ЕАЭБ Орусия кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жатат

24
0

ЕАЭБ Орусия кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жатат

ЕАЭБ ичинде товарлардын эркин жүрүүсү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн актуалдуу болуп калды. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, биринчи керектелчү продукцияларды жеткирүүдө «жашыл коридорлорду» түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилген. Ага карабастан, Биримдиктин айрым мүчө-мамлекеттери тарабынан көзөмөл күчөтүлүп, азык-түлүктөрдү жеткирүүгө чектөөлөр киргизилүүдө.

Жээнбеков тоскоолдуктарды жойбогондорго карата айыппул санкцияларын колдонуу боюнча ЕАЭБ Сотуна кайрылуу укугун берүүнү сунуштады.

ЕЭКтин баяндамасында айтылышынча, үстүбүздөгү жылда талап азайгандыктан жана Кытайдан чийки зат ташып келүү токтогондуктан текстил өндүрүшүндөгү алгачкы эффект 90%га чейин түшөт. Былтыр Кыргызстандагы жеңил өнөр жай ишканалары жалпысынан 9 млрд. 733 млн. сомдук товар өндүрүшкөн. Товарларынын 90-95%ы чет жакка, өзгөчө Орусия менен Казакстанга экспорттолот.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болуп кирген. Жергиликтүү эксперттер Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганын, салык түрүндө түшкөн акчанын азайышын жана биримдиктин жалпы рыногуна кирүүдөгү кыйынчылыктар көп болгонун айтып келишет. Негизи, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу мамлекетке эч кандай пайда алып келбестиги ошол кезде эле анык болчу. Биримдиктин зыяны көпкө күттүрбөдү. Кыргызстан экономикасынын негизи болгон реэкспорт (Кытайдан товар алып башка өлкөлөргө сатуу) дээрлик токтоп калды, Дордой жана Кара-Суу базарлары чоң зыянга учурады. Мамлекет ишенген негизги тармак – тигүүчүлүк тармагы өндүргөн товарларын ЕАЭБдеги базарларга алып чыгууда проблемаларга дуушар болду. Коронавирус шылтоосу менен учурда бул тармактын ишмердүүлүгү  90% токтоп калышы күтүлүп жатат. Казакстан менен Россия “фитосанитария талаптарына жооп бербейт” деген шылтоо менен Кыргызстандын айыл чарба продукцияларына чектөөлөрдү байма-бай киргизип келет. Мунун үстүнө 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү эселеп кымбаттады.

Ал эми, Кыргызстанга кирип келе жаткан Россия жана Казакстандын товарларына эч кандай чектөө болбоду. Адатта экономикасын сактап калгысы келген өлкө ири ишканаларын ички базарда тышкы атаандаштардан коргоо үчүн импорттук товарларды алып кирүүгө ар тараптуу тоскоолдуктарды пайда кылат. Мындай кызыкчылык, уюмдагы Орусия үчүн гана иштеп жатат. Муну аталган өлкөлөрдүн соода байланышы да так көрсөтүп турат. Маселен, 2019-жылдын январь-сентябрь айларындагы соода байланышта уюмга мүчө өлкөлөрдүн баары тескери сальдо менен чыккан, тагыраагы, экспорт импортко караганда аз болгон. Бир гана Орусияда экспорттун көлөмү өскөн.
Буга кошумча, Орусия өзүнө кирип жаткан жашылча жана башка товарларды ар кандай документтик шылтоолор менен артка кайтарып жиберүүдө. Мындан ачык көрүнүп тургандай, Орусия ЕАЭБди түзүүдөн максаты өзүнүн өтпөй калган товарларын сатуу үчүн жаңы базар ачуу болгон. Муну менен бирге, алардын Орусияга карата экономикалык көз карандылыгын да күчөтүп алууда. Анткени, Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт. Биздин акимдер болсо бул уюмдун эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп да, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү уюмга алып киришти жана калкыбыз анын залалын тартып келүүдө.

Бул көрүнүш Кыргызстан үчүн башкы колонизатор дале Орусия экенин тастыктап турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан толук Орусиянын көзөмөлү астында саясат жүргүзүүдө. Кыргызстандын саясий чөйрөсү Орусиясыз эгемендүү саясат жүргүзүүнү элестете да албай калды. А түгүл, бул тууралуу ойлонуудан да коркот. Орусиянын таасиринен чыгууга үндөгөн саясатчылар болсо, АКШ, Кытай же Европага күнкор болууну гана каалашат. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Эми, биздин мындай кордуктан чыгуубуздун жападан жалгыз жолу Ислам динибизди бекем карманып, аны мабда катары көтөрүп чыгуубузда жатат. Ансыз, өлкө ар дайым “арстандан качып аюуга коргологон” абалда кала берет.

Мумтаз Маверанахрий

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here