Лукашенко Эл аралык валюта фонду карантин киргизүүнүн акысына убада кылган акчадан баш тартты

314
0

Лукашенко Эл аралык валюта фонду карантин киргизүүнүн акысына убада кылган акчадан баш тартты

Белорусия президенти Александр Лукашенко “Эл аралык валюта фондунан каржылык жардам алуу акысына мамлекетте карантин режими киргизилбейт” деди.

“Sputnik Белорус” сайтынын кабарына таянсак, Белорустун президенти Александр Лукашенко: ”Алар биздин вирус менен натыйжалуу күрөшүүбүздүн акысына он эсеге көбүрөөк каржылык жардам бериши мүмкүн. Ал тургай, биздин саламаттыкты сактоо министрлигибизден кеңеш сурамакчы. Эл аралык валюта фонду болсо, бизден карантин, изоляция, өзгөчө абал киргизүүнү талап кылууда. Бул кандай акмакчылык? Биз аларга жагынбайбыз”, – деди.

Сереп: Эл аралык саясаттын пандемия дүрбөлөңү негизинде дүйнөдөгү мамлекеттерди кордоо стратегиясына Белорусия каршы чыкты. Башында Тажикстан да ушул жол менен бара жаткан эле. Кийинчерээк, Дүйнөлүк банк сунуштаган каржылык жардам жана башка басымдар алдында туруштук бере албай, ал да дүйнөлүк кербенге кошулуп өлкөдө карантин жарыялады.

Маселе коронавирус менен натыйжалуу күрөшүү жөнүндө болуп жаткан жери жок. Тескерисинче, мамлекеттердин алсыз чекиттеринен пайдаланып, аларды эл аралык саясаттын басымы астында эл аралык дүрбөлөң кербенине кошулууга мажбурлоо негизинде ишке ашырылууда.

Мамлекеттер биринин артынан бири жасалма пандемия дүрбөлөңүнө кошулуп, Дүйнөлүк банктан карыз алуу үмүтүндө өз өлкөлөрүнүн экономикалык системаларын иштен чыгарышты.

Эл аралык саясат болсо, триллиондогон доллар жумшап болсо да, дүйнөдө пандемия дүрбөлөңүн кармап турууда бир гана жетекчи мамлекеттин (АКШнын) кызыкчылыгы негизинде иш алып барууда. Жетекчи мамлекеттер кызыкчылыгы негизинде ишке ашырылып жаткан пандемия дүрбөлөңү майда мамлекеттердин саясий жана экономикалык жашоосуна каржылык көмөк көрсөтүү айла-амалы менен алар үчүн пайдасыз жана зыяндуу экономикалык механизм киргизип жатышат.

Белорусия мамлекети коронавирус менен күрөштө өзгөчө абал киргизбей күрөшүү пайдалуу экенин далилдеп жатат. Лукашенко эл аралык саясатка каршы туруп, мамлекетте экономикалык система кыйрашына жол бербеди. Кыргызстан жана Өзбекстан сыяктуу мамлекеттер буга батына алышпады. Лукашенконун кежирдиги эл аралык саясат үчүн кымбатка түшүүсү мүмкүн. Ал пандемия дүрбөлөңү жасалма экенин далилдеп жатат.

Мындай дүйнөлүк деңгээлдеги аферисттик жана маалыматтык монополия буга чейин болгон эмес. Бул пандемия дүрбөлөңү жасалма болбогондо Белорусиянын калкы алда качан эле кыргынга учурап, табигый карантиндик абалга дуушар болуп калышы керек эле. Натыйжада эл аралык саясат ишке ашырып жаткан жасалма дүрбөлөң үчүн кооптуу абал пайда болду. Ошондуктан, Белорусияга ар тараптан басымдар болушу табигый.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here