АКШ ДСУну каржылоону токтотту

48
0

АКШ ДСУну каржылоону токтотту

АКШ президенти Дональд Трамп Америка Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун (ДСУ) каржылоону токтотконун билдирди.

Анын айтымында ДСУ коронавируска каршы натыйжалуу күрөшө албай жатат жана уюм толугу менен Кытайдын көзөмөлүндө иш алып барууда. Кытай бийлиги өз милдеттенмелерин таптакыр аткарбай, ДСУга жаңы коронавирус канчалык кооптуу экени жөнүндө туура маалымат берген эмес.

Трамп АКШнын ДСУнун бюджетине салымы 450 миллион доллар болсо, Кытайдыкы болжол менен 40 миллион доллар экенин кошумчалады.

Капитализм түзүмүндө баарынан мурда экономикалык жакка көңүл бурулат. Себеби, капитализм түзүмү материалдык пайдага негизделгендиктен, анын табияты ушуну талап кылат. Коронавирус дүйнөнү силкинтип жаткан бир учурда АКШнын аракеттери муну даана көрсөтө баштады. Демек, дүйнөдөгү капиталисттик мамлекеттер экономикасын сактап калууну элдин саламаттыгынан жана өмүрүнөн үстөм коюшу табигый көрүнүш. Алардын назарында вирустун эң чоң коркунучу адамдардын өлүмү эмес, экономикалык кризисти пайда кылышы. Алар “адамдар өлсө да, капитализм түзүмү уланышы керек” деп билишет. Эгерде капиталисттик экономика кыйраса капитализм түзүмү кошо кулайт. Ошондуктан, алар капиталисттик экономиканы сактап калуу үчүн жан-үрөп аракет кылышууда.

Бул абал Батыш дүйнөсүнүн шермендесин чыгарууда. Алардын адам укуктарын коргоо жана эркиндиктерди кепилдөө деген сөздөрү жасалма экендиги ачылууда. Бул түзүмдө ар дайым бай топко көңүл бурулат, карапайым адамдар болсо алардын кызыкчылыктары жолунда колдонулат. Батыш айтып жаткан «адам укуктары» – бул анын жийиркеничтүү колонизатордук жүзүн жаап-жашыруу гана. Мисалы, саламаттыкты сактоо да адам укуктарынын бири. Эгерде капитализмге негизделген Батыштын башында турган Американын адам укуктарын коргоону бардыгынан жогору коёру чын болсо, ал эң алгач адамдардын саламаттыгын коргомуш болгон ДСУну каржылоону токтотпойт эле.

Ошондуктан, бул дүйнө капитализм чеңгелинен кутулуп, анын ордун адамзат үчүн жалаң гана жакшылык алып келүүчү Ислам түзүмү ээлегенде гана адилеттүүлүк жана ынсап эмне экендигин сезиши мүмкүн, антпесе караңгылык айлампасында жүрө берет. А бирок, бул нерсе өзүнөн-өзү болуп кала турган иш эмес. Туура, капитализм мабдасы кулап бара жаткандыгын жана анын каршысында Ислам мабдасы боюн тикелеп келе жаткандыгын Батыш идеологдору да моюнга алышууда. Бирок, бул капитализмдин ордун Ислам эээлегендигин түшүндүрбөйт. Тескерисинче, бул иш мусулмандардан мээнет жана курмандыктарды талап кылат. Бул илахий мыйзам. Аллахтын нусраты жүзөгө чыгышы жана Ислам өкүмдөрү жашоого кайтышы үчүн албетте аң-сезимдүү аракет керек. Ушундай болгон соң, урматтуу мусулмандар, белди бекем бууп, Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аң-сезимдүү, калыс мусулмандар менен жанма-жан аракет кылууга шашылгыла, ыңгайлуу учурду колдон чыгарбагыла.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here