Хизб-ут-Тахрир аза күтүп ыйлабайт, ийри сызыктын жанына түз сызыкты тартат

357
0

Басма сөз раддиясы

Хизб-ут-Тахрир аза күтүп ыйлабайт, ийри сызыктын жанына түз сызыкты тартат

 Азиз боордош Мухамад Абдуллах Яъкуб

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух

Хижрий 1441-жылы 21-шаъбан, миладий 2020-жылы 14-апрель күнү «Нан кризиси жана аза күтүп ыйлап жаткан Абу Халил» деп аталган макалаңызга раддия катары ушуларды айтабыз:

Биринчиден: Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын «Өткөөл өкмөт эски режимдин жолун ээрчип, нандын баасын кымбаттаты» деген билдирүүсүнөн цитатат келтиргениңер үчүн силерге чоң рахмат. Хизб-ут-Тахрир адамдардын тиричилигине тиешелүү турмуштук маселени көтөргөнүнө карабастан Хартумдун көпчүлүк басма сөзү кайдыгер карады.

Экинчиден: Хизб-ут-Тахрирден башка ким улуу Ислам Умматынын акыйдасынан алынган жаркын, ачык-айкын долбоорго ээ?! Ким бул улуу Уммат үчүн жакшылыкты көтөрүүдө?! Бул Уммат Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде Исламды колдонгон күндө адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат болгон. Ошондуктан, биз адамдардын турмушун жан чыдагыс тозокко айланткан батылга гана каршы күрөшөбүз. Акыйкат ар дайым батылды жеңген.

﴿وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقًا﴾

«Дагы айткын: Акыйкат келди жана батыл жоголду. Анткени, батыл – жоголуучу» [17:81]

Биз садык акыйкат имаратын курууну каалайбыз. Биз батыл мамлекеттеринин, зыянкеч мамлекеттердин урандылары үстүндө Ислам мамлекетинин имаратын курууну каалайбыз. Ал эми, режим имарат курушубузду эмес, аны бузуубузду каалайт. Себеби, режим адамдардын Роббиси тарабынан бизге жакшылык келишин каалабаган кафирлердин жолун ээрчийт. Ошондой болгон соң, кантип андан жакшылык күтүү мүмкүн?!

﴿مَا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلَا الْمُشْرِكِينَ أَنْ يُنَزَّلَ عَلَيْكُمْ مِنْ خَيْرٍ مِنْ رَبِّكُمْ وَاللَّهُ يَخْتَصُّ بِرَحْمَتِهِ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ﴾

«Ахли китептерден болгон кафирлер да, мушриктер да силерге Роббиңер тарабынан бир жакшылык түшүшүн каалашпайт. Аллах болсо жакшылыгын Өзү каалаган кишисине жекече кылып берет. Аллах улук бир фазилеттин Ээси»                                                         [2:105]

Үчүнчүдөн: Ислам жана араб дүйнөсүнүн азыркы абалында Халифалык жакын арада тикеленбейт деген сөзгө келсек, Халифалык качан тикеленишин эч ким билбейт. Бирок, биз ал жакында тикеленишине ишенебиз. Анткени, ал – Аллахтын убадасы:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдар кылгандарга, кудум мурунку өткөнкөрдү халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон динди үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушундан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар»                                                                                                           [24:55]

О.э. ал – Пайгамбарыбыздын кушкабары:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». Аллах бизден натыйжа эмес, амал жөнүндө сурайт. Халифалыкты тикелөө – аткарылышы шарт болгон фарз, ага аракет кылбоо – чоң күнөө. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Ким мойнунда байъаты болбогон абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр». Ошондуктан, биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, бүгүн Халифалык заманы келгенине ишенебиз. Бирок, Халифалык аны тикелей турган рижалдарга муктаж. Биз бир сөз менен болсо да Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткан рижалдардан болууңарды каалайбыз.

Соңку сөз: эй азиз боордош! Биз аза күтүп ыйлабайбыз, ийри сызыктын жанына түз сызыкты сызабыз.

 Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы

маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here