Капитализм мабдасы «жамак» мабда

268
0

Капитализм мабдасы «жамак» мабда

Капиталисттик түзүм инсан акылынын жемиши болгондугу себептүү адамдардын жашоосун жыргалчылыкка алып барууга алсыздык кылат. Бул түзүм жетекчилери канчалык аракет кылышпасын, анын алсыздыгы күчөп барууда. Капиталисттер чиелешкен проблемаларды чечүүдөгү капитализмдин ийгиликсиздигин жашыруу максатында “учурдагы абалды реформалоо” сыяктуу жасалма терминдер менен капитализмдин табияты таптакыр кабыл албай турган абалдарды киргизүүгө, башкача айтканда, капитализмге жамак салууга адаттанышкан.

Мисалы, компанияларында адамдарды иштетип жаткан капиталист капитализмдеги экономикалык эркиндиктен келип чыгып, кол астындагы жумушчуга өзү каалагандай иш акысын берүүгө жана өзү каалагандай жумуш убактысын белгилөөгө толук акылуу. Эгерде кааласа, ыраазы кылган абалда, бир тыйын бербей иштетүүгө да акысы бар. А бирок, бул нерсе бара-бара жумушчулардын нааразылыгына себеп болушу, натыйжада жумушчулар козголуп, башаламандык чыгарышы табигый. Бул абал Америка тарыхында ачык көрүндү. Жумушчуларга күнүмдүк тамагына жетип-жетпей турган каражат берип иштеткен капиталисттер менен жумушчулар ортосунда жаңжал он жылдай убакытка созулду. Натыйжада бул ишке мамлекет аралашып, жумушчулардын иш убактысын жана эң төмөнкү айлык акыны белгилеп коюуга мажбур болду. Негизи бул капитализмдеги экономикалык эркиндик принцибин бузуу болуп эсептелет. Себеби, капиталисттик түзүм базар экономикасына т.а. эркин экономикага таянат. Экономика маселесине мамлекеттин аралашуусу бүтүндөй четке кагылат. Ошондой болушуна карабастан, капитализм өкүлдөрү “учурдагы абалды реформалоо” шылтоосунда капитализм мабдасына жамак салышты.

Дагы бир мисал, капитализмде товар өндүрүүгө үндөөчү жана аны бөлүштүрүүнү тартипке салуунун бирден-бир куралы баа. А бирок, капиталисттик мамлекеттерде күнүмдүк керектөө үчүн жетиштүү акчасы болбогон адамдар көбөйүп барышы капитализмдин келечегине коркунуч туудура баштады. Натыйжада буга каршы “социалдык камсыздоо мекемелери”, “социалдык иштер уюмдары”, “кайрымдуулук коомдору” сыяктуу мекемелер түзүлүп, капитализмге дагы бир жамак салынды.

Бүгүнкү күнгө келип капитализм өкүлдөрү коронавирус пандемиясынан да ушундай максатта пайдалануу аракетине киришишти. Алар капитализм мабдасынын кризиске учурашында коронавирусту айыпташууда. Негизи, бул вирус чыкпай туруп эле, Америкада жана башка жерлерде канча-канча компаниялар банкрот жарыялады. Ал тургай, ири мамлекеттер коронавирустан мурда эле ири өлчөмдө карызга батып, бюджеттеринде үлкөн дефициттер бар эле. А бирок, алар адамдар арасында: “Проблемаларга батып калышыбызга коронавирус себепкер болду, ал экономикабызды оор абалга кептеди. Адамдар үйлөрүнөн чыга албай калганы үчүн өндүрүш, туризм, өнөржай токтоп калды, самолёттор учпай калды, ошол себептүү экономикага сокку болду. Натыйжада экономика жардын кырына келип калды”, – деген түшүнүк пайда кылмакчы болушууда. Башкача айтканда, капитализмдин табиятынан келип чыгып жаткан кризистерге вирусту себепкер кылып көрсөтүүгө аракет кылышууда.

А бирок акыйкат ушул, Америкада да Европада да финасылык экономика өзү кулап бара жаткан эле. Болгону коронавирус бул бузук мабданы ого бетер алдан тайдырды. Ушундай бир учурда бул коронавирус капиталисттерге даяр шылтоо болду. Ошондуктан, телеканалдардагы коронавирус боюнча программаларда экономиканын оор абалга кептелип калышына коронавирусту себепкер кылып көрсөтүү аракети болууда. Жогоруда айтылгандай, капитализм өкүлдөрү адамдар нааразылыгынын жана капитализм түзүмүнө каршы козголуусунун алдын алуу максатында мына ушундай абалдардан жамак катары пайдаланышат. Ушундан келип чыгып, капитализм мабдасын «жамак» мабда десек аша чапкан болбойбуз.

Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, капитализм мабдасы канчалык чирип бүткөн болсо да, анын ордун ээлей турган бирер мабда майданга чыкмайынча, аныгыраагы майданга алып чыгылмайынча, Батыш капитализмди жамап-жаскап кулатпай турууга аракет кыла берет. Натыйжада дүйнө жүзү төмөндүк сазына чөгүп бара берет

Бүгүнкү күндө капитализм каршысында турган жападан-жалгыз мабда – бул Ислам. Ушундай болгон соң, мусулмандар аны жашоо майданына алып чыгышы важиб. Мусулмандар өз милдетин аткарышпаса, капитализмдин кризиске жүздөнүп, турмуш сахнасынан жок болуп бара жатканын жарыя кылышы таптакыр күтүлбөйт. Тескерисинче, алар жамаачы түзүмдөрүнө дагы «жамак салууга» аракет кыла беришет. Ислам үммөтү, айрыкча үммөт ичиндеги күч-кубат жана таасир ээлери динге жардам берүү мойнундагы фарз экендигин жана аны бир саатка болсо да кечиктирүү жайиз эместигин билип коюшсун.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here