Пандемия учурунда Өзбекстандагы жумушсуздардын саны 2 миллионго жетти

40
0

Пандемия учурунда Өзбекстандагы жумушсуздардын саны 2 миллионго жетти

Коронавирус пандемиясы доорунда Өзбекстандагы жумушсуздардын саны 600 миңге көбөйүп, жалпысынан 2 миллионго жетти. Бул тууралуу kun.uz сайты  кабарлады.

Кабарда: «Жыл башында жумушсуздардын саны 1 миллион 400 миңдин тегеринде болчу. Ошондон кийин пандемия таасиринде айрым ишканалар жабылганы себептүү жумушсуздардын саны 2 миллионго чукулдады. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөгү жумушуна бара албай жаткан 500 миңдей жараныбыз бар”, -деп айтылат.

Пайыздык чен менен ала турган болсок, Өзбекстанда пандемияга чейин жумушсуздук көрсөткүчү 9,3 пайызга барабар эле. Учурда бул көрсөткүч болжолдуу эсеп менен 14-15 пайызга жетти.

Мындан бир аз мурда Bloomberg агенттиги Эл аралык валюта фонду Өзбекстанда жумушсуздуктун деңгээли быйыл 16,5 пайызга жетиши мүмкүндүгүн кабарлаган болчу.

Кабарда келишинче, буга чейин Өзбекстандагы жумушсуздук быйыл 8,9 пайызга жетери болжолдонгон. Агенттиктин билдиришинче, Өзбекстан өкмөтү жумушсуздук көрсөткүчүн расмий түрдө мындан азыраак кылып көрсөтүүдө.

Комментарий: Негизи, жумушсуздардын саны бул көрсөткүчтөн бир топ жогору.

Орто Азия калкы, менталитетинен келип чыгып, расмий эмес жумуш жана өздүк мүмкүнчүлүктөрүнө таянып оокатын өткөрүшөт.

Эл аралык саясатка көзкаранды болгон дүйнөлүк башкаруу системасы дүйнө жүзүн өз кызыкчылыктарына ылайык тартипке салган. Дүйнөлүк түзүм боюнча жетекчи мамлекеттердин оор жана жеңил өнөржайы өнүккөн болуп, алар өз калкынын чоң бөлүгүн жумуш менен камсыздай алышат.

Колония өлкөлөр, башкача айтканда, үчүнчү дүйнө мамлекеттери сырьё же айыл-чарба продукциясы үстүнө курулган болуп, аларда оор жана жеңил өнөржай өнүккөн эмес. Ошондуктан, алар өз жарандарын жумуш менен камсыздай алышпайт. Жетекчи мамлекеттер бизге алып кирген биргелешкен ишканалар да жумушсуздук маселесин толук чече албайт.

Өнөржайы өнүккөн ири мамлекеттер менен үчүнчү дүйнө мамлекеттери ортосундагы жашоо деңгээли кескин айырмаланып, табигый түрдө Батыш өлкөлөрүндөгү жарандардын жашоо деңгээли аябай өнүгүп кетти. Эл аралык саясат бул проблеманы Чоң Сегиздик жана Чоң Жыйырмалык уюмдары аркылуу чечүү үчүн резолюцияларды кабыл алган. Мойнуна алган милдеттенме боюнча, алар жакыр жакыр мамлекеттердин жарандарына ар түрдүү экономикалык, каржылык, аскерий жана саясий жардамдарды бериши керек.

Бирок, капиталисттик башкаруу саясатынын табиятынан келип чыгып, дүйнөдө жакырчылык деңгээли өстү. Өз кезегинде үчүнчү дүйнө мамлекеттери дүйнөнүн чоң бөлүгүн ээлегендиктен жана дүйнөдөгү калктын көпчүлүгүн түзгөндүктөн, жетекчи мамлекеттер мойнуна алган милдеттенмелер аткарып болбой турган деңгээлде чоңоюп, проблемалар пайда болду. Ушундан келип чыгып, алар – ар түрдүү айла-амалдар менен – эл аралык коомчулук алдында мойнуна алган милдеттенмелеринен баш тарта башташты.

Өзбекстан жана башка агрардык мамлекеттерде күчөп бара жаткан жакырчылык, жумушсуздук сыяктуу проблемалар негизи эл аралык коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын проблемасы эле. Алар ар түрдүү компенсацияларды төлөшү, мигранттар жана качкындар боюнча мойнуна алган бардык милдеттенмелерди аткарышы керек. Бирок, алар мойнуна алган бардык милдеттенмелерден баш тартышты. Эл аралык мыйзамдар аларды жазага тарта албайт. Себеби, жазаны ишке ашыра турган эл аралык мамлекеттин өзү жок. Жазаны жетекчи мамлекеттердин өздөрү аткарышат.

Биздин кыянатчы жетекчилерибиз эл аралык мыйзамлардагы акы-укуктарыбызды талап кыла алышпайт. Эгерде алар кыянат кылышса, башкача айтканда бизден бир сырьёну алып кетип аны кайрадан иштетүү жолу менен тапкан кирешеден мойнуна алган төлөмдөрдү төлөшпөсө, анда эмне үчүн биз алар түзүп берген өнөржайды өнүктүрбөстүк түзүмүнө моюн сунуп, мойнубуздагы милдетибизди кулдай аткара беришибиз керек?

Эми коронавирус пандемиясынан пайдаланып, өздөрүн үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин жарандарынан изоляция кылып алмакчы болушууда. Алар чечиши керек болгон бардык проблемаларыбызды өзүбүзгө тапшырып, көзөмөлдү бир топ күчөтүү менен эл аралык башкаруу түзүмүн өзгөртмөкчү болушууда.

Бул жаңы дүйнөлүк башкаруу түзүмүндө биз мурунку мүмкүнчүлүктөрүбүздүн көбүнөн ажырайбыз. Бирок, дүйнө (Батыш) алдында мойнубузга алган милдеттерибиз күчөйт. Жумушсуздук жана жакырчылык күчөп, саясий жана аскерий кырдаалдар курчуйт. Эл аралык саясат мойнуна алган бардык милдеттенмелерден баш тартып, аны биздин мамлекет башчыларыбызга өткөрүп берет. Биздин жетекчилер болсо өз калкына зулумду күчөтүүдө колонизатор мамлекеттерге толук көзкаранды болушат.

 Абдураззак Муъмин.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here