Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн донорлордон 462 млн доллар алат

361
0

Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн донорлордон 462 млн доллар алат

Кыргызстандын эл аралык донорлордон 462 млн доллардан ашык жардам алуу жөнүндө келишимдери бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Эл аралык валюта фондунан 2 транш менен насыяга болжол менен 242 млн доллар (241 млн 948 миң 003 доллар) келди. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга багытталды.

Ал эми Азия өнүктүрүү банкынан 3 транш менен келет. Биринчи транш боюнча, финансы мекемеси менен келишимге кол коюлду. Ага ылайык, июнь айынын башында 50 млн доллар келет, бул гранттык негизде. Экинчи транш менен дагы 50 млн доллар келет. Эки транш тең бюджетти колдоого багытталат.

Мындан тышкары, Азия Өнүктүрүү Банкы 20 миллион доллар бөлөт. Бул коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык керектүү жабдуулар менен дары-дармек алууга жумшалат.

Жалпысынан Азия өнүктүрүү банкы 120 млн доллар бөлөт.

Дүйнөлүк банк инвестициялык «COVID-19 боюнча ыкчам долбоор» жана «Кыргызстандагы табигий кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорлоруна 21 млн 150 миң доллар бөлүп берет. Анын жарымы гранттык, теңи насыялык негизде. Бул саламаттык сактоо тармагы үчүн жабдуу жана каражаттарды алууга багытталат.

Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек сатып алуу үчүн 15 миллион доллар насыя берет

Евросоюз билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн 15 млн 300 миң евро бөлүп берет. Санариптештирүүгө байланыштуу иш-чаралар үчүн 6 млн евро, социалдык коргоо чөйрөсүнө 9 млн 500 миң евро, жалпысынан Евробиримдик Кыргызстанга 33 млн 880 миң долларды гранттык негизде берет.

Германия өнүктүрүү банкынын 30 миллион 352 миң 500 доллар өлчөмүндөгү каражат азык-түлүк коопсуздугун мындан ары да камсыз кылуу максатында фермерлерди колдоого жумшалат

 Комментарий: Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: “Тышкы жардамды беренелер боюнча колдонуу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү сунушу болгон. Учурдагы система муну жасоого жол бербейт. Көзөмөл боюнча айтсак, Эсеп палатасы бар, көзөмөлдөөчү башка органдар, Жогорку Кеңештин комитети, бюджеттик чыгымдар тууралуу өкмөт отчёт берген парламенттин өзү бар”, -деген эле.

  Расмий кабарларда эл аралык уюмдардан алынып жаткан карыздардын ири бөлүгү бюджеттин чыгашаларына жумшалары айтылууда. А бирок, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев июнь айында пенсия, жөлөкпул жана айлык маселесинде кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүндүгүн билдирди. Демек, алынып жаткан карыздар бюджеттик чыгашаларга жумшалбайт.

 Кыргызстанда терең тамыр жайган коррупция балээсин эсепке алганда, бул карыздар өз ордуна жумшалары күмөн. Мисалы, ТЭЦ  маселесин алсак, ошол кездеги расмий өкмөт ТЭЦти модернизациялоо үчүн Кытайдын Эксимбанкынан 386 миллион доллар карыз алган. Арадан эч канча убакыт өтпөстөн, кыштын кыраан чилдесинде ири өлчөмдөгү карызга модернизацияланган ТЭЦте авария болду. Кийинчерээк текшерүүлөрдүн натыйжасында, бир кычкач 600 долларга бааланганы белгилүү болгон…

 Биз өкмөттөн ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүүнү о.э. жумшалып жаткан каражаттар боюнча отчётту талап кылбаганыбыз себептүү бийликтегилер колуна тийген каражатты каалагандай пайдаланып жатышат. Карыздарды төлөө убагы келгенде, азыр бийликте турган жана карыздарды каалагандай пайдаланып жаткан чиновниктер чөнтөгүнөн төлөшпөйт. Бул карыздар карапайым калк төлөгөн салыктар жана кен-байлыктар эсебинен кайтарылат. Же болбосо, мурунку карызды жабуу үчүн дагы кайрадан карыз алышат. Натыйжада биз эле эмес, балдарыбыз да төлөп бүтө албай турган карызга батырып коюшат. Акыбызды талап кылалы!

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here