Коронавирус эпидемияси жана Европа Союузу Коронавирус эпидемиясы Европа Союзун кулатабы?

45
0

Коронавирус эпидемияси жана Европа Союузу

Коронавирус эпидемиясы Европа Союзун кулатабы? Же экстремист оңчулдарды күчөтөбү? Мусулмандарга эмне болот жана алар эмне кыла алышат?

Бул эпидемия башкалар сыяктуу Европага да таасир кылып, тез жайылып, ага каршы күрөш чабал болуп, Европа мамлекеттерин туңгуюкка кептеди. Алар эпидемия алдында алсыз экендиктерин сезишти. Ошондуктан, илманий экендигине карабастан динибизге кайрылышты т.а. мусулмандарга азанды бийик айтууга уруксат беришти. Бирок, кризис бүтсө, алар динибизден пайдаланууну да токтотушат. Себеби, алар мусулмандардын пайдасына мыйзам чыгарышкан жок, алар убактылуу токтомдорду кабыл алышты. Ошондуктан, мусулмандарга карата саясатта таптакыр өзгөрүү болбойт. Ал тургай, муслималардын шаръий кийим кийүүсү, шаръий жол менен курмандык кылуу жана бийик добушта азан айтуу дагы эле басым астында калууда. Мусулмандарга каршы душмандыкта гана белгилүү бир даражада жеңилдик көрүндү.

Германияда экстремист улутчулдар мусулмандар кризис учурунда адамдар менен мамиледе болуп, аларга жардам беришкенин көрүшкөн соң, «мусулмандар коронавирустан пайдаланып жатышат» деген сөздөрдү айтышты. Бул улутчулдардын үнү угулбайт… жүйөлүү иш кыла алышпайт жана элине пикир берип, бирер чечим сунуштай алышпайт. Ошондуктан, алар жек көрүүсүн жана душмандыгын мусулмандарга каратышты. Негизи, алардын аракетинде көзгө көрүнгөн негизги нерсе да ушул. Себеби, алар пикирий жана саясий жактан бүлгүнгө учурушкан. Ошондуктан, бирер вазыйпаны аткара алышпагандыктан же чечим бере алышпагандыктан элдин колдоосун жоготушуп, көтөрүлүшү кыйын болуп калды. Бул абалды бүткүл Европада күзөтүү мүмкүн. Кудум бул улутчул кыймылдар жогору көтөрүлө алышпагандыктан өкмөттүн артына жашынып алып, алардын ийгиликсиздикке учурашын жана тартипсиздиктер келип чыгышын күтүп турушкандай. Айрыкча, Германияда өкүмдар партияны колдоо жогорулады. Бул партиядагылар медициналык жардам көрсөтүү жана зыян көргөндөргө финансылык жардам берүү, товарлар монополия кылынып, баалар көтөрүлүшүнө каршы туруу менен кризисти көзөмөлгө алышты. Алар жардам берүүдө о.э. дарыгер жана медайымдардын медициналык жардам иштерине колдоо көрсөтүүдө жанында жалаң гана мусулмандар турганын көрүштү.

Коронавирус Европа Союзу үчүн сыноо болду, Союздун канчалык бекемдиги жана тилектештиги ушул сыноодо байкалды. Франция президенти Макрон 2020-жылы 26-мартта: «Европа долбоору коркунуч астында… Биз туш келген бул коркунуч Шенген зонасын жок кылышы мүмкүн», — деди.

Германия канцлери Меркель ушул сөздөрдү айтты: «Менин оюмда, Европа Союзу түзүлгөндөн бери бүгүн эң чоң сыноого туш келди… Маанилүүсү, Союз коронавирус себептүү жаралган бул экономикалык кризистен чыгышы».

Европа Союзунун эки жетекчиси Союздун кулоосунан эскертишүүдө. Себеби, Европа Союзу бул кризисти тизгиндөөдө бир союз катары ийгиликсиздикке учурады, кызматташтыкка жана тилектештикке үндөгөн ортоктош план иштеп чыга алышпады. Тескерисинче, Союзга мүчө мамлекеттер чегараларды жаап алышты жана ачык чегаралар, кыймыл аракет жана соода эркиндиги келишими болгон Шенген келишимине карата ишеним билдирбөө пайда болду. Бири-бирин кызматташпай жатат деп айыптап, ар бир мамлекет өзүн ойлоп, бири башкасын медициналык жабдыктардан куру калтырды… Өзүмчүлдүктүн жийиркеничтүү көрүнүшү көрүндү. Баары капиталист болгону үчүн өзүмчүлдүк илдети алардын ичинде тамыр жайганы, эч качан андан кутула албашы ачыкталды. Италиялыктар Союздан чыгууну талап кылышты… Демек, Европа Союзунда жарака пайда болушу табигый. Себеби, ал алсыз союз.

Ыктымал, өз ара жардамга муктаж бул Союз азыр кулабастыр. Бирок, өз ара ишеним билдирбөө Союз ичинде мина сыяктуу көмүлүп, бирер күн келип жарылуу-бөлүнүү коркунучун пайда кылууда о.э. Союз Британиянын чыгып кетиши менен жаралган силкинүүдөн дагы эле кутула алаган жок. Эми, коронавирус кризисинен кийин да кайра бирдиктүү Союзга айланышы кыйын. Баары Шенген келишими сыяктуу жетишкендиктерди сактап калууну ойлошту. Негизи, бул Союз жалпы ички жана тышкы саясатта бирдиктүү саясатка карай бирер салмактуу кадам таштай албады. Мисалы, Польша, Венгрия, Словакия жана Чехия 2015-2016-жылы Союздун качкындарды бөлүштүрүү жөнүндөгү токтомуна кошулуудан баш тартышты. Мунун үстүнө Союздун мамлекеттери Европа армиясын түзүүдө дагы эле алсыздык кылып жатышат.

Бул – Европа Союзу үчүн мөөнөт. Европа Союзу ушул мөөнөттө олуттуу зыян көргөн мамлекеттерин тезирээк куткара албаса, аны кыйроо күтүп турат. Ошондуктан, Испания премьер-министри Педро Санчес 2020-жылы 5-апрелде мындай билдирүү берди: «Учурда өзгөчө кырдаалда калдык, бул туруктуу позицияны талап кылууда. Бул проблемага каршы күрөшөбүз же Союз катары ийгиликсиздикке учурайбыз… Биз ушундай орто жолдо калдык, көпчүлүк мамлекеттер жана Союзубузду колдогон өкмөттөр, ал тургай, Испаниядагы профсоюздар да Союзду сактап калууга бирер реалдуу далил таба албай калышты… Биз туш болгон проблема болуп көрбөгөндөй өзгөчө проблема болуп, бизди бирдиктүү, тилектеш жана түпкү чечимге үндөөдө, экономикалык жана социалдык системабызды сактап, жарандарыбызды коргоого чакырууда».

Булардын баары Европа Союзунун эки мамлекети: Франция жана Германияга байланыштуу. Белгилүү болгондой, көп зыян көргөн тарап Франция болду. Анын финансы министри Брюно Ле Мэр 2020-жылы 6-апрелде мындай деди: «Франция Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң жаман экономикалык согушту башынан өткөрүшү мүмкүн. Дефляция 2008-жылдагы глобалдуу финансылык кризистен кийинки 2009-жылдагы 2.2%дан кыйла жогору… Бул жылы да өсүү 1%га кыскарат». Ага карабастан, Франция Союзга жетекчилик кылып жатканын далилдөөгө урунуп жатат. Мисалы, анын президенти Италияга жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Мындан мурда Италия Европа мамлекеттерин, өзгөчө, Франция менен Германияны медициналык беткаптарды жана башка медициналык жабдыктарды жеткирип бербей жатат деп айыптаган. Франция президенти: «Биз саламаттыкты сактоо жана финансылык жаатта Европанын күчтүү биримдигисиз бул кризисти жеңе албайбыз», — деди. Ал коронавируска каршы күрөшүү үчүн бүткүл Европа Союзун биргелешкен кредиттик фонд түзүүгө чакырды. Бирок, Германия бул чакырыкка макул болбоду, ал Союзга өкүмдарлык кылуунун башка жолун каалап жатат.

Европа Экинчи дүйнөлүк согушта ойрон болду. Ошондо АКШ акчаларын жана компанияларын киргизүү максатында Маршалл планын баштады… Бирок, бул план Европага кымбатка түштү. Себеби, ал Америка өкүмдарлыгы астында калды жана азырга чейин андан арыла албай келүүдө. Бирок, Америка бүгүнкү күндө Европага жардам берүүгө кудуреттүү эмес. Себеби, ал да коронавирус кризисинен кийин өзүн куткаруу үчүн күрөшөт жана куткара алабы же жокпу бул күмөн маселе. Америка өзүн 2008-жылдагы финансылык кризистин акыбеттеринен куткаруу үчүн Европа жана башка мамлекеттерге каршы соода согушун жарыя кылган.

Германиянын финансылык жана инсаний зыяны башкаларга караганда азыраак болушунун ыктымалы бар. Себеби, анын колунда өтө ири финансылык профицит жана үлкөн өнөр жай артыкчылыгы бар. Эгер Германия Европа мамлекеттерине акча жана компанияларын азыркыдан да көбүрөөк тартса, бул нерсе ал Европага өкүмдарлык кылышы жана дүйнөдө ири мамлекетке айланышы үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк болот. Негизи, Германия бир нече жылдардан бери ушуга умтулуп келген. Бирок, бул нерсе Германия саясатчыларынын аң-сезимине, кайратына жана туура аракетине байланыштуу.

Эмнеси болгондо да, капитализм түзүмү кулоо алдында турат, мамлекеттер бөлүнүп жарылууда… Германия да – канчалык күчтүү болбосун – таптакыр куткара албайт. Анткени, бул мамлекет өзүнүн кара нацизм тарыхы менен европалыктардын ишениминен чыккан. Туура Ислам системасы гана калууда. Ислам Умматы алга кадам шилтеши үчүн мүмкүнчүлүк бар. Бирок, мунун каршысында үлкөн тоскоолдук турат, ал – режимдер жана алардын башындагы акимдер… Бул кимселер ири капиталисттик мамлекетерди дос тутууну ылайык көрүшкөн… Бул режимдердин бири кетсе, башкасы келип жатат! Бүгүн Ислам пикирлерин тунук өздөштүргөн, исламий дастурду истинбат кылган жана Ислам түзүмүн, административдик структурасын, башкаруусун, колдонуу механизмин баян кылган о.э. мамлекет жетекчилеринин сыпатына ээ эр азаматтарды даярдаган калыс аң-сезимдүү саясий хизбдерге таянуу керек. Бүгүнкү күндө ушул Умматка таандык болгон ар бир мусулмандын мойнуна жоопкерчилик турат. Анткени, Аллах Субханаху бул Умматка бүткүл адамзатты куткаруу вазыйпасын жүктөгөн. Бул үчүн Уммат Пайгамбарлык минхажы негизинде рошид Халифалык сепилин тикелөө үчүн ушул калыс аң-сезимдүү кишилер менен биргеликте аракет кылышы керек. Бул мамлекет ушул вазыйпанын аткарылышында Умматтан өкүл катары жана аны менен биргеликте иш жзүндө жетекчилик кылат.

 

Роя гезити, №284, 2020-жыл, 29-апрель.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here