Трамп: АКШ аскерлери эми башкалардын жаңжалын жөнгө салбайт

536
0

Трамп: АКШ аскерлери эми башкалардын жаңжалын жөнгө салбайт

 АКШ президенти Дональд Трамп Америка аскерлери эми башка мамлекеттерди тикелебестигин жана өзгөлөрдүн жаңжалын жөнгө салбастыгын айтты.

 “Биз аягы көрүнбөгөн согуштар доорун бүтүрүп жатабыз. Американын маанилүү кызыкчылыктарын коргой турган жаңы, табигый көз карашы өз ордуна кайтты. Ал тургай адамдар укпаган алыс мамлекеттердеги байыркы жаңжалдарды жөнгө салуу америкалык аскерлердин милдети эмес. Биз бул дүйнөнүн полициячысы эмеспиз”, – деди Трамп Вест-Пойнт аскерий академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө кайрылуусунда.

Трамптын айтымында, Америка армиясы башка мамлекеттердеги абалды жөнгө салуу эмес, өз мамлекетин тышкы душмандан коргоо принцибине кайтат.

Ошону менен бирге, Трамп АКШ аскерлери буга чейин терроризм менен күрөшүү үчүн киргизилген мамлекеттерде калышы жөнүндө конгресске билдирген. АКШ аскерлери Афганистан, Ирак, Сирия, Иордания, Түркия, Ливан, Мисир, Филиппин, Араб жарым аралы, Косово, чыгыш Африка жана Чад көлү бассейнинде жайгаштырылган.

 Комментарий: 2010-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама конгресс алдында сүйлөгөн сөзүндө: “Биз эми исламий мамлекеттерде аскерлерибиздин өмүрүн коркунучка дуушар кылбайбыз. Эми алар өз өлкөлөрүндөгү “терроризм” жана “экстремизм”ге каршы өздөрү аракет кылышат. Биз бул иште аларга жардам берип турабыз”, – деген эле.

 Кийинчерээк, 2014-жылдын сентябрь айында Барак Обама терроризм (Ислам) менен күрөшүү жана Сириядагы жихадий аракеттерди жок кылуу, анын ичинде “ИШИМ” уюмун жеңүү боюнча жаңы стратегия иштеп чыгып, сенатка сунуштаган.

 Белгилүү болгондой, АКШда саясат президент тарабынан белгиленбейт, тескерисинче жетекчи капиталисттер кызыкчылыгы негизинде алып барылат. Ошол себептен да АКШда президент алмашса да Американын дүйнөлүк саясатында өзгөрүш болбойт. Бүгүнкү күндө Трамп жүргүзүп жаткан саясат 2010-жылы Обама баштап берген саясат жана стратегиянын уландысы. Колонизатор капиталисттик куфр түзүмү Ислам жана мусулмандарды аскерий же мабдаий жактан жеңүү мүмкүн эместигин түшүнүп жеткен соң, өзүнүн жаңы адаштыруучу стратегиясын иштеп чыкты. АКШнын жаңы стретегиясында Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө “сабын өзүнөн чыгаруу” жана мусулмандарды “радикал”, “эстеремист”, “террорист” жана “мээлүүн”гө бөлүү менен мусулмандар биримдигинин алдын алуу о.э. мусулмандар ортосунда келишпестиктерди үзгүлтүксүз пайда кылып турууну пландаштырган.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here