Мэриянын коронавирустан акча иштеп калуу аракети нааразылык жаратууда

233
0

Мэриянын коронавирустан акча иштеп калуу аракети нааразылык жаратууда

Бишкек мэриясы 11-майда өзгөчө абал режими алынгандан кийин да автомашиналардын жана адамдардын жол кыймылына айрым чектөөлөрдү калтырууну көздөп жатат. Бул тууралуу 4-майда онлайн брифингде шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, шаар аймагына кирүүнү каалагандар өткөрмө кагаз менен кошо коронавируска анализ (экспресс-тест же ПЦР) тапшырганы тууралуу аныктама көрсөтүшү зарыл болот. Эгер зарыл болсо райондук акимчиликтер санитардык пост орнотуп, коронавирус табылгандарды жана ооруп калгандар менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин жүргүзүшөт.

Аталган тесттен өтүү акысы 2000 сом экени маалым. Мындан улам, мэриянын аракетинен калктын жон терисинен акча иштеп калуу көздөлүп жатканы айтылып, калк ичинде катуу нааразылыкка себеп болууда.

Буга чейин өкмөттүн сырттан алынган каражаттардын отчетун берүүдөн баш тартуусу дагы коомчулукта нааразылык жараткан. Мындай аракеттер коомчулуктун саясий пикиринин өсүп баруусунан кабар берет. Албетте коомдук пикир бийликти эсептешүүгө мажбур кылат. Андыктан, калк тарабынан эсеп-китеп болуусу керек. Калктын саясатка аралашуусу мына ушуну менен болот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here