OXFAM: Коронавирус пандемиясы себептүү 500 миллион адам жакырчылык сазына батышы мүмкүн

58
0

OXFAM: Коронавирус пандемиясы себептүү 500 миллион адам жакырчылык сазына батышы мүмкүн

«Оксфам» уюму пандемия кесепетинен 500 миллион адам жакырчылык сазына батышы ыктымал экенин белгилеп, бакубат өлкөлөрдүн лидерлерин комплекстүү куткаруу жагынан чара көрүүгө чакырды.

Аталган уюм 9-апрелдеги баяндамасында кризис шартында бай өлкөлөр өз экономикасын колдоого триллиондогон доллар чыгара аларын көрсөтүшкөнүн, ушундай эле көмөктү жакыр өлкөлөргө да уюштуруу зарыл болорун жазды.

«БУУөнүгүп келе жаткан мамлекеттерди пандемия учурунда колдоо үчүн керек болорун айтып жаткан 2,5 триллион доллардан тышкары, бакубат өлкөлөр кошумча 500 миллиард доллар бөлүшү керек болот”, — деп айтылат “Oxfam” уюмунун баяндамасында.

Кийинки аптада Эл аралык валюта фондунун, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жана Чоң жыйырмалыкка мүчө мамлекеттердин финансы министрлери жолугушат.

О.э. “Oxfam” быйыл глобалдык жакырчылык 1990-жылдагыдан да да жогорулашы ыктымал экендигин белгилеп, саясий жетекчилерди мунун алдын алуу үчүн тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.

Сереп:  Капитализмдин кыйроосу анык. Дүйнө жүзү глобалдашкан капиталисттик башкаруу системасына негизделген. Капитализмде болсо, каржы, сырьё жана бардык кызмат көрсөтүү тармактары бир нече капиталисттин колуна топтолуп калат. Дүйнөдө ресурстар чектелген, бирок алар адамзат дагы он эсеге көбөйсө да – эгерде туура бөлүштүрүлсө – кеңири жетет.

Бирок, дүйнөдөгү сырьё жана товарлардын көлөмү адамдардын жогорку муктаждыктарын кандыра албайт. Капитализм башкаруу системасында ресурстарды адамдар арасында бөлүштүрүү механизми ката. Аларда, бөлүштүрүү “базар экономикасына” таштап коюлуп, мамлекет мүлк эркиндигин коргоодон гана жоопкер. Натыйжада адамдар арасында алардын негизги муктаждыктарын кандырууда туура эмес бөлүштүрүү пайда болот. Бир топ адамдар алгач бардык ресурстарды, андан соң, адамдар эмгегинин натыйжасы болгон бардык тейлөө тармактарын ээлеп алышат. Натыйжада социалдык теңсиздик пайда болуп, адамдар катмарларга бөлүнүшөт. Батыш дүйнөсү менен Жакынкы Чыгыш качкындары ортосунда даана көрүнүп калган проблемалар бул пикирибизге далил болот. Капиталисттер дүйнөлүк карантинден көздөгөн максаттарынын дагы бири – үчүнчү дүйнө мамлекеттери менен өздөрүнүн ортсундагы айырманы бекемдеп алуу. Эл аралык уюмдар аркылуу үчүнчү дүйнө (агрардык) мамлекеттери алдындагы милдеттенмелеринен кутулуп алуу. 

Социалдык катмарлар ортосундагы ажырым чоңоюп бара бериши натыйжасында аймактар аралык теңсиздик, ич ара кек-душмандык күчөп барат жана убагы келгенде жарылат. (Капитализмде Исламдагы зекет, мурас сыяктуу мал-дүйнө бир жерде топтолуп калышынын алдын алуучу механизм жок!)

  Капитализм башкаруу системасы табиятында бар болгон жогорудагы терс акыбеттерди, коронавирусту пандемия деп жарыялап, эл аралык саясатты кайрадан калыптандыруу. Мында дүйнө калкынын миллиарддаганы жакырчылыкка батуусу аларды кыпындай да кызыктырбайт. Тескерисинче, жакырчылыгыбыз дүйнөлүк системага, эл аралык уюмдарга жана жетекчи мамлекеттерге көзкарандлыгыбызды бекемдейт.

Кээ бирөөлөр, “жетечи мамлекеттер да зыян тартып жатышат го” деп айтышы мүмкүн. Кризис каржылык жетишпестиктен келип чыккан жок. Тескерисинче, дүйнөлүк капитализм башкаруу системасынын ач көз табиятынан, эл аралык саясаттын дүйнөнү экономикалык колония кылуу негизиндеги саясий кызыкчылыктарынан келип чыгууда. Дүйнөлүк башкаруу системасы дүйнөдөгү мамлекеттердин жашоо деңгээлин төмөндөтүү менен алардын дүйнөлүк системага көз карандылыгын бекемдеп алмакчы болууда.

Абдураззак Муъмин.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here