Мисир калкы Коронавирус учурунда: капитализм менен Ислам ортосунда

259
0

Мисир калкы Коронавирус учурунда:

капитализм менен Ислам ортосунда

 Устаз Саид Фазл

Хизб-ут-Тахрир–Мисир вилаятынын

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Ушул күндөрдө коронавирус пандемиясы чабуул кылып жатканда капитализм түзүмүнүн жырткычтыгы жана утилитаризмге¹ негизделгени жаркын көрүнүүдө. Бул абал капитализмден көп зыян көргөн өлкөлөрүбүздө гана эмес, ушул түзүмдүн уясы болгон Батышта да байкалууда. Буга мисалдар көп, маселен, Америка Германияга бара жаткан медициналык беткаптарды карактап алды. Андан тышкары, дүйнөлүк базарда вирустан коргоочу продукцияларды аукцион аркылуу сатып алып, башка мамлекеттердин сатып алышына жол бербеди. Чехия Италияга бара жаткан медициналык беткаптарды тартып алды. Германия Австрияга бара жаткан медициналык беткаптарды ээлеп алды. (Yes-Irak). Ошентип «беткаптар үчүн күрөш» деген нерседе Батыштын бир мамлекеттен башка мамлекетке бара жаткан медициналык продукцияларга каракчылык кылышы капитализм утилитаризмге негизделгенин дагы бир жолу көрсөттү.

Биздин өлкөлөргө келсек, балээ абдан чоң. Батыш өлкөлөрүбүздүн байлыктарын ушунча талап-тоногонуна карабастан өз элине кам көрө албай, вирустан коргонууда зарыл болгон продукцияларды уурдоого мажбур болуп жатса, эми өлкөлөрүбүздүн ахвалын элесте бергиле. Өлкөлөрүбүздө мындай кризистерге жана эпидемияларга каршы күрөшүү үчүн камкор башкаруу да, түзүм да жок. Өлкөлөрүбүздөгү режимдер өз калкын таптакыр ойлошпойт жана алардан коркушпайт, бирок, алардын козголуусунан коркушат! Коопсуздук кызматынын чеңгелинен жана окторунан коркуп жаткан калктар өз өмүрүн сактап калуу үчүн козголуудан башка чараны көрбөй жатышат.

Мисир «жамааттык иммунитет» саясатын колдонууда. Мындай ахвалда өлкө калкы бир тараптан вирус, экинчи тараптан режимдин зулуму астында калды. Азырга чейин курман болгондордун санын ачыктабай жаткан бул мамлекет адамдарга акыйкатты жеткирүүгө урунган ар бир кишини фитна чыгаруу жана дүрбөлөң салуу айыбын коюп камакка алууда. Мисир мамлекети мечиттерди жаап, адамдарды жума намазынан тосту, бирок адамдарды үй-бүлө багуу үчүн коомдук транспорттордо тыгын болуп жүрүүгө мажбур кылууда, анткени аларды азык-түлүк менен камсыздабады, камсыздабайт дагы. «Ал-Жазира» тараткан кабарга ылайык, режим карантинге алынган адамдарды мейманканаларга жайгаштырып, карантин учурунда мейманканада турушканы үчүн, көрсөтүлгөн медициналык текшерүү жана дабалоо үчүн акча төлөөгө мажбур кылды! «Ал-Жазира»га мисирлик журналист Муждий Шандий айтышынча, мейманканадагы ижара акы 50 доллар болгон. Бул жагдай адамдардын катуу кыжырдануусун келтирди… Кийинчереээк режим алардын карантин төлөмдөрүн «Тахя Мисир» фонду төлөмөк болгонун айтты, кудум адамдарга камкордук көрсөтүү мамлекеттин милдети эмес, кайрымдуулук фонддорунун милдетиндей. Мисир режиминин адаты ушундай… Адамдарды «Тахя Мисир» фондуна акча которууга мажбур кылат, ошол эле учурда, мамлекет бюджетин кредиттерди алуу жана алардын проценттерин төлөө менен алек кылат. Мамлекет анын байлыктарын жана ресурстарын каалагандай талап-тоношу үчүн Батыштын жана анын компанияларынын колуна тапшырган!

Эй Кинана Мисир калкы!

Бу канкор режим силерди Робиа, Нахза, Сайна жана башка кыргындарда ырайым кылбастан өлтүрдү жана өлтүрүп келе жатат. Коронавирус режимге майдай жакты көрүнөт. Анткени, режим кече оппозицияга жана атаандаштарына ок атып, огу калбаган соң, эми силерди ушул вирус менен кырып салмакчы окшойт. Муну медициналык жардам көрсөтпөө, же бүтүндөй жардам көрсөтпөө, же болбосо акча төлөй албаганыңар үчүн медициналык жардамды баарыңарга жеткирбөө аркылуу ишке ашырмакчы. «Явмус саби» гезити маадымдашынча, адамдар коронавируска тест тапшыруудан баш тартышууда, анткени анын баасы 1000 жунайх турат. О.э. режим «адамдар биздин токтомдорубузду аткарууну каалашпады» деп өзүнүн ийгиликсиз жоопкерчилигин силерге жүктөөдө! Экинчи жактан алганда, капиталисттик Мисир мамлекети бул пандемияга каршы күрөшө албай, каражат таба албай жатат, эгер пандемия ушундай уланса, вирус мамлекет башындагыларга балээ болушу жана калктын канын соргон акча жана бизнес ээлерин тактыдан кулатышы турган кеп.

Эй Кинана жериндеги акылдуу калк, аскерлер, жетекчилер, таасирдүү кишилер!

Шек-күмөнсүз, Мисир, анын калкы жана бүткүл дүйнө үчүн бирден-бир куткаруучу – бул адамдарды туура башкара турган Ислам түзүмү. Бул түзүм байлыктардын капитализмде болгондой уурдалышын эмес, барабар бөлүштүрүлүшүн кепилдейт. О.э. дабалануу, дары-дармек жана медициналык кызматтарды камсыздандыруусуз жана жарандыксыз бекер камсыздайт, үйүндө дарыланууга мажбур болгондорго жетиштүү каражат берет. Мусулмандардын мамлекети болгон замандарда Куртуба ооруканалары ушундай кызматтарды көрсөткөн. Анткени, шариат – айрыкча, эпидемия жана кризистер учурунда – мамлекетке мына ушундай вазыйпаларды тапшырат жана халифанын жоопкерчилигине жүктөйт. Кризис адамдар үчүн Аллахтан корккон, Аллахтын ыраазылыгы үчүн аракет кылган, улуулардан мурун кичүүлөргө, байлардан мурун жакырларга, күчтүүлөрдөн мурун алсыздарга камкордук көрсөтө турган жетекчиге муктаж экенин көрсөттү. Үй-бүлөсүн таштап жихадга чыккандарга «аларды багуу менин мойнумда» деген Умарды Аллах улуу ажр менен сыйласын. Муну менен Умар розияллоху анху мамлекеттин вазыйпасы кризисте гана эмес, жай турмушта да адамдарга камкордук кылуу экенине ишара кылды. Ал жаранды Ислам жана анын өкүмү менен башкаруу менен эң жакшы жетекчи болгон. Биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, мына ушундай мамлекетти тикелөөгө чакырып жатабыз. Бул мамлекетте аким менен жаран, бай менен жакыр ортосунда айырма болбойт. Бул мамлекет бардык инсандардын иштерин башкарып, алардын динине, түсүнө, улутуна жана тайпасына карабастан, укуктарын камсыздайт. Бул мамлекет – Пайгамбарлык минхажи негизиндеги рошид Халифалык мамлекети.

Эй акылдуу инсандар!

Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздөгү режимдер олуттуу проблемага туш келишти, алар аны репрессия аркылуу чече алышпайт. Азаттык абдан-абдан жакын, бул үчүн Мисирди гана эмес, бүткүл Умматты козгоого жана аны менен биргеликте бардык кризистерге, негизинен, коронавирус кризисине каршы күрөшүүгө кудуреттүү болгон Ислам мафкурасын кабыл алышыңардын өзү жетиштүү. Хизб-ут-Тахрир бул мафкураны силерге сунуштап, аны колдонууга чакырат, ал адамдардын укугун жана адилеттүү башкаруу камсыздайт жана баарыбызга Аллахтын ыраазылыгын кепилдейт. Андыктан, Америка жана анын малайлары кече 25-январь козголоңун тизгиндеп уурдап, Ислам саясында жашоо каалоосун тартып алган, эми бүгүнкү күндөгү бул учурду канимет билгиле.

Эй Кинана өлкөсүнүн армиясындагы калыс инсандар!

Дүйнөдөгү бардык капиталисттик режимдер ушунча үлкөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болгонуна карабастан, бул кризисти жөнгө сала албай жатканда жана акыбетте кризис ушул даражада оорлошуп кеткенде о.э. коронавирус глобалдуу пандемияга айланып – Генри Киссинжер «коронавирус дүйнө системасын бүтүндөй өзгөртөт» дегендей – жер жүзүн өзгөртүшүнөн эскертип жатканда биз силерге кайрылып жатабыз. Эй калыс инсандар, бул үлкөн мүмкүнчүлүк. Анткени, колу-буту кишенделип келген Уммат алдында бүгүн кишендерди талкалоо мүмкүнчүлүгү турат. Аллах Батышты өзү менен алек кылып койду, анын өлкөлөрүбүздөгү малайлары да ушундай ахвалда болушу мүмкүн. Бул болсо, жоопкерчилигибизге үлкөн вазыйпаны жүктөөдө. Умматка нусрат-жардам берүү аскерийлерге байланыштуу. Силердин жардамыңарга ынтызар болуп турган жана жүрөгүңөрдөгү изгиликтен үмүт кылып жаткан көздөрдү жардамсыз калтырбагыла. Бушаймандык жардам бербей турган күн келишинен мурун Аллах силерде көрүүнү каалаган нерсени көрсөткүлө. Мүмкүн, Аллах силердин колуңар менен нусрат берип, Мисирге жана Умматка, бүткүл адамзатка жакшылыкты тартуу кылар, мүмкүн, силердин колуңар менен капитализмден жана анын жырткычтыгынан куткарып, Халифалыкты тикелөөбүзгө жеткирер. Халифалык изгиликти инсанга гана эмес, бак-дарак жана тоо-ташка жаадырып, чынчылдык менен башкарат. Мына ушулардын баары Кыямат күнүндө Аллахтын алдында силердин амал таразаңарга коюлат… Маша Аллах, ушул мамлекетти тикелеген жана ансорийлерден болгон кишилер кандай гана бактылуу. Аллахым, ал күндү бизге жакын кыл жана бизди Халифалыктын аскерлерине жана шахиддерине айланткын.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла»                                                                             [8:24]

¹ Утилитаризм – пайданы ахлактын негизи жана инсандын аракетинин өлчөөсү кылат, 19-кылымда Британияда чыккан.

 

Роя гезити, №282, 2020жыл, 15-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here