Парад: вирус, саясат…

56
0

Парад: вирус, саясат…

Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн Моквага барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ал парадга катыша албады.

Расмий кабарда айтылышынча, буга Москвага Жээнбеков менен бирге барган президенттик админстрация кызматкери Данияр Сыдыковдон жана жансакчылардын биринен коронавирус аныкталгандыгы себеп болгон.

Сереп: Россиянын  Кыргызстандын президентине кылган мамилеси ар тараптан ар түрдүү талдоолорго себеп болду. Путин Кыргызстандын президентин атайылап кордодубу, же бул Кыргызстан президентинин эл аралык саясат алдында өзүн начар, бечара кылып көрсөтүүдөгү кезектеги оюнубу? Талкуулар жалаң гана ушул пикирлердин тегерегинде болушу мүмкүн.

Эки абалда тең бул иш аракет Путин тарабынан атайылап, же келишилген абалда уюштурулду. Антпесе, бул иш Путин режимине карата атайын саботаж деп кабыл алынмак. Андай болбоду. Тескерисинче, Путин парадга катышпаган Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жээнбеков шайлоонун алдында Россияга итаатсыздык кыла албайт.

Кыргызстанда батышчыл күчтөр пайда болуп, россиячыл саясий чөйрө алсыраганы себептүү бошотуп жаткан позицияларды ээлеп жатышат. Батышчыл күчтөр өлкөдө саясий кубатка ээ болушу үчүн демократиялык баалуулуктар сакталышы жана илманий (светтик) көз караштагы адам укуктары корголгон мухит болушу маанилүү. Кыргызстанда Батыш хазараты үчүн ыңгайлуу мухит пайда болуп, батышчыл күчтөр шайлоодо андан пайдаланмакчы болушкан эле. Бирок, коронавирус пандемиясы Жээнбеков командасы үчүн аябай пайдалуу болуп турат.

Өзгөчө абал режими учурунда демократиялык баалуулуктар четке сүрүлөт. Адамдын акы-укуктары чектелет. Кыргыз бийлиги бул абалга бекем жабышып, жарандардын ишениминен кетип жатышканын билишсе да, вирусту жуктуруп алгандардын саны критикалык чекке жетпеген болсо да, вирустан каза болгондор коркунучтуу деңгээлде болбосо да, өзгөчө абалды бошотуп жибере алышпайт! Азыр жетекчи топтун өкүлдөрү, ага моюн сунган кызматкер катмардын өкүлдөрү оорулуулардын санын көбөйтө башташты. Ар бир мекемеге жашыруун тапшырма берилгендей, ар бир тармактын өкүлдөрү алардын бир нече кызматкерине вирус жуккандыгын жарыялай башташты. Президенттик аппараттын  өзү да аларга үлгү болуп берүүдө.

Демек, Кыргызстанда саясий кыраал курчуп барууда. Жээнбеков Россияда өзүнүн жанындагы адамдардан вирус табылганын дүйнөгө жарыялоо менен өзү Россия менен бир максатта жана бир тарапта экендигин  көрсөтмөкчү болду. Бул иш президент жана мамлекет үчүн уят экендигине көңүл бурбады.

Азырынча Путинге дагы эмнелерди убада кылганы белгисиз, бирок, күтүлүп жаткан парламенттик шайлоо президенттин артында турган жетекчи топ үчүн өмүр-өлүм маселеси болуп, алар шайлоодо жеңип чыгуу үчүн эч нерседен кайра тартышпайт. Пандемия дүрбөлөңүн күчөтүү ушул саясатка байланыштуу иш болуп, керек болсо вирусту атайылап таратуудан да кайра тартышпайт. Себеби, шайлоо аябай бурмалоо менен өтөрү анык. Нааразы күчтөр аябай көп болот. Бийлик өзүн пандемия дүрбөлөңү артынан өзгөчө абал жана карантин режимдерин киргизүү гана сактап каларын билип, бир катар тактикалар негизинде иш алып барууда.

 Бийликке караштуу бардык күчтөр, маалымат каражаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ушул тарапка багытталды. Бийлик эми артка кайта албайт. Бирок, элден үзүлүп бара жаткан бул багыт мамлекетти порох салынган челек сыяктуу кооптуу абалды көздөй алып бара жатат. Президент Россияга таянуу менен элден биротоло үзүлүп, элди тоготпой, эл менен эсептешпей койду. Мисалы, саясий жана экономикалык абал ушунчалык начарлап кетишине карабастан, Жээнбеков акыркы кезде бир жолу да калкка кайрылган жок. Элдин арыз-муңун сурап же сабырга чакырып койбоду.  Демек, саясий абал аябай курчуду, дүрбөлөң жасалма. Бийлик курчуп бара жаткан кырдаалды жөнгө салуу үчүн карантин киргизип, элди үй камагына алмакчы болууда. Бул куру кыял узакка алып барбайт!

Абдураззак Муъмин.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here