2020-жылдын биринчи чейрегинде Сауд Арабия бюджетинде 34.1 миллиард риял дефицит катталды

23
0

2020-жылдын биринчи чейрегинде Сауд Арабия бюджетинде 34.1 миллиард риял дефицит катталды

«Арабий 21» сайты хижрий 1441-жылы 6-рамазан, миладий 2020-жылы 29-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Шаршемби күнү Саудия финансы министрлиги ушул жылдын биринчи чейрегинде мамлекеттик бюджетте 34.1 миллиард риял (9 миллиард доллар) дефицит жаралганын маалымдады. Бул дефицит жалпы бюджеттин болжол менен 13 пайызын түзөт.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, биринчи чейректе нефтиден түшчү киреше 128.771 миллиард риялга же 24 пайызга азайган.

Министрлик нефтиден башка кирешелер да 63.3 миллиард риялга же 22 пайызга азайганын маалымдады. Бул сандар өткөн жылдагы сандарга карата 22 пайызга азайган».

Роя гезити:

«Апрель айында баалар төмөндөшүнөн мурда т.а. ушул жылдын январь айында бир баррель нефтинин баасы жетимиш доллардан көп болгон. Бирок, ага карабастан Саудия королдугунда бюджеттеги дефициттин көлөмү чоң болчу. Уммат байлыктарын талап-тоноп жаткан Сауд акимдери бир күн да бийликте турууга акысы жок. Мына, карагыла, биринчи кыйынчылыкта эле өздөрү да, королдугу да тилемчиге айланышты. Негизи, ал – нефть өндүрүү боюнча эң биринчи орунда турган мамлекет деп таанылган. Түпкүлүгүндө, бул Сауд акимдери колонизатор кафирлердин жалданган малайларынан жана сакчыларынан башка нерсе эмес. Алар эч бир ишти өз эрки менен кылышпайт, колонизатор кафир Батыш ушул кылмышкер акимдердин жардамы менен көз алдыбызда байлыктарыбызды ташып кетишүүдө. Ошондуктан, баарыбыздын мойнубуздагы милдетибиз – өлкөбүздө өкүм жүргүзүп, байлык жана ресурстарыбызды ысырап кылып, душмандарыбызга тапшырып жаткан мындай каракчы динсиз топту жоготуу.

 Роя гезити, №285, 2020-жыл, 6-май.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here