Убактылуу өкмөт эски режим жолун ээрчип, нандын баасын дагы кымбаттатты

330
1

Басма сөз баянаты

Убактылуу өкмөт эски режим жолун ээрчип, нандын баасын дагы кымбаттатты

Хартум валийи, генерал лейтенант Ахмад Абидун Хартум вилаятынын өкмөтү нан жеткирип берүү жана нан өндүрүүнүн туруктуулугун камсыздоо үчүн жол издеп жатканын кабарлады. Кийин 40-45 гр нан бир жунайхка, 80-90 гр нан эки жунайхка сатыла турган болду. О.э. нан өндүргөн ишканалар келишилген салмакты жана бааны бекем карманышы шарт экендиги айтылды.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын мүчөлөрү, өкмөт чыныгы чечимди издебестен, ар кандай жолго барып жатканын ырастаган бул кабарларга карата ушуларды баса белгилейбиз:

Биринчиден: эски режимдин доорунда 70 гр нан үчүн бир жунайх баа белгиленген. Кийин Инказ өкмөтүнүн соңку күндөрүндө бул салмак 50 граммга түшүрүлдү.

Экинчиден: өткөөл өкмөт нандын салмагы азайып жатканына этибар бербеди жана бир даана нандын салмагы 30 граммга чейин түштү. Бирок, ошол нанды да табуу кыйын болууда.

Үчүнчүдөн: нан өндүргөн ишкана ээлери нандын салмагын көбөйтүп, баасын эки жунайх кылып белгилөөнү катуу талап кылышты, себеби, учурдагы баа өндүрүүнүн чыгашасын жаппайт дешти. Адамдар тартышуулар жана жасалма кризистерден кийин жаңы баага ыраазы болушту. Кала берсе, өкмөт да бир нандын баасы эки жунайх болушуна ыраазы болду. Өкмөт эки түрдүү баа жана эки түрдүү салмак деген жалган менен адамдарды алдады. Түпкүлүгүндө, эч кандай өзгөрүү болбоду.

Төртүнчүлдөн: эски өкмөт сыяктуу адамдарды алдоо үчүн нандын көлөмү биринчи күндөрдө мурунку көлөмүнөн чоң болушу мүмкүн. Бирок, көп узабай бүгүнкү салмакка түшөт, баасы эки жунайх болуп кала берет. Ошентип, өкмөт эч кандай расмий жарыясыз нандын баасын эки эсеге кымбаттатат.

Эл каршы чыгып, козголоң кылган т.а. сүткордук менен мамиле кылган Эл аралык валюта фондунун сунуштарына таянган саясатына каршы козголоң кылган эски өкмөт менен азыркы өткөөл өкмөттүн ортосунда айырма жок. Алар бир тыйындын эки тарабы. Себеби, алар кризистерди чечүүдө салыктарга таянат, өндүрүштү ач көз капитализмдин пайдасына шал кылышат жана адамдардын иштерине таптакыр алакасы болбогон залим капиталисттик түзүмгө таянат. Учурда өкмөт «Азаттык жана өзгөртүү күчтөрүнү» нанга же башкаларга болгон колдоо токтотулбайт деп эки жүздүүлүк кылууда. Өкмөт адамдарды жакырларга айлантышына карабастан, Эл аралык валюта фондунун сунуштарын аткарып жатканы акимдер колонизаторлордун өкүлү экенин тастыктоодо.

Албетте Ислам түзүмү т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык гана адамдардын иштерин башкарууга о.э. коопсуз, кадыржам жана жакшы жашоону жүзөгө чыгарууга кудуреттүү. Бул мамлекет өз чечимдерин ааламдар Роббисинин Китебинен жана азиз Пайгамбарынын хидаятынан алат.

Эй Судан калкы Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылгыла, ошондо тынымсыз пайда болуп жаткан кризистерден чыгасыңар, Роббиңерди ыраазы кыласыңар жана жашооңор жакшырат.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге чакырганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгүнүн ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»           [8:24]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы маалымат бөлүмү

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here