Рохинжа мусулмандары индустардын жана бутпарастар колунда азап тартышууда Эмне кылуу керек, эй мусулмандар?!

351
0

Рохинжа мусулмандары индустардын жана бутпарастар колунда азап тартышууда

Эмне кылуу керек, эй мусулмандар?!

Индияда коронавирус себептүү коменданттык саат киргизилиши борбор калаа Нью-Дели менен Жамму жана Кашмир лагерлеринде жашап жаткан Аракан мусулмандарын ачарчылык коркунучуна салууда. Кайрымдуулук уюмдар коменданттык сааттан улам аракандык мусулмандарга жете албай жатышат. Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Фалестин өзүнүн сайтында жарыялаган түшүндүрмөсүндө мындай деди:

«Аракандык боордошторубуз дагы эле Аллахтын душманы болгон индустардын колунда аёосуз азап-кыйынчылыктарга кабылышууда. Алар эки оттун ортосунда калышты: кылмышкерлердин колунда өлүү же кылмышкерлер себеп болгон ачкалыктан өлүү. О.э. бул мусулмандар үчүн ыйлай турган эч ким жок, себеби, алар – мусулмандар… исламий өлкөлөрдүн акимдери аларды Аллахтын душмандары болгон индустардын колуна тапшырышты. Табигый болгондой, эл аралык коомчулук да, анын уюм жана мекемелери да алар Батыштын душманы болгон мусулман болушканы үчүн сүкүт кылышууда. Себеби, жабыр тарткандар кайрымусулмандар болушканда бүткүл Батыш мамлекеттери жапырылып, нааразылык жана каралоону баштап, аларды исламий өлкөлөрдүн акимдери да колдошконуна көп ирет күбө болгонбуз. Ооба, акимдердин малайлыгы жана Ислам бийлигинин жоктугу себептүү, биз, мусулмандардын абалына эч ким ыйлабай турган болуп калды. Эч ким үн катпагандыктан же шайтандын азгыруусуна салып коё тургандарды көрүшпөгөндүктөн колонизаторлор бизди репрессия кылууда, бизди катуу азап-кыйынчылыктарга салууда. Көптөгөн мусулман өлкөлөрүнүн акимдери Батыш үчүн итаат кылып курмандарды берип, аларга сүйүү жана достук көрсөтүшүүдө, мисалы, жакында Ватикан орун алган Италияга медициналык жардамдарды жөнөтүшкөндөй! Ислам мусулманга мусулман боордошуна жардам берүү милдетин жүктөгөн. Ушул милдет мамлектке жана кубат ээлерине дагы да көбүрөөк жүктөлгөн. Бүгүнкү күндө акимдер бул милдетти аткарууга тоскоолдук кылып жатканда Халифалыкты тикелөө үчүн дагы да көбүрөөк аракет кылуу шарт экендиги көрүнүүдө. Бул мамлекетибиз армияны бечара-мазлум мусулмандарга, Аракан мусулмандарына нусрат-жардам берүүгө сапарбар кылат.

 

Роя геити, №284, 2020-жыл, 29-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here