Казимийдин Ирак калкына берген убадалары жалган жана закымдан башка нерсе эмес

253
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Казимийдин Ирак калкына берген убадалары жалган жана закымдан башка нерсе эмес

 Устаз Абдурахман Васик

Ирактын абалын көргөн адам жаксын кармайт… Бул мамлекет ийгиликсиз мамлекеттер үчүн дагы да ийгиликсиз үлгүгө айланды. Кафир душман аны басып алды, өзүнүн баскынчы күчтөрүнө коргон катары аскерий базаларды курду, өзүнүн кызыкчылыктарын сактап калуу жана орноткон малай режимин коргоо үчүн Иракта узакка калууга чечим кылды… токой мыйзамын орнотту… бул өлкөдө мамлекет да, анын адилети да калбады. Тескерисинче, кылмышкер куралдуу топтор, арам соода көбөйгөндөн-көбөйдү, адамдарды уурдап кетүү, өлтүрүү жана жашыруун камактар… кеңири жайылды, кыйноого салынгандардын үнү жаңырды… Ушундай мамлекеттен эмнени күтүүгө болот?!

Мындан улам, ийгиликсиздик бул доордун сыпатына айланганына күмөн жок. О.э. отставкадагы премьер-министрдин альтернативасын алып келүү да мүмкүн эмес. Алавийге бир жыл ичинде шайлоолорду өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берген өткөөл өкмөт түзүү вазыйпасы жүктөгөн. Бирок, бул вазыйпа жүктөлүшү менен эле парламент спикери Мухаммад Халабусий менен Республика президенти Бархам Салих бири-бирин айыпташты жана алардын ортосунда талаш жаралды. Халабусий парламенттеги эң чоң фракциянын талапкерлигин четке какты жана Алавийдин талапкери артында турганы үчүн конституцияны бузду деп президентти айыптады. Табигый болгондой, өткөөл министр фракция жана партиялар арасындагы коррупциячыл элитанын ишенимин шексиз алат. Элита келечекте «олжого» жеткенине карап өткөөл миинстрге ишеним билдирет. Бирок, коррупцияга каршы көтөрүлгөн козголоң элитаны катуу кабатырга салды… Себеби, эгер өткөөл министр козголоңчуларды талабыңарды аткарам деп ишендире турган болсо, элита жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн жана козголоңчулар тарабынан ылайык жазаларын алышат… Алар ушундан кабатырга түшүштү. Натыйжада, элита алдамчылык менен кээ бир кимселердин талапкердигин көрсөтүүгө жана ушул аркылуу убакыттан утууга урунду, бирок, бул талапкерлер ачууланган демонстранттардын нааразылыгына учураган адамдар болгону үчүн бул элитанын пайдасына кызмат кылбады. Амирий жетектеген Элдик сапарбарлыктын саясий канаты «Фатх» блогундагы булак айтышынча, бул нерсе Абдулмахдийдин кайра дайындалышына да алып келиши мүмкүн. Ошентип, Алавий мына ушундай талаштар себептүү өткөөл премьер-министрликтен бошоого о.э. күрттөрдүн жана суннийлердин колдоосунан куру калууга мажбур болду.

Кийин вазыйпаны аягына чыгаруу үчүн өткөөл премьер-министрлик Аднан Зирфийге жүктөлдү. Зирфий таптакыр тажрыйбасыз талапкер. Себеби, ал 1991-жылдан 2003-жылдары баскынчы АКШ менен алака кылып келди, баскынчылыктан кийин Иракка кайтты жана АКШнын Ирактагы администрациясынын жетекчиси Пол Бремер тарабынан Нажафка мэр болуп дайындалды, кийин Бремер тарабынан жумуштан алынды. Паракор делген Зирфий 2018-жылдагы шайлоолордон кийин Хайдар Ибадий жетектеген «Наср» коалициясынан парламент депутаты болду. Бирок, анын да тагдыры Алавийдикинен жакшы болбоду… кээ бир чөйрөлөр тарабынан чабуулга учураса, башка чөйрөлөр тарабынан колдоп-кубатталып турду жана маселе иранчыл болошуна же ага кызмат убада кылгандар тарабына өтүшүнө байланыштуу болуп калды.

Зирфийдин ийгиликсиздиги себептүү Ирак кризиси дагы да күчөп жатат о.э. өлкөнү кризистен алып чыгууга аракет кылган өкмөттү түзүү мүмкүн болбой калды. Айрыкча, бүгүн коронавирус эпидемиясы күч алып, нефть баасы түшүп кеткенде жана ирактыктар саясий жана экономикалык реформаларды өткөрүүгө аракет кылып жатканда бул кыйын маселеге айланды. Ошондуктан Зирфий өз келечеги тосулуп калышы артынан миссияны аягына чыгаруудан чегинүүдөн башка чара таба албады. Анын чегинишинен бир нече саат өтүп президент Бархам Салих разведка башчысы Мустафа Казимийди убактылуу премьер-министр кылып дайындады о.э. саясий партиялардын келишими негизинде премьер-министрликке анын талапкерлиги алга сүрүлгөнүн маалымдады. Ушул келишимге «сакаюу жана жоопкерчиликке далил» деп баа берди. Убактылуу премьер-министрди «конституциялык мөөнөттү кыскартууга, өкмөт программасын жана тартибин мүмкүн болушунча тезирээк сунуштоого» чакырды. О.э. саясий күчтөрдү «мүмкүн болушунча тезирээк өкмөткө добуш берүү жыйынын өткөрүүгө» чакырды.

Өз кезегинде, Казимий да ирактыктардын каалоосун жана умтулуусун биринчи вазыйпа катары караган, мекендин эгемендүүлүгүн сактап, акы-укугун коргогон өкмөттү түзүүгө убада берди. «Эгемендүүлүк кызыл сызык экенин, Ирактын улуулугунан баш тартуу мүмкүн эместигин», кризистерди чечүүгө жана экономика дөңөгөлөгүн алга сүрүүгө аракет кылышын баса белгиледи. («Хурра» телеканалы). Казимий эч кандай партияга мүчө эмес. Ибадий доорунда 2016-жылы июнда Улуттук разведка кызматынын мансабын ээледи, ошондон бери ушул кызматта иштеп келүүдө. («Ал-Жазира нет»). Бирок, байкоочулардын пикиринде, Шиа блогу 2019-жылы декабрда Абдулмахдий отставка кетиши артынан Казимийге нааразы болушкан, а бирок, бул ирет Казимийге бир добуштан макулдук беришти. Себеби, бир жактан, Шиа блогу Зирфийге альтернатива көрсөтө албаганы болсо, башка жактан, Казимий өкмөтүнүн парламентте өтүшүнүн ыктымалы бар экендиги. Мындан көрүнүп тургандай, Шиа блогундагылардын позициясы эртең Казимийге карата өзгөрүп, анын курамдык бөлүгүнүн парламентке киришине каршылык кылышы да турган кеп. Бул аракеттер – Хикмат кыймылынын депутаты Асъад Муршидийдин айтымында – Абдулмахдийдин шайлоолорго чейин бийликте турушун камсыздоо максатында болууда. Себеби, бул күчтөр Абдулмахдий аркылуу чоң саясий упайларды алышкан. («Ал-Жазира нет»).

Өткөөл өкмөттү түзүү милдетин алган кишилер, алардын катарында Казимий жана ким болбосун, алардын мекен эгемендүүлүгү, кызыл сызык жана ушул сыяктуу жогорку максаттар туурасындагы убадалары таптакыр ишке ашпайт. Негизи, Ирактын абалы муну четке кагууда, себеби, Иракты душман басып алып, акы-укуктарын тебелеп, ал жерден чыгууну каалабай жатат… Ошондой болгон соң, сот коррупцияга малынган болсо, партияларга бөлүнүп кеткен болсо, ал кантип укуктарды коргойт?! Экономикага келсек, баскынчы кафир жана алардын малайлары Иракты чет эл продукцияларынын базарына айлантууга, кайсы бир кездерде муктаждыкты камсыздаган завод-фабрикаларды жабууга катуу аракет кылып жатышат. Ал тургай, биз мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды да импорт кылган абалга жеттик!

Кыскасы, Ирак калкы Хизб-ут-Тахрир сыяктуу исламий партия колдоп-кубаттаган жана бытыранды Умматты Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинде бириктире турган роббаний өкүмдарга ынтызар. Дүйнөдө Исламдан башка бир да жарактуу система калбаган азыркы учурда бул мамлекетти тикелөөнүн убагы эбак келген. Бул мамлекет Ислам өкүмдөрүн мамлекет ичинде колдонуп, даъват жана жихад аркылуу акыйда жана чечим катары бүткүл дүйнөгө жеткирет, адилет чептерин куруп, адамдардын кайгысына дабаа болот, кафирлерди жана алардын малайларын ылайыктуу жазалайт, бүктүл жер жүзүн алардын ыпластыгынан тазалайт… Бул Аллахка кыйын эмес.

 

Роя гезити, №282, 2020-жыл, 15-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here