Хижрий 1441-жылдын шаввал хилалын текшерүүнүн натыйжасы жана мубарек рамазан айты менен куттуктоо

349
0

Басма сөз баянаты

Хижрий 1441-жылдын шаввал хилалын текшерүүнүн натыйжасы жана мубарек рамазан айты менен куттуктоо

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, ла илаха иллаллоху Аллаху Акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд

Бисмиллахир Рохманир Рохим. Дүйнө устундарын кармап турган, бүткүл маклукаттарга өкүмдар жана бүткүл ааламдар Роббиси Аллахка мактоолор болсун. Ислам пайгамбары, хижраттын толгон айы, мамлекеттин негиздөөчүсү, залимдерди эскертүүчү, казаттардын набийи, адамдардын саййиди Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺга, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана сахабаларына саламдар болсун.

Имам Ахмад Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди, Мухаммад ибн Зияд айтат: «Мен Абу Хурайра розияллоху анхунун мындай дегенин уккам: Набий ﷺ же Абу Касим ﷺ айткан:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, күн бүркөө болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Бүгүн 2020-жылы 22-майда, жумадан ишембиге өткөн түнү шаввал хилалы (жаңырган айы) күзөтүлгөндөн кийин хилал шаръий түрдө көрүлгөнү айрым исламий өлкөлөрдө өз тастыгын тапты. Ушуга ылайык, демек эртең ишемби күнү – шаввал айынын о.э. мубарек рамазан айтынын биринчи күнү.

Хизб-ут-Тахрир мубарек рамазан айты менен бүткүл Ислам Умматын чын жүрөктөн куттуктайт. Бул – айт менен улууланган, Пайгамбарлык башаратка ишенген үмүттөргө жана шаттыктарга толгон, чынчыл даъватчылардын кайрылуусун камтыган куттуктоо.

Өз кезегинде, мен да, өзгөчө өзүмдүм атымдан о.э. Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы жана басма сөз бөлүмүнүн кызматкерлери атынан Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштаны куттуктаймын. Аллах Тааладан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыктын тикелениши жана Ислам Умматына үстөмдүк берилиши туурасындагы Расулуллах ﷺдын башараттарын амирибиз жетектеген ушул даъват аркылуу жүзөгө чыгаруусун сурайбыз.

Бул рамазан айты ушундай бир учурда кирип келди, бүгүн бүткүл дүйнө коронавирус пандемиясына дагы да көбүрөөк батып барууда, бүткүл дүйнө мамлекеттери, негизинен алардын шайтан кожоюну Америка анын бирден-бир ташбишине жана жаман түшүнө айланган бүгүнкү «жабылган экономика проблемасынан» чыгуу үчүн үмүт издеп жатат. Алардын окумуштуулары «эгер экономиканы ача турган болсоңор оорудан өлөсүңөр» деп айтууда! Ал эми, байлары «эгер экономиканы жаба турган болсоңор ачкалыктан өлөсүңөр» деп жооп беришүүдө. Ошентип, дүйнөдөгү мамлекеттер ачкалык менен оорунун ортосунда калып, ушул табышмактуу пандемия токоюнда тентиреп жүрүшөт. Аллах Таала айтат:

﴿وَضَرَبَ اللَّهُ مَثَلاً قَرْيَةً كَانَتْ آمِنَةً مُّطْمَئِنَّةً يَأْتِيهَا رِزْقُهَا رَغَداً مِّن كُلِّ مَكَانٍ فَكَفَرَتْ بِأَنْعُمِ اللَّهِ فَأَذَاقَهَا اللَّهُ لِبَاسَ الْجُوعِ وَالْخَوْفِ بِمَا كَانُواْ يَصْنَعُونَ﴾

«Аллах бир шаарды мисал кылып келтирет: ал тынч, бейпил эле, ар тараптан ырыскы кемчиликсиз келип турчу. Анан, (анын эли) Аллахтын ниъматына шүгүрсүздүк кылган соң, Аллах аларга бул «өнөрлөрү» себептүү ачарчылык жана коркунуч балээсин таттырып койду»                                                                                                                                   [16:112]

Эй инсандар!

Бүткүл дүйнө көзөмөлдө деп ойлошкон дүйнөдөгү мамлекеттер коронавирус кризисин илманий капиталисттик система негизинде чечишмекчи болду. Ошондуктан, бул маселени оболу орчундуу кабыл алышпады. Анын соккусуна кабылышкан соң, ага сандар жана статистика менен жандашышты. Бул болсо, аларды ар сапар иш-аракеттин башына алып барды. Алар Ислам хазаратындагы Пайгамбарлык минхажды о.э. бул манхаждын оорулар, чумалар жана тазалык маселелери туурасындагы көрсөтмөлөрүн карап чыгышкан жок. Эгер, аларды карап чыгышканда бул сыяктуу пандемия учурунда негизги этибар инсанга т.а. анын динине, саламаттыгына, мал-мүлкүнө жана кызыкчылыгына берилиши керектигин, бул үчүн оору жуктургандардын санын азайтуу үчүн гана эмес, пандемиянын өзүн жок кылуу үчүн аракет кылуу зарылдыгын көрүшмөк. Анткени, Пайгамбарлык минхаж ушуну талап кылат – оору чыгары менен өлкө ичи изоляцияга алынып, оору тараган региондор менен тарабаган региондор ортосунда кыймыл-аракетке тыюу салынат. Кийин оорулуулар өзүнчө ажыратылып, вирус тарабаган региондордогу жашоо токтотулбай, улантыла берет. О.э. оорулуулардын баарына мамлекет тарабынан акысыз жардам көрсөтүлүп, оору «нөл абалына» кайтарылмайын пандемияны ооздуктоо аракеттери улантылат. Мамлекет толук же жарым-жартылай ачып да, жаап да коюлбайт. О.э. оорунун жайылышын бир аз гана кечиктирип турган толук же жарым-жартылай коменданттык сааттар киргизилбейт.

Батыштагы жана өлкөлөрүбүздөгү көптөгөн массалык маалымат каражаттары мамлекеттердин этибарын Исламдагы ушул Пайгамбарлык минхажга каратышкан болсо да, Ислам хазаратынын тарыхы Батыш хазаратынан узун болсо да, Батыш Исламды жардамга чакырды, бирок, андагы жакшылыктарды угууну каалабады жана Жаратуучусун унутуп, өз тагдырына бетме-бет келүүнү тандады! Аллах Таала айтат:

﴿فَلَمَّا نَسُواْ مَا ذُكِّرُواْ بِهِ فَتَحْنَا عَلَيْهِمْ أَبْوَابَ كُلِّ شَيْءٍ حَتَّى إِذَا فَرِحُواْ بِمَا أُوتُواْ أَخَذْنَاهُم بَغْتَةً فَإِذَا هُم مُّبْلِسُونَ﴾

«Эми, өздөрү үчүн эскертме кылып берилген нерсени унуткан кездеринде аларга бардык нерсенин эшиктерин ачып койдук. Качан өздөрүнө берилген нерселер менен кубанып турушканда аларды капилеттен кармадык. Анан айласы кеткенден эмне кылаарын билбей калышты»                                                                                                                      [6:44]

Эй мусулмандар!

Мына, мечиттерде намаз окууга тыюу салынган абалда таравих айы да аяктады! Бул айда силер үчүн Аллахтын үйлөрү ачылган жок! Эмне үчүн, себеби, акимдериңер Батышка малай, ал эми, Батышка диниңер да, шариятыңар да маанисиз. Алар ибадаттарды маанилүү деп эсептешпейт, алар үчүн банктар жана базарлар маанилүү! Ал тургай, малай акимдер Исламга байланышкан ар кандай нерсеге эң акырында кароону үйрөнүштү, натыйжада мечиттерди жабуудан башка нерсени билишкен жок, вирустан коргонуу чараларын көрүп мечиттерди ачуу жөнүндө ойлоп да көрүшкөн жок. Негизи, алар вирустан сактануу чараларын көрүп мечиттерден башка жайларды ачышкандай, мечиттерди да ачышы мүмкүн эле! Сарай уламалары фатва чыгарууда акимдерди да артта калтырышты. Себеби, алар силерге басым өткөрүүгө уруксат берген фатваларды чыгарышты, жада калса, алар Аллахтын үйлөрүн ачуу харам дегенден да коркушпады! Аллах Таала айтат:

﴿وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّن مَّنَعَ مَسَاجِدَ اللَّهِ أَن يُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ﴾

«Аллахтын мечиттеринде Аллахтын аты зикр кылынуусуна тоскоолдук кылган жана аларды кыйратуу аракетинде жүргөн кишилерден да залим ким бар?»                       [2:114]

Эй инсандар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат!

Уламалар мечиттерде намаз окууга тыюу салганы Уммат тарыхында болгон эмес! Расулуллах ﷺ пайгамбар болуп жиберилгенден бери Ислам Умматына мечиттерде намаз окууга тыюу салынган биринчи рамазан ушул жылдагы рамазан болду. Бул окуялар эки миллиардга жеткен Уммат ушул ыплас эл аралык түзүмдү өзгөртүшү жана Ислам түзүмүнө алмаштырышы үчүн жетиштүү эмеспи?!

Ооба, Аллахка ант болсун, тез күндөрдө Халифалык мамлекетин тикелешиңер үчүн бул окуялар жетиштүү. Мамлекеттердин зулумунан эзилген Батыш калктарына жүздөнүп, аларга Аллахтын аманатын жеткиришиңер үчүн бул окуялар ашыгы менен жетиштүү. Аллахтын бул аманаты – бүткүл адамзатты куткарууга кудуреттүү Ислам дини. Аллах Таала айтат:

﴿وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطاً لِّتَكُونُواْ شُهَدَاء عَلَى النَّاسِ﴾

«Ушул сыяктуу силер башка адамдар үстүндө күбө болушуңар үчүн орто (адилеттүү) бир уммат кылдык»                                                                                                            [2:143]

Эй дүйнөдөгү мусулмандар!

Хизб-ут-Тахрир силерди Аллах Тааланын Китебин жана Расулу ﷺдын суннатын ортого коюп, жаркын пикир дүйнөдөгү ушул абалдан келип чыгып даъват кылат: келгиле, Ислам фарздарынын таажысы болгон Халифалык мамлекетин тикелейли, келгиле, кайра адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Умматка айланалы.

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, ла илаха иллаллоху Аллаху Акбар, Аллаху Акбар ва лиллахил хамд.

Рамазан айтыңар маарек болсун.

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Ишембиге өткөн түн, хижрий 1441-жылдын шаввал айынын биринчи күнү

 Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here