Империализм: Пандемиядагы массалык манипуляция

481
0

Империализм: Пандемиядагы массалык манипуляция

Бүгүнкү күндө империалисттер дүйнөгө ООН (БУУ) аркылуу өкүм жүргүзүүдө. Алардын маалымат айдыңындагы өкүмдарлыгы ООН тутумундагы ЮНЕСКО уюму аркылуу ишке ашат. Эгер империалисттер тил бириктирип, дүйнө бойлоп кандайдыр бир саясат жүргүзмөкчү болсо, ЮНЕСКО көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары аркылуу дүйнө адамдарынын психологиясын манипуляция кылышат.

Негизи, азыр дүйнөнү башкарып турган Америка, Британия, Франция, Германия жана Россия мамлекеттери дүйнөлүк маалымат каражаттарынын 90%ын монополия кылып алышкан. Алар 70 000ден ашык радиоуктурууларга, 50 000ден көп телеканалдарга ээ. 3-дүйнө мамлекеттеринде болсо, кайра эле мына ошол империалисттердин маалымат каражаттарынын филиалдары алдыңкы орунда турат. Мисалы, Кыргызстанда “Азаттык”, “Би-Би-Си”лер бааланганы сыяктуу. О.э. жергиликтүү маалымат каражаттары алардын “Ассошиэйтед Пресс”, “Юнайтед Пресс”, “Рейтер”, Франция кабар агенттиги жана Германия кабар агенттиги сыяктуу агенттиктерине таянган абалда маалымат таркатышат. Империалисттердин дүйнө элин психологиялык жактан манипуляция кылуусу мына ушулар аркылуу ишке ашат.

Манипуляция деген эмне? Жөнөкөй тил менен айтканда, манипуляция – бул башка бир тараптардын кабыл алуусун жана жүрүм-турумун өз кызыкчылыгына ылайык өзгөртүү. Мында манипулятор жалганды жашыруу, же калпты чындай кылып көрсөтүү, өз кызыкчылыгын обеъктисине пайдалуу кылып көрсөтүү ж.б.у.с.ыкмалар аркылуу өз объектиси менен ыхтыярдуу түрдөгү тил табышууга жетишет.

Ооба, коронавирустун табийгый түрдө жайылышынын ыхтымалы күчтүү чыкты. О.э. дүйнөнү бийлеп жаткан империалисттердин бул вирус каршысында алсыздык көрсөткөнү да чындык. Анткени, анын вакцинасы да, дарысы да чыга элек. Ошондуктан, империалисттер аны көзөмөлдөөгө жетише албай жатышат. Бирок, ошого карабастан, алар мындан өздөрүнүн дүйнөлүк, эл аралык, жергиликтүү саясаттарына пайдалануу жолуна өтүп алышты.

Империалисттер пандемия дүрбөлөңүнөн пайдаланып, өздөрү тил бириктирген дүйнөлүк бир саясий долбоорун ишке ашырууга киришишти. Ал саясат империалист-капиталисттердин дүйнө калкынын санын азайтуу саясаты. Ушундан улам, империалисттер пандемия карантиндери, андан келип чыга турган экономикалык жана жалпы кризистер, жарандык жана регионалдык согуштар, ачарчылыктар аркылуу калктын санын азайтмакчы болушууда. Андыктан, империлисттер дүйнө калкын пандемия дүрбөлөңүнө ишендирүү үчүн маалымат каражаттары аркылуу аларды манипуляциялоо ыкмаларын ишке салышты. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

– Пропаганда.  Маалымат каражаттарынын бардыгында негизги жана көпчүлүк кабар коронавирус тууралуу болуп калды. Мисалы, Кыргызстанда “Азаттык”, “Бибиси”, “Акипресс”тердин 40% кабарлары коронавируска түз же кыйыр түрдө байланыштуу болууда.

– Адамдарды жалгандан коркууга салуу. Вирус табияты так аныктала электе эле, алар адамдарды коронавирус себептүү кыргынга учуроо менен коркутушту.

– “Крокодил ыйы”. Тиерде мынча жайылды, мынчасы өлдү, мынча каражаттар менен жардам беребиз, адамзатты кыргындан сактап калалы деп айгай салышты.

– Жаза. Пандемия дүрбөлөңүн тан албаган мамлекет жетекчилерин мамлекеттик төңкөрүштөр менен коркутушту. Мисалы, Бразилия жана Тажикстанда ушундай болду. Ал эми Белоруссияда эл аралык саясатка тиешелүү кош стандарт кетүүдө. Белоруссия Европа менен виза, Америка менен мунай келишимдерине келип, Батыш менен ымала түзүп баратканы себептүү, азырынча Батыштын “кечиримине” жетишүүдө. Ал эми Россиянын болсо жазасына калууда. Себеби, мындай саясат Россиянын пандемияны ички саясатына пайдаланып калуу аракетине тескери келет. Ошондуктан, Россия маалымат каражаттары Белоруссиянын коронавируска каршы күрөшүнө чабуул жасоодо.

– Ынандыруу. Батыш империалисттери ишеничтен кеткендиктен, элде вакцинацияга каршылык күчөп барууда. Анын алдын алып, Кыргызстанда Роза Отунбаева вакцина бекер берилиши боюнча демилге көтөрдү. Бул болсо калкты вакцинацияга көндүрүү аракети болуп саналат. Б.а. экс-президент элге бекер уу ичирмекчи болууда. Өкмөттүн грипке каршы вакцинацияны улантуусу да ушуга кирет. Бирок, грипке каршы вакцинанын ушул убакка чейин эч кандай таасири болбогондуктан, адамдарды аны менен ынандыруу мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан, эми кызамыктын вакцинасын “не в тему” көтөрүп чыгышууда. Анткени, мурун кызмык вакцинасынын таасири болгондугу жаатында бир аз ишеним бар. Эми ушул аркылуу ишеним жаратышканы жатышат. Булар чиновниктер тилинде жана маалымат каражаттарында айтыла баштады.

– Жашыруундук. Калкта коронавирус жаатында көптөгөн шектүү суроолор жаралганына карабастан, эч бир мамлекет аларга канааттандырарлык жооп берген жок. Мунун сырлары мамлекеттик сырлардан да өтүп кетти. Шектүү суроолор болсо маалымат каражаттарында жарыяланган жок.

Ушулардан улам, урматтуу мусулман бир туугандар, ойлонуунун, ойгонуунун убагы келди. Жогорудан маалым болгондой, империалисттер ар бириңиздердин жашооңуздарды, түшүнүгүңүздөрдү, иш-амалыңыздарды контролдоп жатышат. Силердин өмүрүңөр менен өздөрү каалагандай ойноп жатышат. Мунун каршысында сиздер эмне кылышыңыздар керек?..

Кыскача айтканда, демократиялык бузук, империалисттик залим системаны түп-тамырынан омкоруп таштап, анын урандылары үстүнө Исламыңарды курушуңар керек. Кутулуунун мындан башка жолу жок.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here