Жумушчулардын акчаларын кармап калуу – оор күнөө

255
0

Басма сөз баянаты

Жумушчулардын акчаларын кармап калуу – оор күнөө

Массалык маалымат каражаттарынын кабарларына ылайык, адамдар кымбатчылыктан жана сатып алуу кескин солгундагандыктан кыйналып жатканда Фахфах өкмөтү коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүү үчүн ресурстарды даярдоону шылтоолоп жумушчулардын апрель айындагы бир күндүн маянасын кармап калууга уруксат берген токтом чыгарды. Башка тараптан, өкмөт ичүүчү суунун баасы кымбаттаганын жарыялады. О.э. финансы министри бул жылы 12 миллиардга жеткен карызды толук төлөмөкчү экенин маалымдады. Негизи, өкмөт өлкө калкына дыкат көңүл буруп, аларды азык-түлүк менен камсыздашы жана ден соолугуна кам көрүшү о.э. финансылык милденттемелер кечиктирилиши шарт. Бирок, малай өкмөт токтом чыгарууда эрктүү беле?

Премьер-министр сөз сүйлөгөндө Тунисте ресурстар аз деп тынымсыз айтууну жакшы көрөт, бул аркылуу өзүнүн адилетсиз жана айла-амалдуу саясатын актоого аракет кылат. Бирок, кабырда жаткан Бен Алинин паракор кызматкерлеринин банктагы эсептеринде турган миллиарддаган уурдалган байлыктар жөнүндө сүйлөбөйт. О.э. ал колонизатор компаниялар тунистиктерден тартып алган байлыктарга көз жумат. Негизи, тунистиктер бүгүн ошол байлыктарга абдан муктаж. Премьер-министр эч кандай пайдасы болбогон айрым министрликтерге сарпталган каражаттарды жана укуктарды кыскартууга этибар бербейт. О.э. пайдасыз көңүл ачуучу иш-чараларга бөлүнгөн акчаларды коронавируска каршы иштетпейт. Фахфах өкмөтү ушуларды билсе да, баалардын кымбатчылыгынан улам азап тартып жаткан жумушчулардын капчыгына зулумдук менен кол салууда.

﴿وَلَا تَبْخَسُوا النَّاسَ أَشْيَاءهُمْ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ﴾

«Адамдардын нерселерин кымтып албагыла жана жерде бузгунчулук менен каңгып жүрбөгүлө!»                                                                                                                 [11:85]

Эй Тунис калкы:

Аллах Таала мамлекет адамдардын мүлкүн батыл жол менен тартып алуусун харам кылган о.э. муну зулумдук, зомбулук жана макс (бажы алымы) деп атады. Расулуллах ﷺ айтат:

«لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ صَاحِبُ مَكْسٍ»

«Макс ээси жаннатка кирбейт».

Эй Тунис калкы:

Исламий мамлекет адамдардын мүлкүн Аллах Таала буйруган жол менен гана алышы жаиз. Пайгамбарыбыз ﷺ бул жөнүндө мындай дейт:

«لَا يَحِلُّ مَالُ امْرِئٍ مُسْلِمٍ إلَّا بِطِيبِ نَفْسٍ مِنْهُ»

«Мусулмандын мүлкү ыраазычылык менен берсе гана – халал болот». Мамлекет адамдардын иштерин туура көзөмөлдөөгө о.э. аларды керектүү каражат менен камсыздоо үчүн жалпы жана мамлекеттик байлыктарды сактоого жоопкер. Эгер, мамлекет бул иштерди аткарып, кийин зилзала же эпидемия сыяктуу өзгөчө абалдарда керектүү ресурстарды таба албаса, шарият халифага бай мусулмандардан салык алууга уруксат берет. Халифа каражат табуу үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн ишке салса да байтулмалда каражат жетиштүү болбосо, байлардын акчаларын салык катары алат.

Силер өз акчаңарды ууру компаниялардан жана паракор капиталисттерден кайтарып алсаңар, бул акчалар мамлекет казынасын толтурууга жетиштүү. Ошондо салык салууга жана маяналарды кармап калууга зарылдык калбайт. Бирок, Батыш күчтөрүнө көз каранды өкмөт мындай токтомду чыгара албайт. Бул бизден маселени Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу толук чечүүбүздү талап кылат. Бул мамлекет мусулмандарды бириктирет, Аллахтын шарияты менен башкарат о.э. эпидемиянын зыянынан жана түрдүү жамандыктардан коргойт. Силер ушул аркылуу адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат болосуңар.

﴿خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ﴾

«Адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы уммат»                                                         [3:110]

Хизб-ут-Тахрирдин Тунистеги

маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here