Хизб Ут Тахрир амири Ато Ибн Халил Абу Роштадан хижрий 1441- миладий 2020 – жылдын Шавваль айынын күзөтүлүүсү тууралуу түшүндүрмө.

427
0

Хизб Ут Тахрир амири Ато Ибн Халил Абу Роштадан хижрий 1441- миладий 2020 – жылдын Шавваль айынын күзөтүлүүсү тууралуу түшүндүрмө.

Биринчиден : Мен силерге кечеги күнү Мадина убактысы менен болжолдуу түрдө саат 22:00 до бизге жетип келген расмий маалыматтарга таянган абалда бул кечеде айдын жаңырганы көрүлбөгөнүн айткан элем. Биз адатта Чыгыштагы Индонезия сыяктуу мамлекеттердеги бир туугандарыбыз кечигип калбоосу үчүн Мадина убактысы боюнча 22:00 менен 22:30 дан кечиктирбестен кабарын жеткиребиз, анткени биздин кабарыбыз ал жактарга багымдат азанына бир аз гана убакыт калганда жетип барат. Ошондуктан 23.05.2020 ишемби күнү Рамазан айынын акыркы күнү ал эми 24.05.2020 Жекшемби күнү Айт күнү экендиги тууралуу кабарды жарыя кылдык.
Экинчиден : Андан соң бизге Танзаниядагы 3 мусулман кишиден айдын жаңырганы көрүнгөндүгү тууралуу кабар келди, ага кошумча Африканын башка дагы кээбир мамлекеттеринен ушундай кабарлар жетип келди. Биз Танзаниядагы өкүлүбүзгө айды көргөн адамдарга эки кишини жиберүүнү айттык. Ал киши буйрукту аткарып, төмөнкү жоопту жиберди :
5. ]The 3 witnesses saw a very thin crescent 🌙with the 2 points upwards and the bow facing the sun which had set.
6. They have sworn oaths and declared the shahada before our 3 shabab.[
( 5. 3 киши абдан ичке, жогору карай эки чекити болгон айды күн батыш тарапка карап турганын көрүшкөн.
6. Алар биздин 3 жигитибиздин алдында касам ичишип, күбөлүктөрүн беришти.)
Үчүнчүдөн : Бизге өкүлүбүздүн кабары Мадина сааты боюнча 13:30 дарда (КР 16:30) жетип келди. Андыктан айдын көрүнүүсү туура болду, ал эми айдын батыш тарапты карап туруусунан улам , ал көрүнгөн ай Шавваль айыныкы экени анык болду. Булардын баары 3 мусулмандын күбөлүгү менен тастыкталды.
Төртүнчүдөн : Маселени терең изилдөө жана Расулуллах саллаллаху алайхи уа салламдан Имам Ахмад риваят кылган хадисте Абу Умайр Ибн Анас айтат :” Мага Ансарлардан болгон абаларымдын бири айтып берген эле :”Бизге Шаввальдын айы булуттуу болуп көрүнбөй калды эле, эртеси таңдан оозубузду бекиттик. Андан соң кечке жуук эки атчан киши келип Пайгамбарыбыздын алдында кече күнү жаңы айды көрүшкөндүгү тууралуу күбөлүк беришти. Соң Пайгамбарыбыз ал күнү ооздорун ачууну жана эртеси күнү айт намазын окууну буйруду. ”
Жана Ал – Байхакий Сунанул Кубро китебинде Рибъий Ибн Хирош аттуу кишиден ал болсо Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи уа салламдын сахабаларынын биринен риваят кылат :”Рамазандын акыркы күндө адамдар арасында талаш болуп калды эле, эки бадавий адам келип, Пайгамбардын алдында бир күн мурун (жаңы) айды көрүшкөндүгү тууралуу күбөлүк беришти. Ошондо Пайгамбар саллаллаху алайхи уа саллам адамдарга ооздорун ачууларын жана таңдан намазга чогулууларын буйруду.”
Ушуга ылайык, Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи уа салламга ээрчиген абалда бүгүнкү ишемби күнү 23.05.2020 Орозо айт майрамынын алгачкы күнү. Андыктан мусулмандар бүгүн ооздорун ачышсын жана азыр күн чокуудан ооп калгандыгы себептүү эртең айт намаздарын окушсун.
Аллах Тааладан биздин орозолорубузду, окуган намаздарыбызды кабыл кылуусун, ушу улуу айды мусулмандар үчүн жакшылык жана берекелердин эшиги кылып берүүсүн, Аллах Таала мусулмандарга Халифалыгын тургузуп берүүсүн, ар кандай жугуштуу ылаңдарга шыпаа боло турган ай кылып берүүсүн жана мусулмандарды дүйнө жана акыретте азиз кылуусун сурап калабыз!
Аллах Таала итааттарыбызды кабыл кылсын! Ааламдардын роббисине мактоолор болсун!
Ас саламу алайкум уа рохматуллохи уа барокатуху!
Айт күнү, Шавваль айынын бири , хижрий 1441 – жыл
Миладий 23.05.2020

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here