Базарлар, спорт залдар ачылды, мечиттер болсо жабык

301
0

Базарлар, спорт залдар ачылды, мечиттер болсо жабык

 Кыргызстанда 25-майдан тартып коронавирус менен күрөшүү үчүн киргизилген бир катар чектөөлөр алынат.

Вируска каршы санитардык нормаларды сактаган абалда коомдук транспорт иштей баштайт. О.э. кийим-кече сатуучу базарлар, жазгы кафе-ресторандар ачылат.

Мындан тышкары, театр, музей, көргөзмө залдары жана китепканалар иштей баштайт.

Бишкек мэриясы 25-майдан тартып уруксат берилүүчү мекемелер тизмесине спорттук залдар, машыгуучу залдар, фитнес-клубдар жана бассейндерди киргизген.

Комментарий: Белгилүү болгондой, кыргыз бийлиги коронавирус пандемиясы менен күрөшүү шылтоосунда бардык ишкана-мекемелерди жана коомдук жайларды жаап, өлкөдө өзгөчө абал жарыялаганда биринчилерден болуп мечиттер жабылган. Жума намаздары токтотулуп, мусулмандардын жамаат менен намаз окушуна тыюу салынган. Мына, мечиттер ээн калып, мусулмандар жамаат болуп Аллахка ибадат кылуу бактысынан ажыраганына эки айдан ашык убакыт өттү. Буга чейин өкмөт карантин чараларын  жумшартып, ишкердиктин айрым түрлөрүнө баскычма-баскыч уруксат берип келе жаткан болсо да, азырынча мечиттерди ачуу боюнча бир да аракет кылбады. Өкмөт кезектеги баскычта адамдар эң көп топтоло турган базарлар, спорттук комплекстер жана сейил бактарынын ишмердүүлүгүнө уруксат берди, өкүнүчтүүсү, бул жолу да мечиттер маселеси күңүрт бойдон калды.

 Негизи, мечиттер жамаат чогула турган жерлердин эң тазасы жана жакшысы болуп эсептелет. Себеби, мусулмандар мечиттерге гусул, даарат менен таза абалда келишет. Мындан тышкары, өкмөт айтып жаткан “аралыкты сактоо” маселеси, өздүк гигиена жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Себеби, мечиттерге мусулмандар бирер нерсе сатуу же сатып алуу, эс алып, беймаани сөздөрдү сүйлөшүү үчүн эмес, Аллахка ибадат кылуу үчүн гана чогулушат. Буга бир суткада 1 сааттан ашык убакыт кетпейт.

 Адамда дене муктаждыктары болгону сыяктуу эле, рухий муктаждыктар да бар болуп, алар адамдан кандырууну талап кылат. Мунун жолу болсо Аллахка кулдук кылуу, ибадат жана дуба менен Ага жакындоо аракетинен турат. Мечит – бул мусулмандар ортосунда рухий мухит жана биримдик пайда кыла турган жай. А бирок, мусулмандар мына эки айдан бери жамаат намаздарында, жума намазында, ал тургай, Рамазан айындагы тарових намазы жана хатми Куранда да чогулуп бул мухит ырахатынан пайдалана албай жатышат.

 Балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы 25-майда өкмөткө кайрылуу жолдоп, анда менчик бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берүүнү талап кылышты. Кайрылууда бардык менчик бакчалар эч нерсеге карабастан, 1-июндан баштап ачылары жана эгер аларга чара көрүлө турган болсо алар нааразылык акциясына чыгууга даяр экендиги айтылды.

Биз мусулмандар “амирге моюн сунуу важиб”, “бардыгы үчүн муфтий жана муфтият жооп берет” деп отура берсек, расмий өкмөт мечиттердин ачылышын болушунча кечиктире берет. Себеби, биздин өкмөт, болгону,  пандемия шылтоосунда Ислам жана мусулмандарга, исламий баалуулуктарга каршы күрөшүп жаткан кафир Батыштын колундагы бир куурчак болгондуктан, кафирлердин көрсөтмөлөрүнөн четке чыга албайт. Ошол себептен да биз мусулмандар өкмөттүн бул мункар ишине сүкүт сактап отурбай мечиттер ачылышын талап кылалы жана бул жолдо мүмкүнчүлүгүбүздө болгон бардык тынч ыкма жана каражаттар менен аракет кылалы. Биз талап кылбасак, өкмөттүн жакын арада мечиттерге уруксат бере турган түрү жок.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here