Өкмөт адамдардын өмүрүн сактоону жүйөлөп, карантинди узартууда жана мурун батына албаган чараларды колдонууда

316
0

Басма сөз баянаты

Өкмөт адамдардын өмүрүн сактоону жүйөлөп, карантинди узартууда жана мурун батына албаган чараларды колдонууда

Коронавирус эпидемиясы улуттук коргоо мыйзамын аткарууга себеп эмес, ал карантинге алакасы болбогон чараларды колдонуу үчүн өкмөт көптөн бери күтүп жаткан мүмкүнчүлүк болду. Бул нерсе өкмөт кадыресе турмушка акырындык менен кайтуу үчүн маал-маалы менен кабыл алып жаткан коргоо мыйзамдарындагы жана токтомдорундагы шашкалактыктардан жана карама-каршылыктардан көрүнүп турат.

Башында толук карантин киргизүү, адамдарды үйлөрүнө камоо о.э. тиричиликти токтотуу сыяктуу чараларды колдонуу үчүн эпидемиядан коркутуу күчөдү. Маал-маалы менен аймагына карап айрым жеңилдиктер да болду. Бирок, катуу чараларсыз проблема чечилбеши жөнүндө тынымсыз айтылды. Мына бир ай да өттү, премьер-министр ооруну жуктуруу абалдары азайганына жана илдет толук көзөмөлгө алынганына карабастан, кризис апталарга жана айларга созулушу жөнүндө айтып жатат. Бул болсо, Иордания режими адамдарга каршы чара колдонууну улантып, бул абалды коронавирустан мурда ишке ашыра албаган репрессияны колдонуу үчүн ыңгайлуу учур деп билип жатканына далил.

Расулуллах ﷺ айтат:

«اللَّهُمَّ مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئًا فَشَقَّ عَلَيْهِمْ فَاشْقُقْ عَلَيْهِ وَمَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئًا فَرَفَقَ بِهِمْ فَارْفُقْ بِهِ»

«Аллахым, ким Умматымдын ишинен бирер нерсени башкарып, аларга кыйынчылык туудурса, Сен да ага кыйынчылык туудур. Кимде-ким Умматымдын ишинен бир нерсени башкарып, аларга ырайымдуу болсо, Сен да ага ырайымдуу бол». Бирок, режим жана анын өкмөтү адамдарды ырыскы табуудан, турак-жайларынан чыгып, соода-сатык кылуудан тосуп, карантинди узартып жатат. Бул абал өкмөттүн расмий сүйлөөчүсү тынымсыз айтып жаткан тилектештиктен жана камкордуктан алыс. Мындан тышкары, өкмөт өтө арамзалык менен шантаж кылууда. Мисалы, кимде-ким ачкалыктан куткарбаган мамлекеттин жардамын алууну о.э. дүкөнүн ачып, ишин улантууну кааласа, социалдык камсыздоо бөлүмүндө тизмеден өтүшү шарт кылынууда. Акыйкатта болсо, тизмеден өтүү ыктыярдуу болуп, жүз миңдеген мекемелер тизмеден өткөн эмес.

О.э. өкмөт жумушчулардын маянасын төлөбөй жатат… Төлөсө да жумушчулардын телефонундагы электрондук эсептерине «өткөрүүдө». Бул үчүн, албетте, онлайн түрдө абонент төлөмүн төлөө шарт. Бул шарттарды аткарбаган кишилерге иштөөгө уруксат берилбейт. Мындан да жаман эксплуатация барбы?! Режим бул шарттардын жана чаралардын артынан жеке маалыматты чогултуу, тизме түзүү, жарандарды чектөө, алардын коомдук аракетин текшерүү, капчыктарына кол салуу, адилетсиз төлөмдөрдү жана салыктарды киргизүүнү көздөөдө. Мындан тышкары, өкмөт ушул жылы катардагы жарандар, аскерийлер жана мугалимдердин кошумча акыларын бекер кылып жумушчулардын арзыбас маяналарына кыянаттык кылды. Акыйкатта болсо, өкмөт жаңы окуу жылынын башында ар кандай шарттарга жана чараларга карабастан, биздин максатыбыз мугалимдердин кошумча акыларын көбөйтүү деп кабар берген.

Иорданиянын обочолонгон оорунун очогунан тышкаркы көпчүлүк региондорунда вирус көзөмөлгө алынганы жөнүндө айтылганына карабастан, өкмөт адамдарга мамиле кылууда залим тогуттардай пикирлөөдө. Өкмөт адамдар жамаат жана жума намаздарын окуусуна да мүмкүнчүлүк бербей жатат. О.э. мечиттерди ачпастан, мечитте орозо кармоо, кыямда туруу жана Аллахка жалбаруу сыяктуу ибадаттарды чырайлуу ишке ашырууларына жол бербей жатат. Өкмөттүн кылмышы баарына ачык-айкын болуп, айтып жаткан шылтоолору жөргөмүштүн желесинен да начар экени көрүнүп калды. Расулуллах ﷺ айтат:

«مَا مِنْ عَبْدٍ يَسْتَرْعِيهِ اللَّهُ رَعِيَّةً، يَمُوتُ يَوْمَ يَمُوتُ وَهُوَ غَاشٌّ لِرَعِيَّتِهِ، إِلَّا حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ»

«Аллах бир кишини адамдарга жетекчи кылса, ал кол астындагыларды алдап өлсө, Аллах ага бейишти харам кылат».

Шантаж жолуна өткөн режим жана өкмөт шарттарга ыраазы болгон кишилерге гана вирус кризисинен чыгууга уруксат берүүдө. О.э. адамдардын укуктарын тебелеген, сүткордукка негизделген капиталисттик түзүм менен жашоого мажбурлаган жана электрондук төлөмгө баш ийдирген коргоо мыйзамдарын колдонууда. Мындан тышкары, мечиттерди ачуу үчүн зарыл чаралар колдонуу мүмкүнчүлүгү турса да, режим мечиттерди жаап, ифтардан мурда коменданттык саатты киргизүү аркылуу орозо кармагандарга басым өткөрүүдө. Өкмөт коронавирустан мурун бул сыяктуу иштерге батына алган эмес. Өкмөт бүгүн бул иштерди зомбулук жана репрессия аркылуу ишке ашырууда. Бул чаралар адамдардын саламаттыгын сактоо үчүн көрүлчү чаралардан алыс. Акыйкатта болсо, өкмөт жана министрлер ар кандай жаңы чараны колдонуудан мурун адамдар саламаттыгын сактоону айтышат.

Чынында, Уммат режимдин оюндарын, жалгандарын жана өзүн гана ойлошун жакшы билет. Ошондуктан, бул «камкордуктун» баары Эл аралык Валюта Фондунун программаларын жана Трамп келишимин аткаруудан башка нерсе эмес. Өкмөт бул иштерди адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна кам көргөнүнөн эмес, аларды шантаж кылуу жана баш ийдирүү үчүн ишке ашырууда. Мына мисалы, режим баскынчы яхудий вужуду менен газ туурасында жашыруун келишим түзүүнү баштаганына бир нече ай болду, акыйкатта болсо, адамдардын баары аны четке кагып келишкен.

Бул режимдер колонизатор кафир Батышка кызмат кылуу жана Умматтын исламий хазарат образын талкалоо үчүн пайда болгону жөнүндө мусулмандардын аң-сезими канчалык жогоруласа, рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылып жаткандар менен иштөөсү да ошончолук жогорулайт. Бул мамлекет Аллахтын намаз, зекет жана орозо сыяктуу ураандарын тикелөө аркылуу Умматка мүмкүнчүлүк жаратат, Умматтын баалуулуктарын жана байлыктарын коргойт о.э. аларды колонизатор кафирлерден жана алардын малайларынан кайтарып алат.

﴿الَّذِينَ يَسْتَحِبُّونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا عَلَى الْآخِرَةِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ اللَّهِ وَيَبْغُونَهَا عِوَجاً ۚ أُولَٰئِكَ فِي ضَلَالٍ بَعِيدٍ﴾

«Алар дүйнө турмушун Акыреттен абзел билген, Аллахтын жолунан тоскон жана аны бузууну каалаган адамдар, алар алыс болуп адашууда»                                                  [14:3]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here