Акырет шейиттери жана каза жана кадар

60
0

ХизбутТахрир амири аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы суроолорго жооптор

Акырет шейиттери жана каза жана кадар

(Mutaz Qawasmi)

Суроо:

Кадырлуу шейхибиз, ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух. Аллах сизге береке берсин жана колдоруңуз менен фатхтарды насип кылсын. Менин суроом «Исламий шахсия» китебинин биринчи бөлүгүндөгү каза жана кадар темасы боюнча.

Китепте табият мыйзамдары талап кылбаган жана адам үстүнөн өкүмдарлык кылган чөйрөдө болгон иштер жөнүндө сөз болуп, буга көптөгөн мисалдар келтирилгенден кийин: «Ошондуктан, ал иштерге ылайык соопко да, жазага да ээ болбойт», — деп айтылган.

Ушул сүйлөм менен хадистерди кандай жамдайбыз. Акыры, хадистерде ичи ооруп, же чөгүп, же болбосо үстүнө имарат кулап каза болгон киши шейиттерден (Акырет шейиттеринен) экени т.а. алар соопко жана улуу ажрга жетишери айтылган, негизи, бул иштер алардын каалоосусуз болду? Барокаллоху фика.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.

Эй боордош, ал жердеги маселе ыктыярдуу иштер үчүн сооп жана жазанын жүзөгө чыгышы жөнүндө болгон. Т.а. адам өкүмдарлык кылган чөйрөдө болгон амалдар сооп жана жазага байланган. Эгер, адам арам амалды жасай турган болсо, жаза алат, фарзды аткара турган болсо, Аллахтын уруксаты менен, сооп алат…

Ал эми, адамдын үстүнөн өкүмдарлык кылган чөйрөдө т.а. анын үстүнөн мажбурий таризде болгон иштер болсо, адам бул амалдарды ыктыярдуу кылган жок. Ушул себептен улам, бул иштер сооп жана жазага байланыштуу эмес. Т.а. сооп жана жазанын жүзөгө чыгышына байланыштуу эмес. Себеби, адам аларды өз ыктыяры менен кылбады.

Ал эми, Аллах Субханаху адамдын ыктыярысыз болгон бирер амал үчүн ага Өз фазилетин жана мархаматын көрсөтүшү бул башка маселе. Себеби, бул сооп жана жазанын жүзөгө чыгышы бөлүмүнө кирбейт. Ал Аллах Субханахунун мээрими жана берешендиги бөлүмүнө кирет… Маселе мына ушундай.

Ушуга ылайык, кээ бир кишилердин ич оорусу, чума оорусу жана ушул сыяктуулар менен каза болушу о.э. Аллах Субханаху аларды шейиттерден кылышы бул өзүнчө маселе. Т.а. бул нерсе алар бирер амалды Аллах Субханахуга жакын болуу үчүн өз ыктыяры менен кылып, соопко жетүү бөлүмүнө кирбейт. Т.а. бул теманын Расулуллах ﷺдын ушул хадисине тиешеси жок:

«…الْحَسَنَةُ بِعَشْرِ أَمْثَالِهَا إِلَى سَبْعِ مِائَةِ ضِعْفٍ وَالسَّيِّئَةُ بِمِثْلِهَا إِلَّا أَنْ يَتَجَاوَزَ اللَّهُ عَنْهَا»

«… Сооп амал үчүн он эседен жети жүз эсеге чейин ажр жазылат. Ал эми, күнөө амал үчүн ошончолук күнөө жазылат. Бирок, Аллах кааласа бул күнөөнү кечириши мүмкүн». (Бухарий риваяты). Кишилердин ич ооруусу, чума оорусу…. жана ушул сыяктуулар менен каза болуп, Аллах аларды шейиттерден кылышы – бул Аллахтын бир берешендик-мээрими.

Ушул жооп жетиштүү болсо керек деп ойлоймун. Аллаху аълам ва ахкам.

 

Бурадарыңар Ата ибн Халил Абу Рошта                                             16-рамазан, 1441-х.

                                                                                                                     9-май, 2020-м.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here