Экономикалык кризис менен финансылык кризистин айырмасы

403
0

Экономикалык кризис менен финансылык кризистин айырмасы

Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард долларга жетти. Ушунча карыз алынганы менен мамлекет өнүгүп кетпеди, адамдардын жашоо деңгээли да дээрлик өзгөрбөдү.

Кыргыз бийлиги пандемия шылтоосунда эл аралык уюмдардан дагы карыз ала баштады. Алынып жаткан акчалар кайра эле кумга сиңген суудай жок болуп кете берет. Себеби, мамлекетте көз карандысыз экономикалык түзүм (механизм) жок. Тышкы каржылык колдоо механизми проблеманы чече албайт. Тескерисинче, бул атайын коррупцияны өнүктүрүчү жол болуп, мында мамлекеттин ички саясаты жана экономикасы начарлай берет!

Мамлекеттин экономикасы – качан көз карандысыз өнөржайга ээ болуу менен өнүгөт. Көз карандысыз өнөржай дегени – бул мамлекет өзүнө тийиштүү оор өнөржайга ээ болушу. Башкача айтканда, мамлекет өзүнүн жеңил өнөржайы үчүн өзүндө техника, станоктор жана жарак-жабдыктарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Кыргызстан жана Өзбекстан сыяктуу агрардык мамлекеттерде мындай экономикалык механизм жок, болгон да эмес. Эл аралык саясат бул мамлекеттерде ушундай экономикалык механизм калыптанышына тиш-тырмагы менен каршылык кылат. БУУнун негизги милдеттеринин бири, дүйнөдө жетекчи мамлекеттер менен агрардык мамлекеттер ортосундагы айырманы сактап туруу. БУУ ал үчүн мына ошол экономикалык механизмди көзөмөлдөп турат.

Эгерде мамлекеттеги экономикалык механизм туура жолго коюлган болсо, анда финансылык кризис болбойт. Болсо да убактылуу көрүнүш болуп, экономика аны тез арада жөнгө салат. Ал эми экономикалык кризис, же болбосо туура механизмдин жоктугу мамлекетти финансылык кризиске алып барары анык.

Кыргызстанда туура экономикалык механизм жок. Тышкы жардам же карызга алынган акчалар проблемаларды убактылуу жөнгө салгандай болуп көрүнгөнү менен, мамлекеттин тышкы карызы көбөйө берет. Алынып жаткан карыздар, ички карыздарга, башкача айтканда  жарандарга, бюджеттеги чыгашаларга жумшалат. Бул айлампа сыяктуу жараян болуп, бийлик ар дайым ички карызды төлөө үчүн тышкарыдан карыз алууга мажбур боло берет. Өкмөт канчалык күчтүү болбосун, бул түзүм астында мамлекетти экономикалык кризистен куткара албайт.

Демек, эл аралык саясаттын дүйнөлүк саясий түзүмү астында мамлекеттин ички экономикалык механизмин тикелөө мүмкүн эмес. Жетекчи мамлекеттер буга жол беришпейт. Албетте ал үчүн мамлекет бул системадан кутулушу керек! Бул болсо башка система (мабдаъ) негизинде гана ишке ашуусу мүмкүн.

Коммунисттик мабдаъ жок болгондон кийин, дүйнөдө капитализм каршысында бир гана Ислам мабдаъсы калды. Капитализм мабдаъсы ичинде бул дүйнөлүк теңсиздиктен кутулуп, көз карандысыз экономикалык механизм куруу мүмкүн эмес!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here