Америка Яманда Ихван жамааты аркылуу Түркияны ишке салып жатабы?!

323
0

Америка Яманда Ихван жамааты аркылуу Түркияны ишке салып жатабы?!

 Устаз Абдуллах казы – Яман

Түркия ихванчылардын союздашы Хизбул Ислахты Яманда проблемаларды чыгарууга үндөө аркылуу өлкөдөгү кризисти күчөтүүгө урунуп жаткан көрүнөт. Мисалы, жакында активисттердин бири Таваккул Карман Араб мамлекеттеринин коалициясына каршы бириккен аскерий командачылык түзүүгө чакырды. Ихванул Муслимин жетекчилеринин бири жана Түркия жарандыгына ээ бул аял Истамбулда «Согуштан кийинки Яман… келечек» деген конференция уюштурду. Басма сөз кабарларына ылайык, Катар мамлекети «Таваккул Карман мекемеси» аркылуу конференция үчүн чоң каражат берген. Араб мамлекеттеринен келген ихванчылардын жетекчилери катышкан конференцияда Карман ачылыш сөздү сүйлөп «тышкы өкүлдүккө» каршы жаңы ыңкылап кылууга чакырды. Ал тышкы өкүлдүктү «укуктук көз карандылык» деп атады. Ихванчылардын жетекчилеринен болгон Карман Яман түштүк өткөөл кеңешине, элита күчтөрүнө жана Тарик Аффаш күчтөрүнө асылып, аларды Араб мамлекеттери коалициясынын жетекчилерине малайлык кылышат деп айыптады, бирок, Хусийлер жөнүндө ооз ачкан жок. «Таваккул Карман мекемесинин» аткаруучу директору Миск Жанид баса белгилешинче, конференциянын үч жыйынында ушул маселелер талкууланган: Биринчи, Ямандагы согуштан кийинки абал; экинчи, бул күрөштүн болжолдуу аякташын эсепке алып белгилене турган мамлекеттин формасы жана башкаруу түзүмү; үчүнчү, Ямандагы регионалдык жана эл аралык күчтөрдүн согуштан кийинки тагдыры; төртүнчү, согуштан кийинки баштапкы вазыйпалар.

Ихванчылардын Араб мамлекеттери коалициясына каршы тарапка өзгөргөнүнө себеп – Американын каалоосу. Учурда Америка Эрдаган Түркиясынын колу менен Бабулмандабды көзөмөлгө алууну каалап жатат. Америка Британиянын алсыздыгынан о.э. Европа Союзунан чыгып ички проблемалар менен алек болуп калганынан пайдаланып калмакчы. Айрыкча, Түркиянын Сомалиге аскерий аралашуусу ушул миссияны аткарууну жеңилдетиши мүмкүн. Бул үчүн Хизбул Ислах жетекчилери Түркиядан Яманга аралашууну талап кылуусу күтүлүүдө. Дал Ливиядагы сценарий кайталанышы мүмкүн. Жавф жана Маъраб шаарларында Хизбул Ислахты басым алуудан максат – Түркиянын аралашуусун талап кылууга басым өткөрүү. Араб мамлекеттери коалициясы «мыйзамдуу» делип жаткан өкмөттү колдоп-кубаттоосу олуттуу эместиги жана пайда келтирбей жатканы айтылууда. «Ахвал Туркия» сайтында Араб коалициясын провокация кылуу үчүн Ихван жамаатына тарапкер бир катар ямандык саясий жетекчилерге Хусийлер менен жакындашууга көрсөтмө берилгени кабарланды.

Саудия самолёттору «мыйзамдуу өкмөттүн» күчтөрүнө соккуларды жолдошу о.э. Хадида шаарына бара жаткан Хадий күчтөрүнө тоскоолдук  кылып, Тааз вилаятындагы калган жерлерди азат кылууга аракет кылышы… ушуга далалат кылууда – Америка Түндүк райондорду Хусийлер үчүн ачып, тазалап бермекчи.

Түштүк райондордо жайгашкан Саудия күчтөрү америкачыл Хасан Баум кыймылын колдоп-кубаттай албады. Ушул себептен улам, кийинки вазыйпа Түркияга берилиши мүмкүн. Түркия Хизбул Ислахтагы америкачылдар менен Түштүк райондордогу өткөөл кеңешке каршы күрөшөт. Муну менен бирге, Америка ушул Хизбдеги британиячылдарды бастырууга аракет кылып жатат. Ансыз да алар бир тараптан Хусийлер, экинчи тараптан түрк күчтөрүнүн кысымы астында калды. Мындан улам, ушул Хизбдеги британиячылдар өздөрү айтышкан эки жамандын жеңилин тандоогу мажбур болушууда.

Түркия Ихванчылардын пайдасына Яманга аралашуусунун белгилери байкалганына көп болбогон. Мисалы, ямандык саясатчылар Анкараны 2011-жылы көп өлчөмдө курал-жарактарды көмүскө жол менен алып келген деп айыпташты. Ушул куралдар саясий жана коопсуздук кызматкерлеринин көпчүлүгүнүн өмүрүнө кол салууда колдонулган деп айтылууда. Лондондо чыккан «Араб» гезити убагында түрк тыңчылары Яманга кирип алышып ал жердеги түрктөр активдешкен деп жазган. Гезит кабарлагандай, түрктөрдүн активдүүлүгүн түрк тыңчылары Яман чыгышындагы Махра вилаятындагы жол аркылуу азат кылынган кээ бир вилаяттарга гуманитардык жардам комитети чүмбөтү астында барышканынан байкоого болот. О.э. Түркиянын Истамбул шаарындагы телеканалдарда Саудия жетектеген Араб коалициясына каршы саясий жана үгүт иштери жүргүзүлдү. Бул нерселер Америка Ямандагы өз малайларынын вазыйпаларын өзгөртүү планын жүзөгө чыгарып жатканын көрсөтүүдө. О.э. бул гезитте Анкара Тегеран менен жакындашуусу артынан Хусий жетекчилерин кабыл алганы айтылган. Түркия жетекчилери бир жылдай мурун Түркиянын бир нече шаарларында алгачкы ирет Хусийлерди колдогон демонстрацияларды уюштурушту. Бул окуялар Анкаранын позициясында да чоң өзгөрүү болгонуна далалат кылууда. Себеби, мурда Анкара расмий Яман өкмөтүн колдоп келген. Яман транспорт министри Салих Жабваний Түркияга расмий сапар жасап, түрк өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Яман порттору жана аэропортторунун башкаруусу боюнча эки тараптуу келишимге кол койгону каршы реакцияларды пайда кылган. Натыйжада, Яман өкмөтү келишимди танууга мажбур болду жана бул келишим өкмөттүн көз карашын туюнтпайт деп билдирүү берди.

2020-жылдын башынан бери Ямандагы согуштун аскерий картасында күтүлбөгөн өзгөрүү жүз берүүдө. Хусийлер борбор Санъанын чыгышындагы Ним районуна т.а. согушта эң маанилүү фронт катары каралган районго чабуул кылышты, аба жардамы токтогон убакта Маъраб жана Жавф тарапта ийгиликтерге жетишип, Хадий күчтөрүн чыгып кетүүгө мажбур кылышты, Хадий күчтөрү чыгып бара жатып калтырып кеткен техникаларды олжо кылып алышты. Мындан Америка таасири улам күчөп жатканы, анын тушунда Британия таасири басаңдап жатканы ачык-айкын көрүнүп турат.

Өкүнүчтүүсү, мусулман өлкөлөрүнүн акимдери кафир Батышка корлорчо итаат кылып жатышат, армияларыбыз болсо бул саткын акимдердин буйруктарына итаат кылып жатышат. Эрдаган Түркиясы Американын пландарын аткарууда башка мусулман акимдеринен, мисалы, Иран, Нажд, Хижаз акимдеринен жана Мисир Сисийинен айырмаланбайт.

Биз Түркиядагы калкыбызга ушуну эске салабыз, Усманий Халифалык мамлекети менен бүгүнкү Эрдаган Түркиясынын ортосунда чоң айырма бар. Кафир Батыш хижрий 1342-жылы 28-ражаб айында кулаткан Усманийлер мамлекетинин армиясы Яманга анын калкынын талабы менен келип, ямандыктардын жана мусулмандардын жерлерин Португалиядан коргоп согушту. Ал эми, Эрдаган Түркиясы Шамда жана Ливияда америкалыктарга кызмат кылып жатат. Андыктан, Усманийлер менен Эрдагандын ортосунда үлкөн айырма бар!

Ямандагы соңку окуялар ушуну көрсөтүүдө – Ямандын бир бүтүн калкы ортосунда чыгарылган бул согуш узакка созулушу мүмкүн. Кафирлер бул согушта мусулмандар Исламды аң-сезимдүү түшүнбөстүктөрүнөн пайдаланышты. Негизи, Ислам алардын бири-бирине каршы согушуусун арам кылган. О.э. бул согушта душман Батыш малай мусулман акимдери аркылуу анын буйругуна моюн сунган күчтөрдү Яман калкына зордукчул кылды. Акимдер болсо аларды тактыда кармап турган жана Умматтын душманы болуп эсептелген кафир кожоюндарына кызмат кылуу үчүн өз тактыларын ойлогондон башканы билбейт. Уммат Исламды аң-сезимдүү түшүнүп жетмейин өз чечимине ээ боло албайт. Ислам биримдикке, ага-иниликке, душманга каршы күрөшүп, ыйык жайларды азат кылууга буйрууда. Бул нерсе Хизб-ут-Тахрир тикелөөгө аракет кылып жаткан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинде гана ишке ашат. Ошондуктан, Уммат Хизб менен биргеликте Халифалыкты тикелөөгө аракет кылышы шарт.

 Роя гезити, №279, 2020-жыл, 25-март.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here