Кыргызстан дагы 123 млн. доллар карыз алды

400
0

Кыргызстан дагы 123 млн. доллар карыз алды

Кыргызстан сырттан дагы 123 млн. доллар карыз алды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди. Ал бул акча кайсы каржы уюмунан келип түшкөнүн жана кайсы тармакка жумшалаарын ачыктаган жок.

Ушуну менен коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстан сырттан алып жаткан карыздын көлөмү 243 млн. долларды түздү. 31-март күнү Эл аралык Валюта Фондунан 120 млн. доллар келип түшкөн. Мындан башка дагы 250 млн доллардын тегерегиндеги каражат эл аралык уюмдардан келип түшөөрү күтүлүп жатат. Бирок, бийлик өкүлдөрү сүткордук менен алынып жаткан карыздардын кайсы тармакка жана кандай максатта жумшалып жатканы тууралуу отчёт берүүдөн карманып, система жол бербестигин шылтоо кылууда. Демек, муну менен коррупцияга баткан бийликтин айла-амалдары жашырылууда.

Түпкүлүгүндө, калкка карата мындай зулумдук үстүбүздө империалисттик саясатка негизделген капиталисттик түзүмдүн колдонулуп жатканы себептүү жетип жатат. Анткени, капитализм капиталисттердин байлыгына таянгандыктан алардын акы-укугуна өзгөчө көңүл буруп, карапайым калк жакырчылык артынан жакырчылыкка батып барышына маани бербейт. Мындай абал дүйнөлүк пандемиянын учурунда өзгөчө көзгө урунуп жатат. Маселен, Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 500 млн доллардын тегерегинде дефицитке учурашы күтүлүп, аны эл аралык уюмдардын пайыздуу карыздары менен жабат. Бирок, аталган каражаттын бир бөлүгү бийлик ээлеринин сол чөнтөгүнө сомолуп кетиши да айдан ачык. Мындай абалга аталган эл аралык уюмдар да кызыктар. Анткени, алар колониядагы мамлекетти карыз кылуудан сырткары, аны кризиске батыруу жана ачарчылык келтирип чыгарууну да максат кылат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here