КОРОНАВИРУСТАН КАЗА БОЛГОНДОРДУН САНЫ ТАБИГЫЙ ӨЛҮМ КӨРСӨТКҮЧҮНӨН АШЫП КЕТПЕДИ.

239
0

КОРОНАВИРУСТАН КАЗА БОЛГОНДОРДУН САНЫ ТАБИГЫЙ ӨЛҮМ КӨРСӨТКҮЧҮНӨН АШЫП КЕТПЕДИ.

Кыргызстанда 18-майга карата коронавирус аныкталган адамдардын саны 1216га жетип, анын ичинен 14 адам каза болгону, ал эми Өзбекстанда болсо жалпысынан 2753 адам катталып, анын ичинен 12си каза болгону кабарланды.

Расмий статистика боюнча эки өлкөдө тең калктын өлүм деңгээли 5 – 5.5 пайыздын тегерегинде экен. Бул жалпы цифралар болуп, өлгөндөрдүн көп  пайызын карылар, оорулуулар түзөт.  Башкача айтканда, алардын айтышынча коронавирус, грип сыяктуу вирустар негизинен оор кесели бар адамдарды же кары-картаңдарды бутага алат. Коомдо оор кеселге чалдыккандар жана карылар арасынан болжол менен 10 -12% адам каза болуп турат. Бул табигый жараян болуп, Аллах Таала адамзатты ушундай жараткан!

Өзбекстанда да, Кыргызстанда да, коронавирустан өлдү деп айтылып жаткандардын өлүм көрсөткүчү табигый өлүм көрсөткүчүнөн ашык эмес. Бирок, вирус дүрбөлөңү расмий маалымат каражаттары аркылуу 100 эсеге көбүртүп көрсөтүлүүдө. Көздөлгөн максат эмне?

Вирус дүрбөлөңү – бул жасалма дүрбөлөң! Батыш мамлекеттери өлгөндөрдүн санын жасалма көбөйтүп, каалаган цифраларды айтуу менен дүйнөнү жана жарандарын дүрбөлөңгө түшүрө алышты. Себеби, алар өздөрүндөгү ири шаарлардын тургундарын маалыматтык жактан манкуртка айландырып алышкан.

Бирок, Орто Азия жарандарында интернет же маалымат каражаттарынан тышкары, жандуу диалог, жамааттык шайкештик жана ыйманий мухит сыяктуу өзгөчө маалымат булактары бар болуп,  ал коомдо үммөттүн менталитетине айланган. Адамдар бири-бирин таанышат, адамгерчилик, тууганчылык… сыяктуу мамилелер бар!

Ошондуктан, катуу карантинге алуу жолу менен бизди  бири-бирибизден алыстатып изоляция кылмакчы болушууда. Адамдарды бири-биринен изоляция кылуу менен пикирий жетекчиликти расмий маалымат каражаттарына алып берип, бизди борборлошкон маалымат түзүмүнө байлап алмакчы болушууда.

Ушул менталитетибизден коркуп, коронавирустан каза болгондордун санын өздөрү каалагандай өлчөмдө көрсөтө албай жатышат. Коронавируска чалдыккандардын тизмесин да, жашыруун сыр деген шылтоо менен коомчулукка жарыялабай жатышат.

Эй боордоштор, бул коронавирус дүрбөлөңү жасалма! Алар бул дүрбөлөңдү биздин аң-сезимизге сиңирмекчи болушууда! Эгерде биз ишенип алсак, анда жеңиш алардыкы болот!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here