Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал

698
0

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал

8-май күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу менен коштолгон чатактан Кыргызстандын үч чек арачысы, бир жергиликтүү тургун жараат алган. Ал эми Тажикcтандан эки адам жараат алганы кабарланды.

Кыргыз тарап кабарлагандай, эки өлкө жарандарынын ортосундагы жаңжалга буга чейин кыргызстандыктар пайдаланып келген 50 сотых жерге байланыштуу талаш себеп болгон. Натыйжада алгач эки тараптан 30-40тай адам бири-бирине таш ыргытып, кийинчерээк аңчылык мылтыктан ок атылган.

Сереп:  Кыргызстанда да, эми Тажикстанда да калк карантин режиминде. Учурда эки өлкө калкынын экономикалык абалы оор. Карантин аларды алдан тайдырды, кырдаал курчуп, адамдардын бийликке нааразылыгы күчөп барууда.

Бул өкмөттөр ар дайым өлкөдө бирер саясий абал курчуганда чек ара жаңжалын пайда кылышат. Бул аркылуу өз жарандарын чыңалып бара жаткан ички саясаттан чалгытып, согуш коркунучун пайда кылуу менен жарандардын улутчулдук туйгуларын козгомокчу болушат. Мунун натыйжасында адамдардын өлүшү же жараат алышы аларды кызыктырбайт!

Кыргызстан бийлиги өзүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн коронавирус дүрбөлөңүн узак убакыт пайдаланмакчы болууда. Бирок, элди карантин режиминде көпкө кармап тура албайт. Элдин экономикалык абалы буга жол бербейт. Ошондуктан, бийлик ыплас ыкмаларды пайдаланууга да даяр турат! Негизи, карантин  да, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал да элди чалгытуу үчүн жасалма уюштурулган ыпылас ыкмалар!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here