Капитализмде адамдын кадыры

387
0

Капитализмде адамдын кадыры

Капитализм түзүмүндө баарынан мурда экономикалык жакка көңүл бурулат. Себеби, капитализм түзүмүнүн табияты ушуну талап кылат. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан саясатта буга күбө болуп жатабыз. Айрыкча, коронавирус дүйнөнү силкинтип жаткан бир учурда мындай абал даана көрүнө баштады. Мисалы, АКШда медициналык камсыздандыруусу жана дарылануу үчүн жетиштүү каражаты болбогон адамдар ооруканаларга кабыл алынбастан көчөлөрдө өлүп жатышат. Үй-жайсыз деп аталган жарандардын көчөдө кароосуз калышына расмийлер көңүл буруп да койбоду. Европа өлкөлөрүндө, ал тургай АКШда да карылар үйүндө жүздөгөн адамдар кароосуз калып каза болушту.

Мындан тышкары, өнүккөн капиталисттик мамлекеттерде саясатчылар адам өмүрүн сактап калууга караганда компанияларды сактап калуу маанилүүрөөк экендигин белгилешүүдө. Ушундай болгон соң, дүйнөдөгү капиталист мамлекеттер экономикалык туруктуулукту элдин саламаттыгынан жана өмүрүнөн үстөм коюшу табигый көрүнүш. Алардын назарында вирустун эң чоң коркунучу адамдардын өлүмү эмес, экономикалык кризисти пайда кылышы. Алар “адамдар өлсө да, капитализм түзүмү уланышы керек” деп билишет. Эгерде экономика кыйраса капитализм түзүмү кошо кулайт. Ошондуктан, алар капиталисттик экономиканы сактап калуу үчүн жан-үрөп аракет кылышууда.

Америкада бир күндө миңдеген адам өлүп жатышына карабастан, өкмөт экономиканы калыбына келтирүү аракетин баштады. АКШнын каржы министри Стивен Тёрнер Мнучин Ак үй коронавирустун экономикага тийгизген кесепетин жоюу үчүн бир триллион доллар жумшоого даяр экендигин билдирди. АКШ президенти Дональд Трамп вирус жөнүндө сөз сүйлөгөндө негизинен адамдардын өмүрүн сактап калууга эмес, экономиканы сактап калууга көңүлдү бурду. Ал коменданттык саатты токтотууга о.э. экономиканы тикелөөгө көңүл буруу зарыл экендигин баса белгилеп, “…себеби карантиндин натыйжасында экономиканын жоготууга учуроо зыяны коронавирустун зыянынан чоңураак», “Мен АКШ мамлекетинин экономикалык жолун ачууга мажбурмун”,  деди.

Америкада жашап жаткан саясий серепчи, доктор Мехмет Чилингироглу мындай дейт: “Дональд Трамп чек араларды жана карантинди тезирээк ачууну каалайт. Ага өлгөн-өлүп калганы-калсын, экономиканы сактап калуу зарыл. А бирок, штаттардын губернаторлору мындай кыла албай жатышат, себеби алар өздөрүн жана шайлоодогу абалын ойлоп жатышат. Учурда вируска чалдыккандар арасында тандоо жана аларды бири-биринен жогору коюу адаттагы көрүнүшкө айланды т.а. Америкада саламаттыкты сактоо системасы да кулады”.

Бул абал Батыш маданиятынын шермендесин чыгарууда. Алардын адам укуктарын коргоо жана эркиндиктерди кепилдөө деген сөздөрү жасалма экендиги ачылууда.

Американын саламаттыкты сактоо системасы коронавирус каршысында оор абалда калышынын негизги себеби да камсыздандыруу компаниясы адамдардын саламаттыгынан жогору коюлушуна барып такалат. Мисалы, Америка саламаттыкты сактоо секторуна жыл сайын 3.6 триллион доллар жумшайт. Бул каражаттын негизги бөлүгү камсыздандыруу компанияларынын чөнтөгүнө түшөт. Т.а. АКШ өкмөтү саламаттыкты сактоо сыяктуу өтө маанилүү маселени жеке менчик компаниялардын колуна тапшырган жана ошол компаниялардын укугун коргоо үчүн мамлекет ал тургай мыйзамдарды да иштеп чыккан. Бул болсо, ошол үлкөн каражаттардын чоң бөлүгү түздөн-түз бир ууч капиталисттердин чөнтөгүнө түшүүсүн камсыздайт.

Демек, Батыштын коронавирус менен күрөштөгү ийгиликсиздиги байлык жана мүмкүнчүлүктөрдүн аздыгынан эмес, тескерисинче капиталисттик системада каражаттарды туура бөлүштүрүү механизми жоктугунан келип чыгууда.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, капиталисттик түзүмдө адам укугун коргоо дегенде байлардын укугу назарда тутулат. Бул түзүмдө ар дайым бай жана белгилүү топко көңүл бурулат, карапайым адамдар болсо алардын кызыкчылыктары жолунда колдонулат. Батыш дабаа кылып жаткан «адам укуктары» – бул анын жийиркеничтүү колонизатордук жүзүн жаап-жашыруу гана.

Мына ушулардан көрүнүп тургандай, Батыштын “адам укуктарын коргоо” жана “аялдардын укугун коргоо” дабаалары куру сөз жана өздөрүнүн дүйнө карашын Исламий өлкөлөргө тыгыштыруу үчүн колдонулуучу айла-амалдар болуп эсептелет. Мисалы, саламаттык да адам укуктарынын бири. Эгерде капитализмге негизделген Батыштын адам укуктарын коргоону бардыгынан жогору коёру чын болсо, ал эң алгач өз жарандарынын укуктарын коргошу керек эмес беле?

Негизи Батыштын Афганистан, Ирак, Сирия жана Жакынкы Чыгышты кылган иштери алардын адам укуктарын коргоо даабасы жасалма экендигин алда качан эле ачыктап койгон. Мисалы, капитализм “адам укуктары” жана “аялдардын укугун коргоо”  жөнүндө сүйлөп жаткан бир учурда Ирак, Афганистан, Вьетнам жана башка өлкөлөрдө миңдеген адамдарды жырткычтык менен өлтүрдү. Адамдардын көз алдында тыюу салынган куралдарды колдонуп, эң бир жийиркеничтүү террористтик кылмыштарды кылды. Жаш-кары, аял-эркек, аскерий же жайкын тургун экендигин ажыратпастан ырайымсыздык менен кыргын кылды.

Батыш «адам укуктары» баалуулугу үчүн өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарынан эч качан баш тартпайт. Себеби, капитализм мабдасы пайдапарастык фикратына негизделет. Ошондуктан, бул дүйнө капитализм чеңгелинен кутулуп, анын ордун адамзат үчүн жалаң гана жакшылык алып келүүчү Ислам түзүмү ээлегенде гана адилеттүүлүк жана ынсап эмне экендигин сезиши мүмкүн, антпесе караңгылык айлампасында жүрө берет.

А бирок, бул нерсе өзүнөн-өзү болуп кала турган иш эмес. Туура, капитализм мабдасы кулап бара жаткандыгын жана анын каршысында Ислам мабдасы боюн тикелеп келе жаткандыгын Батыш идеологдору да моюнга алышууда. Бирок, бул капитализмдин ордун Ислам эээлегендигин түшүндүрбөйт. Тескерисинче, бул иш мусулмандардан мээнет, машакат жана курмандыктарды талап кылат. Бул илахий мыйзам. Аллахтын нусраты жүзөгө чыгышы жана Ислам өкүмдөрү жашоого кайтышы үчүн албетте аң-сезимдүү аракет керек. Ушундай болгон соң, урматтуу мусулмандар, белди бекем бууп Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аң-сезимдүү, калыс мусулмандар менен жанма-жан аракет кылууга шашылгыла, ыңгайлуу учурду колдон чыгарбагыла.

إِنَّ هَذَا لَهُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ۩لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلْ الْعَامِلُونَ

«Албетте мына ушул улуу бакыттын өзү. Амал кылуучулар мына ушундай (түбөлүк бакыт) үчүн амал кылышсын[37:60-61]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here