АКШнын Сириядагы саясий чечими

295
0

АКШнын Сириядагы саясий чечими

 

Устаз Насиршайх Абдулхай

Хизб-ут-Тахрирдин Сириядагы

борбордук алакалар комитетинин мүчөсү

Кресттүү орустардын учактары, карөзгөй Иран согушкерлери жана анын Ливандагы Хизби менен колдоп-кубатталган тогут Асад режиминин ар бир жырткыч чабуулу артынан БУУ трибунасында Американын «саясий чечими» жөнүндө сөздөр көбөйдү.

Бул саясий чечимден эмне максат көздөлгөн, бул пикир кайдан чыкты, анын артында ким турат, ал козголоңдун пайдасына кызмат кылабы, өлкө калкынын азап-кыйынчылыктарына жана курмандарына чекит коюп, алардын перзенттери кыргын кылынганы, үй-жайлары ойрон болгону, наристелеринин денелери чачылып майкандалганы үчүн өч алабы же Шам козголоңу жеңип чыгышынан коркуп жаткан Батыш душмандары тарабынан колдоп-кубатталган канкор режимдин пайдасына кызмат кылабы?!

Шам козголоңу башталганда Америка өз малайы Башар Асадга козголоңду токтотуп, жок кылууну буйруду. Бирок, козголоңдун кубаттуулугунан жана козголоңчулардын бекемдигинен улам Америка Шам козголоңу региондогу башка козголоңдордон айырмаланып турганын түшүндү. Андан соң, Америка ага малай, Сирия калкына душман акимдерге роль бөлүп берди. Бул акимдердин милдети – зомбулук, кыргын жана Шам калкынын үй-жайларын ойрон кылып, аларды качкынга айлантуу болду. Ал эми «дос» акимдер Американын малайы Башар режимин кулоодон сактап калуу үчүн козголоңду ооздуктоо жана козголоңчуларды максаттарынан-талаптарынан чалгытып, эрктүү чечимдерин уурдоо милдетин аткарып келди.

Козголоң башталганда эле согуш майданындагы жетекчилер жана калыс козголоңчулар басым астында калышты. Бул, Женева токтомдоруна, режим менен сүйлөшүү өткөрүү принцибине жана башка келишимдерге ыраазы болууга үндөгөн басым болду. Бул нерселерге ыраазы болуу эски режимди жана анын Шам калкын эзип келген коопсуздук жана аскерий мекемесин сактап калууга алып келет, режим мурункудай Америкага көз каранды болуп, анын таасирин коргоону камсыздайт. Бул жерде пирамиданын башындагы кимсенин калышынын же кетишинин мааниси жок. Анткени, Америка аны жеке адам катары бийликте кармап турган жок, альтернатива даяр болгучакты кармап турат, даяр болгондо шайлоо сахнасы уюштурулуп, Башар майдандан четтетилет, кудум козголоңдо жеңилгендей саналып, шайлоодон өтө албаган болот.

Козголоңчулар козголоң башталганда Башар режими менен сүйлөшүү өткөрүүнү кылмыш жана кыянат деп билишкен. Ошондуктан, козголоңдун душмандары аскерий жана моралдык күчтөрдөн пайдаланып, айла-амал жолун карманышты. Т.а. башында кыянат саналган жарашуу жана сүйлөшүү, эми, саясий тажрыйбага жана кан төгүүгө айланды!

Бул аракеттерден козголоңду ооздуктоо жана курчуп кете электе мууздап салуу көздөлдү.

Ошондуктан, Америка саясий чечимге тынбастан чакырды. Бул уу чечимдин биринчи сезону 2012-жылы «Женева-1»ден башталды, кийин Вена, Рияз, Москва, Астана жана Сочи сыяктуу сезондор болуп өттү. Сыртынан караганда ырайымдуулук, түпкүлүгүндө азап эсептелген бул чечимден козголоңду жок кылуу, канкор режимди сактап калуу, башка мамлекеттердин разведкаларынын кучагына кирген жасалма оппозицияны түзүү, Сирия конституциясына бир аз өзгөртүү киргизип, илманийлигин сактап калуу көздөлдү. Анткени, режим илманий болсо, ал Аллахтын шариатын жана Ислам башкаруусун четке сүрүп, Исламды мамлекетте колдонууга чакырган ар бир инсанга каршы күрөшөт.

Түркия Шамда козголоңубуз башталгандан тартып козголоңго каршы тил бириктирүүчүлөрдүн ийинине айланды. Исламды жек көргөн жана Шам козголоңунун жеңишинен корккон чет элдик разведка тыңчылары Түркияда чогулуп, козголоңчуларга каршы айла-амал пландашты, согушкер топтордун жетекчилерин жана таасирдүү кишилерди туура жолдон адаштыруу үчүн аларды ыплас акчалар менен сатып алуу үстүндө иштешти.

Саясий жактан алганда, Америка Түркиянын жетекчилиги астында илманий улуттук коалиция түзүүнү буйруду. Мындан козголоңго саясий түс берүү, козголоңду душманга сатып, тынчтык, жарашуу, сүйлөшүү жана жалган саясий чечим аркылуу козголоңду токтотуу көздөлгөн.

Демек, саясий делген бул чечимден козголоңду жок кылуу, элди козголоңдон айруу жана кубатын басуу максат кылынган. Алар Шам козголоңун да Мисир, Тунис, Ливия жана Ямандагы абалга салышмакчы. Бул өлкөлөрдө режим сакталып калып, айрым саясатчылар гана өзгөртүлдү, муну баарыбыз жакшы билебиз.

Ошентип, кыргын жана урандылар, жамааттардын оозун жабуу, өкмөттөр, негизинен «Инказ» өкмөтү адамдарга басым кылышы, адамдар бешене тери менен араң тапкан бир үзүм нанын да тартып алуу, салык салуу сымал… Шам калкын ушунча азап-кыйынчылыктарды салуудан көздөлгөн максат бир, ал да болсо, аларды жеңип, чөгөлөтүү, бул «саясий» чечимге ыраазы болууга мажбурлоо. Ал – «колдоочу» мамлекеттердин буйругу менен «саясий чечим» делген, түпкүлүгүндө, багынып берүү болуп эсептелген чечим.

Тогуз жылдан бери АКШ, Европа, Түркия, Россия жана Иран Сириянын келечеги «саясий чечим» деп келишет! Бирок, кандай саясий чечим туурасында ооз ачышпайт?!

Алар ниет кылган «саясий чечим» – Американын уу-заар чечимдерин Шам мусулмандарына зордоп кабыл алдыртуу. Алар муну аскерий жол менен зордоп тыгыштырышууда, учактар, замбиректер, ракеталар, орус кресттүүлөрүнүн жана Асад Нусайрилеринин чабуулдары менен ишке ашырышууда. Түрк режими саясий айла-амал кылып, согушкер топтордун курал-жарагын көзөмөлгө алууда… Ал эми, топтордун жетекчилери «колдоочу» мамлекеттер менен алака кылып, алардын буйруктарына итаат кылышууда!

Саясий чечимге кайта турган болсок, ал Коопсуздук Кеңешинин №2118 жана №2254-резолюциясына, ушул резолюцияга байланыштуу токтомдорго негизделген. Бул резолюцилардан жана токтомдордон козголоңду жок кылуу, анын артынан канкор Сирия режимине каршы ар кандай чабуулду токтотуу, өткөөл башкаруунун чараларын баштоо көздөлгөн. Бул иш-чараларга ылайык, «мейманкана» оппозициясы жана «бөлүнүп чыккандар» бул башкарууга кошулуп режим менен биргеликте өкүм жүргүзүшөт. Шенмендеси чыккан бул комитетке Башар Асад да 18 айдан бери мүчө болуп турат. Ошону менен бирге, конституция түзгөн же конституцияга оңдоп өзгөртүүлөрдү киргизген комиссия түзүлдү. Ошентип, адамдарга тынымсыз зулум кылып келген коопсуздук жана аскерий мекеменин сакталып калат, алар америкачыл эски режим тарабынан башкарылышы камсыздалат. О.э. шайлоолор сахнасы башталып, ага тогут да катышты… Бул жөнүндө 2015-жылы Жон Керри: «Башар өз талапкерлигин коёт, ал шайлоодо жеңип чыкпашы үчүн оппозиция аракет кылышы керек», – деп билдирүү берген. Баарыбызга жакшы маалым болгондой, АКШ жана БУУ бул канкор режимди моюнга алат, жада калса аны коргоп, ага мыйзамдуулук түсүн беришүүдө, тирүүлүк каражаттары менен камсыздашууда, буга Башар Жаъфарий Сириянын БУУдагы атайын өкүлү болуп турганы далил.

Табигый түрдө бул чечим козголоңду жок кылууну жана адамдарды куралсыздантып, козголоңду чектөөнү талап кылат. Түркия башкарган жана алдын ала пландалган улуттук армия канкор режимдин армиясы менен бириктирилет… Мындай шайтаний аракетти Америка сызып берген, ал эми, Түркия аны Сирияда аткарууда.

Ушуну өзгөчө баса белгилүү зарыл, биздин проблема Башар Асад гана эмес, проблема өкүм жүргүзүп жаткан режим. Бул кафир, залим жана канкор режимди бардык көрүнүштөрү менен кулатуубуз жана адамдарды анын карамүртөздүгүнөн куткаруубуз керек. Биз миллиондогон шахиддерди бергенибизден кийин эми оңдоо жана түзөтүү менен алектенебизди?! Шамдагы калыс инсандардын жүрөгү согуп турган соң, Аллахтын уруксаты менен, эч качан андай кылбайбыз!

Туура, сахна оюндары, ачыктан-ачык саткындыктар жана моюн сунуулар аркылуу көптөгөн зыяндарды тартып, региондорду колдон чыгарып жатсак да, бирок, дагы эле мүмкүнчүлүктөр бар жана нусрат потенциалдары даяр. Жүрөктөрүбүздөгү өзгөрүү жасоо умтулуусу дале турат, козголоң идеясын угар замат жанданууда. Биз бир гана нерсеге муктаж болуп турабыз, ал да болсо, укугубузду жана чечимдерибизди саткын жетекчилерден кайра тартып алуу. Алар чечимдерибизди «колдоочу» мамлекеттерге сатышты, өзүлөрү да зая кетишти жана башкаларды да зая кетиришти. Аллах бизден ыраазы болуп, нусратын берер:

﴿وَلَيَنْصُرَنَّ اللهُ مَنْ يَنْصُرُهُ إِنَّ اللهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Албетте, Аллах Өзүнө (динине) жардам бергендерди үстөм кылат. Шек-күмөнсүз Аллах күчтүү, кудуреттүү»                                                                                                   [22:40]

 

Роя гезити, №283, 2020жыл, 22-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here