Сисий режими яхудийлерге кызмат кылуу үчүн Газа секторун ого бетер муунтууда

359
0

Сисий режими яхудийлерге кызмат кылуу үчүн Газа секторун ого бетер муунтууда

«Арабий 21» сайты хижрий 1441-жылы 6-рамазан, миладий 2020-жылы, 29-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Мисир Газа сектору менен чектешкен 14 километр чегарагы бойлоп темир дубал курууну баштады. Бийиктиги 8 метрдей болгон бул дубал чыгыштан «Карм Абу Салих» өткөрүү пунктунан башталып батышта Жер Ортолук Деңизге чейин созулат. Бул жаңы дубалдар ары Мисир 2019-жылы февралда кура баштаган бетон дубал да бар, ал Мисир жеринин 25 метр ичкерисинде жайгашкан. Сисий бийликке келгенден тартып Мисир армиясы Синайда Газа Сектору менен чектешкен чегара бойлоп буфер зона түзүүгө тартылган».

Роя гезити:

Сисий режими кура баштаган бул дубал баскынчы яхудийлерди коргоого жана алардын коопсуздугун сактоого о.э. Газа сектору калкын муунтууга багытталган. Газа секторунун калкын бир тараптан яхудийлер, экинчи тараптан Ислам жана мусулмандарга душмандык кылууда яхудийлердин шериктеши Сисий режими курчап алууда. Сисий режими аны менен яхудий режими ортосунда бул сыяктуу дубал курган жок, тескерисинче, алардын ортосунда расмий жана берасмий сапарлар тынымсыз болуп турат. Мунун себеби Сисий режими Американын малайы болуп, Аллахка, Расулуна жана момундарга саткындык кылууну улантууда. Анын Кинана жана Фалестин калкына каршы кылмыштарын Кинана армиясындагы калыс аскерийлер токтото алат. Бул үчүн ушул режимди кулатып, ордуна Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты көөдөлөнткөн Ислам түзүмүн орнотуу керек.

 Роя гезити, №285, 2020-жыл, 6-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here