Коронавирустан кийин: дүйнөгө стратегиялык жактан назар салуу

250
0

Коронавирустан кийин: дүйнөгө стратегиялык жактан назар салуу

 Устаз Валид Хижазий

Медициналык-илимий жактан назар салуу:

Бул – вакцинасы болбогон вирус болуп, дүйнөгө кеңири жайылды. Бул вирус дарысыз жана вакцинасыз токтотуп болбой турган мутация болгон вирус. Ал жөнүндөгү айрым маалыматтар өзгөрдү, көптөгөн дарыгерлердин жана окумуштуулардын ал жөнүндө пикирлери бири-бирине тескери келүүдө. Мисалы, жаш балдардын бул ооруга чалынбастыгы айтылган болчу, бирок анын тескериси болууда, балдар да ооруп жатат, жаштар да набыт болууда. Оору башталганда анын бир канча симптомдору байкалган, эки айдан соң дагы башка симптомдору пайда болгону айтылды. Ушуга ылайык, кичүү жаштагылар да, карылар да чалдыгып жаткан бул ооруну дабалоо мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан, жеке иммунитетти, кийин жамааттык иммунитетти пайда кылуу саясатына ыраазы болуудан башка чара жок. Медициналык-илимий назар мына ушундай.

Экономикалык жактан назар салуу:

Эгер, ахвал ушундай уланса жана коронавируска каршы көрүлүп жаткан чаралар ушул макаланы жазып жаткан убакытка чейин (2020-жыл, 1-апрель) ушул таризде калса, мисалы, аэропортторду, кургактык жана суу жолдорун жабуу сыяктуу, анда, биржада болсун, санарип экономика болсун, бүткүл дүйнө бул экономикалык кризистен да жаман ахвалга жүз тутат. Туризм жана мейманканалар секторуна келсек, ал дээрлик жабылат жана кыйрайт. Ишке түшүрүү каражаты дагы да үлкөн болот. Нефть баасы канчалык төмөндөп кеткенин көрүп жатабыз, бир баррели 20 доллардан да төмөндөп кетти. Канчадан-канча жумушчулар жумуштан бошотулду… Азыр алардын саны 5 миллиондон 20 миллионго жетиши айтылууда.

Ошондуктан, мамлекеттер «оболу мамлекет кызыкчылыгы» деп эл аралык коргоо тарапка аракет кылышат. Бул болсо, өз кезегинде, дүйнө мамлекеттеринин өз ара күрөшүүсүнө жана дүйнөдө ар дайым болуп турган проблемаларды чечүүдө кызматташуунун токтотуусуна алып келет… Кийин дүйнө кайра улуттук мекенчилдик жана жергиликтүү мамлекет заманына кайтат, кайра күрөштөр күч алып, үчүнчү дүйнөлүк согуш келип чыгат… Бул дагы 70 миллион инсан курман болот дегени. Экинчи дүйнөлүк согушта ошончо инсан өлгөн жана бул согуш 1929-жылдагы «улуу депрессиянын» акыбетинде келип чыккан.

Ушуга ылайык, дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан АКШнын «баарынан биринчи Америка» деген саясаты дүйнөнүн башка мамлекеттери менен кагылышууну, аскерий кагылышуу үчүн куралданууну күчөтүшүн түшүндүрөт деп айтууга болот. Анткени, бүгүн мамлекеттер ортосундагы күрөштөр жана экономикалык жаңжалдар бар, а түгүл, АКШ, Кытай жана Европа Союзу сыяктуу мамлекеттердин ортосунда болуп жаткандай күчөп бара жатат. Кече Саудия менен Россия ортосунда нефть баалары үстүндө күрөш башталды.

Ошондуктан, бүткүл дүйнө глобалдуу жаңжалдарга чекит коё турган т.а. дүйнөгө адилеттик орното турган мамлекетке абдан муктаж болуп калды… Өз кызыкчылыгы үчүн бүткүл дүйнөгө зомбулук кылып, дүйнө байлыктарын талабаган, калктарды кул кылбаган, жакшы жашоо укугун талап кылгандарды кыргын кылбаган мамлекет керек болууда.

Демографиялык жактан назар салуу:

Демография бул калкты үйрөнүүнү, калктын касиетин изилдөөнү түшүндүрөт. Т.а. анда калктын көлөмү, жыш жайгашуусу, таралышы, өсүшү жана курамы үйрөнүлөт. О.э. калктын сыпаттары, социалдык факторлору: т.а. өнүгүүсү, таалими, азык-түлүгү жана байлыктары да демографияга кирет. Демографияга – киреше, төрөлөө, өлүм жана инсаний өзгөрүүлөрдү аныктоого салым кошкон башка абалдарды өз ичине алган статистика. Башкача айтканда, демографиянын ар бир курамдык бөлүктөрү толук же кандайдыр бир бөлүгү, көбүрөөк толук түрдө өзгөрөт. Мисалдарды келтиребиз, өнүгүү, таалим жана азык-түлүк:

Өнүгүүнүн ар бир формасы, адамзаттын өнүгүүсү, экономика өнүгүүсү, маданият өнүгүүсү сыяктуу баары өзгөрөт. Адамзаттын өнүгүүсүнө мисал келтирсек, өз ара алыстоо жана жугуштуу оорудан коркуу деген нерсе адамзаттын өнүгүшүнө терс таасир кылат. О.э. адамзаттын өнүгүүсүнө Батыш маданияты, айрыкча, Батыштагы илманий капитализм маданияты натыйжасында терс таасир кылат, анткени анда төрөлүү көлөмү, жада калса нике куруу көлөмү да начар болуп, Европа карыган континент лакабын алды. Коронавирус оорусунан сактануу үчүн эр-катындык жана эр-катындык болбогон алакаларда өз ара алыстоо негиз кылынды.

Экономикалык өнүгүүгө келсек, бул баарына эле белгилүү болуп турат… Жумушчулар ортосундагы жакын алакалардан качуу жана этият болуу акыбети эртең эмнеге алып барышы мүмкүн?! Товар жана кызматтар жетиштүү болушуна карабастан, вирустун жайылышы алардын баасына канчалык таасир кылганын көрүп жатабыз. Андан тышкары, вирус себептүү, дезинфекция, товарларды өндүрүү жана жеткирүүдөгү кечигилүүлөр себептүү кошумча чыгашалар жаралды, дагы башка нерселер жаралышы мүмкүн болуп турат.

Таалим, маданият, спорт жана ушуларга байланыштуу тармактардагы өнүгүүгө келсек, мектептер, университеттер жана илимий изилдөө институттарында таалим токтоду… аралыктан таалим алуу негизги варианттардын бири болуп калды. Иордания таалим жана тарбия министрлиги сабактарды ушул багытта алып барууда. Маданият жана спортту өнүктүрүү да адамдарсыз алып барыла турган болот. Жакында күтүлүп жаткан бул терс өзгөрүүлөргө мисал келтирүүнү бүтүрүүдөн мурун эл аралык эксперттер көп айтып жаткан «азык-түлүк таңкыстыгы» деген маселеге токтолмокчубуз. Коменданттык саат киргизилгендиктен жана жумушчулардын өз араларынан коронавируска чалдыккандардан коркуп, бири-бирине жакын алакада болуудан сактанышы натыйжасында айыл-чарба продукцияларын өстүрүү жана азык-түлүк өндүрүүгө сезилерлик даражада терс таасир кылат. Өз кезегинде, бул азык-түлүк таңкыстыгына, товарлардын баасы көтөрүлүп кетишине алып келет, жада калса ачарчылыктар, ачтардын козголоңу, уурулук жана талап-тоноолор да жаралышы мүмкүн.

Сөзүбүдүн акырында ушуну баса белгилейбиз, капитализм түзүмү менен колонизатор демократия адамзат турмушун бардык тарабын тизгинсиз коё берген… Ошондуктан, дүйнөдө болгон, болуп жаткан бардык жамандыктардын баарына ошолор жоопкер. Эгер, дүйнөнү башкарып жаткан идея өзгөрбөсө, айрыкча, АКШ жана Батыштын негизги пайдубалы болгон жеке эркиндик сакталып калса, анда, жамандыктар мындан да көп болушу турган кеп. Биз Батыш мыйзамдарынын адамзатка бүтүндөй ылайыксыз экенин көрдүк… Мисалы, инсан менен айбандын никеленишине уруксат берүү, бузукулук жана баңгизаттарды колдонуу мыйзамдары сыяктуу.

Демек, коронавирус болсун, инсан белгилеген баалуулуктар, пикирлер жана тизгинсиз каалоолор вирусу болсун, алардан дүйнө кутулушу шарт. Анткени, бул вирустарды кемчиликтүү, кудуретсиз, башкага муктаж, ката кетирүүчү, жеп-ичүүгө муктаж, алсыз, адашкан жана илимий ийгиликтери менен текеберленген-адашкан инсан пайда кылды. Бул илимий ийгиликтер азыркы замандын натыйжасы эмес, бул инсандан миңдеген жылдар мурунку умматтардан калган ийгиликтер. Алар ойлоп тапкан мыйзам жана эрежелерди бүткүл махлукту жараткан Аллах Таала жашоонун айбандык жолунда эмес, туура жол үчүн жараткан. Улуу Аллах инсандар сыпаттап жаткан кемчиликтердин аруу.

 

Роя гезити, №2828, 2020-жыл, 15-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here