүү долбоорлордун бири. Ал үчүн болсо Афганистанда тынчтык орношу зарыл. Ошол себептен да Америка “Талибан” менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө киришип, миңдеген талиптерди бошотууга ыраазы болду. Өзбекстанды болсо ушул тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү ортомчулардын бири кылып тандады.

 Абудрахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here